Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Катаал жаза суралды


Кара-Суу райондук милициянын башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусун мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген 10 айыпкердин сегизине өмүр бою абак жазасы суралды.

Июндагы тополоңдо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кара-Суу милициясынын башчысы, полковник Адылбек Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевдин иши боюнча 21-октябрда Ош шаарында өткөн бешинчи соттук отурумунда тараптардын акыркы жарыш сөздөрү угулду. Мамлекеттик айыптоочулар сот төрагасынан соттолуп жаткандарга эң катаал жаза берүүнү өтүндү.

Прокурор Калмамат Бекташевдин өтүнүчүнө ылайык, 10 айыпкердин сегизине өмүр бою абак жазасы суралды. Алар Азиз Таширов, Дилшад Ахроров, Абдилазиз Азимов, Фахридин Ашуров, Мирзахид Салиев, Хасанбай Талипов, Бахадыр Жороев, Шахбоз Абдуллажанов. Ал эми эки айыпкерге Мирадил Кочкоровго 12 жыл, Улукбек Расуловго 8 жыл камакка кесүү суралды.

Бирок жарыш сөзгө чыккан жабырлануучу тараптын өкүлдөрү мыкаачылык менен кылмыш ишине баргандарга өмүр бою түрмөгө отургузуу кыйла жеңилдик кылат деп айтышты.

Өз кезегинде жарыш сөзгө чыккан айыпкер Мирзахид Салиевдин жактоочусу Таир Асанов тергөө иштерин жана соттук жараянды сталиндик мезгилге теңеп, айыпкерлерге алдын ала күнөөлөр күч менен таңууланганын ачыктады.

Прокурор өмүр бою жаза абакка кесилсин деп сурап жаткан айыпкер Шахбоз Абдуллажанов соттогу акыркы сөзүндө киши өлтүрүүгө таптакыр тиешеси жок экенин айтып, жада калса кайра тергөө иштерине жадам бере турганын билдирди:

- Мен жок жерден айтып жаткан жокмун. Эгер кааласаңыздар эксперимент кылып көрөлү. Мен жыйырма метр алыстан эле карап тургам. Азыр чыгып жыйырма метр жерден таш менен уруп көрөлү. Кандай тиет экен? Же деги тиеби өзү? Мен билгенимди, көргөнүмдү айтып бербедимби сиздерге.

Эки кишини мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген 10 адамдын үстүнөн сот жараянынын жыйынтыктоочу отуруму 29-октябрга калды.

13-июнда Нариман айылына элди тынчтандыруу максатында барган Кара-Суу районунун милиция башчысы А.Султановдун денеси өрттөлгөн, анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевдин денеси башы жок абалда табылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык июнь окуялары боюнча төрт жарым миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү делип 268 киши убактылуу кармоо жайында жатат. Алардын арасында эки улуттун тең өкүлдөрү бар.

XS
SM
MD
LG