Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Дааватка кимдер даап барыш керек?


Кыргызстанда дааватчылар ислам динине элди үгүттөп жатабы же ислам дининин эл арасында кадырын кетирип жатабы? Бул суроо соңку кезде кырынан коюлууда.

Бейшемби күнү ЕККУ өкүлчүлүгү менен бирдикте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өткөргөн тегерек үстөл жыйынында дагы дааватчылык маселеси сөзгө алынып, анда Каныбек Осмоналиев Кыргызстандагы дааватчылар болгону төрт эле шартты аткарып койсо маселе кыйла ордуна келип каларын эскертти:

- Биринчиден, ата-энесинин, аялынын, балдарынын уруксаты менен дааватка чыгышса. Экинчиден, өзүнүн диний сабаттуулугун муфтияттан же казияттан текшертип алышса. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдарынын кандайдыр бир кара тизмесинде жокпу, аны тактап алышса. Төртүнчүдөн, кийген кийими, сакал-неси, тазалыгы элдин кыжырын келтирбейби, ушул жагын караса...

Мамлекет, Каныбек Осмоналиевдин белгилешинче, даават маселесине эч качан тыюу салбайт. Бирок дааватчылык боюнча кабыл алынган жобонун жогорудагыдай талаптары аткарылууга тийиш.

Кыргызстандагы ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан Камалиддиндин айтуусу боюнча, дааватчылыкта чаташа турган деле эч нерсе жок, баарысы Куранда көрсөтүлгөн. Алла-Тааланын жолуна жагымдуу сөздөр менен, жагымдуу кебете-кешпир менен чакыргыла дейт. Бизде, тескерисинче, кечээ эле арак ичип мас болуп, ар кыл жаман иштерге барып жүргөндөр дааватка чыгышып, элди исламга үндөмөк тургай, качырып жатышат.

Ал эми кези менен дааватка чыгып жүргөн Бишкек шаарынын тургуну Жапар Элебаевдин пикиринде, соңку жылдары муфтияттын көзөмөлдөөсү менен даават иштери кыйла эле талаптагыдай болуп калды, бирок намаз окубагандар менен башка диндин таасириндегилер ага карабай дааватчылыкты чоң маселе кылып көтөрүшүүдө:

- Кыргызстанда жакшы иштеп жаткан жетекчилерди канчалары сындап атат. Даават иштерине да кудум ошондой мамиле... Дааватчылыкты токтотуш үчүн чет мамлекеттерден акча алып иштеп аткандар да бар экендигин айтып коёлу.

Ал эми техника илимдеринин доктору Маматкадыр Ашыралиев исламдын чыныгы жүзүн элге-журтка туура көрсөткөн механизм, система иштемейинче ислам боюнча да, дааватчылык боюнча да талаш-тартыш күчөй берет деп эсептейт.

Дааватчылыкты жолго коюу боюнча атайын жобо муфтиятта ушул жылдын февраль айында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG