Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Жаңы окуу жылына даярдык кандай?


Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы орто билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Кудайбергенова мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө азын-оолак маалымат берди.

-Дамира айым, саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат. Мектептерди китеп, окуу куралдары менен камсыздоо маселеси быйыл кандай чечилип жатат?

- Эң биринчиси, мектептин окуу китептерине быйыл 28 наамга акча бөлүнгөн. Бул китептерди быйыл балдар окуу жылынын башында алып калышат. Бул китептерге 100 млн. сом өкмөттөн бөлүнгөн.

-Проценттик катнашта алганда канча пайыз менен камсыз болуп жатат азыркы мезгилде?

- Азыркы мезгилде 57 пайыз.

-Быйыл мектептерге төмөнкү класстагы окуучулар форма кие турган болушууда. Формаларды жер-жерлерде ата-энелер таба алышабы?

- Негизи мындай 2008-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Бул токтомдун негизинде башталгыч класстарга форма киргизилсин деген сунуш берилген. Анан былтыркы окуу жылынан баштап 1-4-класстарга форма, кийим заказ берилип тигилип аткан.

Эми негизи мындай, биздин министрликке берген тапшырма, дизайнерлер менен бирге бир нече фасондорду иштеп чыккыла деген. Биз өзүбүздүн милдетибизди аткардык, бир нече фасонду ата-энелерге, балдарга, мугалимдерге, жалпы тигүүчү жайларга бергенбиз.

Ата-энелер администрация, мектеп жетекчилер менен байланышта иштеп, керектүү суммасына чыгып атышат. Эң төмөнкү баасы 400 сом, эң жогорку баасы 950 сомго чейин чыгып атат.

- Айыл жерлерде кандай болуп атат бул маселе?

- Айыл жерлерде жакшы жардамды жергиликтүү жетекчилер берип атат. Себеби салыктарды кыскартып, ошол себептен арзаныраак түшүп атат, 400-450 сомго чыгып атат. Булардын Ысык-Көлдө, Таласта, түштүк облустарда негизгиси совет өкмөтүндө болгон форма, күрөң көйнөк сыртында ак фартук, ошондой дизайнды талап кылып, ошондой заказ берилип атат.

- Демек бир кылка болбойт экен да жалпы республика боюнча?

- Ар бир мектеп өзүнүн формасын чыгарышы мүмкүн башталгыч, жогорку класстар болобу. Ар бир мектеп өзүнүн эмблемасы, модели менен. Биз болсо он чакты модель бергенбиз, алар жөн эле теле, гезит аркылуу эмес, дискетага салынып сүрөттөрү фото монтаждары берилген.

Ошол себептен ошого ылайыктап тагылып атат. Бирок биздин койгон талабыбыбз 70 пайыз пахта болуш керек, анткени бала чуркаганда, кыймыл кылганда денесине жаман таасир бербеши керек, анан 30 пайыз вискоза. Анткени форманын модели үтүктөлбөсө дагы түз, татынакай болуп туруп туруш керек.

- Быйылкы жылдын статистикасына кичине токтоло кетсеңиз, канча мектеп ачылып, канча бала мектепке бара турган болду?

- Жалпы мектептин саны былтыркы окуу жылда 2188 мектеп, бул жактагы интернат мектебин кошкондо. Быйыл болсо 15 жаңы мектеп ачылат.

- Мугалимдердин жетишсиздиги такталдыбы, канча мугалим жетишпейт?

- Бизде азыр 3 миң мугалим жетишпейт азыркы маалымат боюнча. Бирок азыр маалыматтар жума сайын өзгөрүп атат. Себеби 900 студент бүттү да, алар дагы барып калат жолдомо боюнча. Ошентип так санын биз 1-сентябрда алабыз.

- Предметтер боюнча кандай маалыматтар бар?

- Предметтер боюнча негизги жетишпеген чет тил, матиматика, физика, башталгыч класстар. Мисалы азыр физика боюнча факультеттер азайыптыр аябай. Ошол себептен Кыргыз Билим берүү академиясында физика багытында курстар жүрүп атат.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG