Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Т. Исмаилова кызматтан баш тартты


Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

Убактылуу өкмөт дайындаган БШК төрайымы Төлөйкан Исмаилова 23-апрелде кызматынан баш тартып, ага шайлооком мүчөлөрүн дайындоо мыйзам негизинде жүрбөгөнү, айрымдар эмитен оозеки көрсөтмө берүүгө өтүшү себеп болгонун билдирди.


Эски обон, жаңы аткаруучулар

Саясий партиялардан жети, бейөкмөт уюмдардан деле ошончо, анан да Улуттар уюмунун алты өкүлүнөн куралчу Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы отурумунда Кыргызстан мыйзамдарына кайчы келер жагдай катары БШК мүчөсү Г.Скрипкина мына буларды билдирди.

- Бириккен улуттар уюмунан алты өкүл киргизилери белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы кеңешип, бул Конституция нормаларына кайчы келет деген бүтүмгө келди. Анан Шайлоо кодексинин талаптары бузулду. Чет эл жарандары Кыргызстандын такай иштечү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары кирүүгө акысы жок. Анын декретке кандай негизде кошулуп калганы да ырасталган эмес.

Улуттар уюмунан кошулчу алты өкүлдөн тышкары саясий партия менен бейөкмөт уюмдар БШК мүчөлүгүнө өкүлдөрүн мыйзамдык жөрөлгө сактап жөнөтүшпөгөнүн БШК төрайымы Т.Исмаилова өзү да белгиледи.

- Бир четинен ушул БШК мүчөлөрүн он жылдан бери эле көрүп жатышат. Ушунчалык коррупция болгонун. Аппарат айтат ушулар жасап жатат коррупциянын баарын тең деп. Бир четинен БШК мүчөлөрү аппарат ушундай коррупцияланган деп атат. Же жаңы аппаратты түзөлү десек, Ишенбай Кадырбеков келип алып айтат. “Бул 6 киши киши аябай таланттуулар, булар иштеши керек” деп.

Саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын ичинен БШК мүчөлүгүнө талапкер тандоо кандай чен-өлчөмдө жүргүзүлгөнүнө түшүнбөй калганын Орусияда окуп келген жаштар ассоциация өкүлү Д.Иманбердиев жашырган жок:

- А бул жерде Аманкул Молдалиев деген уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси бардык кандидатура такталып бүттү деп айтты.

Телефон аркылуу тандалган өкүлдөр

Т.Исмаилова эч кандай тендерсиз эле Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты “Шайлоо” автоматташтырылган системаны “Элкат” компаниясына берип коюшканын кошумчалады. Жарым жыл ичинде референдум, шайлоо өткөрүү жоопкерчилигин өзүнө алчу Борбордук шайлоо комиссиясынын минтип түзүлүшү, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын ырасташынча, демократияга коошпогон жосун.

- Анан кийин бул мурдагы эле режимдин калдыктары, кайталанмасы болуп атпайбы. Экинчи жактан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жылдыруу, көрсөтүү да ачык болгон жок. Кандай чен-өлчөм менен 7 партия өзүнүн талапкерлерин жөнөтүп атат? Калган партиялар эмнеге катышпай калып атат, деген суроо туулуп атат.

Мүчөлөрдүн кантип жана кандайча жаңы орунга отуруп калышканына Т.Исмаилова өзү да кызыкканын А.Абдырасулова минтип маалымдады

- Мынабу отурумда Т.Исмаилова ар биринен “сен кантип келип калдың” десе баары эле “Мага Асия Сасыкбаева чалды. Менден макулдугумду сурады. Мен макул болдум. Кирип калдым”, деген сөздөр болуп атат да.

Убактылуу өкмөт башчысынын орунбасары Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрү жооптуу ишти аягына чыгаруу милдетин алышкан.

- 13 мүчөнүн 12 бар. Алар кагаз жүзүндө макулдуктарын беришкен. Жоопкерчилик менен бул миссияны аягына чейин чыгарат деп мен аларга толук ишенем.

Ө.Текебаев БШК мүчөлөрүн сунуштаган саясий партия жыйындарынын протоколдору да бардыгын ырастады.

- Анын баары биздин Жогорку Кеңештин канцеляриясында турат. Ким кайдан кайсы партиялардан жылгандыгы боюнча. А Төлөйкан Исмаилова өзү макул болуп келген. Мен бир-эки күн мурун өзү менен жеке сүйлөшкөм.

Убактылуу өкмөт 27-июнда референдум, 10-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин жарыя кылды. Жаңы Конституция боюнча президентти жалпы эл шайлоосу ырасталып калса мамлекет башчысыны тандоо да ошол эле күнгө коюлуп калышы ыктымал. Аларды өткөрүү милдети Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG