18-ноябрь күнү АКИпресс маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин тергөө иштери боюнча орунбасары Бегалиддин Пирманов Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка кыштагындагы “Розалин” деген мечиттен ажыга кете турган чет өлкөлүктөрдүн паспорттору кармалгандыгын жарыя кылды:
- Орусиянын Шамахмедов, Баев, Тажикстандын Исаков деген жарандары бизге арыз менен кайрылышып, аларды Исаков Илхом деген киши Кыргызстан аркылуу Саударабстанга ажылыкка алпарам деп ар биринен 3000 америка долларын алып, Бишкекке апкелгендигин жазышкан. Операциянын жүрүшүндө 48 кишинин паспорту колго түшүрүлдү. Бешөө орусиялык тажиктер, калгандары тажикстандыктар. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Албетте, эң биринчи кезекте тажикстандык жана орусиялык тажиктердин паспорттору эмне үчүн Кыргызстанга алынып келинди жана ал паспортторго виза кайсыл жактан алынып кадалды деген суроо чыгат. Маалымат жыйынына катышкан укук коргоочу Абдулла Юсупов өз божомолун ортого салды. Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстандан ажыга 2500дөй гана киши кеткен. Дагы 2500дөй паспортту – ажыга барбаган эле кишилердикин чогултуп, аларга Саударабстандан келген консулдук кызматкер виза чаптаган да, анан ал кеткенден кийин тиги визаларды уюштуруучулар паспорттордон чыгарып, чет өлкөлүктөргө сатышкан.
Мындай айыптоолордон кийин биз Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жумановго байланышка чыктык. Ал оболу кыргызстандагы ажылыктын уюштурулушунан кабар берди. Айтууга караганда, Кыргызстанга келген Саударабстандын консулдук кызматкери кыргызстандыктарга гана виза ачкан. Башка өлкө жарандарына виза ачылган эмес. 4872 Кыргызстан жаранына виза ачылып, алардын баары жакынкы күндөрдө ажыга сапар алган.
Мураталы-ажы Жуманов укук коргоочу Абдулла Юсуповдун дооматтарына карата өз пикирин да билдирди:
- Анын ажылыкты уюштуруу боюнча эч кандай маалыматы жок. Кыргызстандыктардын паспортторуна чапталган визаны сыйрып алып – чет өлкөлүктөрдүн паспортторуна чаптаган, визаларды саткан дегени – чындыкка дегеле коошпойт. Виза номуру, паспорт номуру, жарандын аты-жөнү башка-башка болуп калбайбы анда. Укук коргоо органдары эгер ошондойлорду кармаса жасагандардын жазасын дароо колуна бериши керек!
Анткен менен чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстан аркылуу ажыга кетүү аракеттери башка көрсөтмөлөрдөн да байкалууда дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин тергөө иштери боюнча орунбасары Бегалиддин Пирманов. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Өзбекстандын жарандары Хамракулов менен Ахмедов да арыз менен кайрылган. Арызда Рашатхан аттуу жигит аларды Кыргызстан аркылуу ажыга жөнөтөм деп Ош облусунун Кара-Суу районунда паспорт топтоп, ар бир кишиден 1700 доллардан алгандыгы, кийин Бишкекке келип, башка кишилерден 1450 доллардан алгандыгы, анан изин жашырып качып кеткендиги жазылган. Алар да изилденүүдө.
Ажылыкка байланыштуу ызы-чуулар дагы улана берет шекилдүү.
Чет өлкөлүктөр Кыргызстан аркылуу ажыга барышмакпы?

Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандан ажыга жөнөй турган чет өлкөлүк кырк сегиз жарандын паспорту кармалды.