Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

“Улукман”: Аял-эркек мамилеси


Алгачкы кыргыз сексопатологу Күлчоро Аскаров – тагдырдын иши экен - көз жумарынан бир аз мурдараак “Азаттыктын” угармандарына аңгеме куруп берген эле. Ал аңгемесинде сексопатолог Күлчоро Аскаров аял менен эркектин ортосундагы жылуу мамиле тууралу жана ал мамиленин ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө кеп козгоп берген эле.

Күлчоро Аскаровдун кыргыз окурмандарына “Эки жүрөк бир сүйүү” аттуу эмгеги белгилүү. Күлчоро Аскаров кыргыз сексопатологиясында интимдик мамиленин көп козголбогондугун айтып, бу да болсо улуттук менталитет экендигин белгилеп, аңгемесинин башында кыргыз аялзатынын турмушка бүйрөлүгүн, эрктүүлүгүн жана үйбүлөгө берилген мээримдүүлүгүн сөз кылган эле:

- Мен алгач казак туугандардын кыргыз аялзаты жөнүндө айткан бир мисалын айта кетким келип жатат. ...Казактын тамеки талаасында 300 дөй кыргыз иштейт экен.... Суук сарай... Тамеки өстүргөн киши уйгур экен. Ал жер Кытайдын чек арасына жакын дейт. Анан ошол элди тамекиге иштеткен уйгур айтыптыр: Бу дүйнөдөгү эң чыдамкай аялзаты ким деп эгер менден сурашса, “кыргыз аялы” дээр элем... Себеби алар балдары үчүн бар-жокко жанын таштаган, ушунчалык чыдамкай болушат экен дептир... Мына ушу сөздөн эле түшүнсөк болот – биздин кыргыз аялзаттарында кандай асыл сапаттар бар экенин. Бул менин сөзүм эмес, башка улуттун өкүлүнүн сөзү. Бирок биз көпчүлүк эркектер ошол кыргыз аялзаттарыбызды баалабай келатабыз.

Маркум сексопатолог Күлчоро Аскаров кыргыз эркектеринин көпчүлүгү аялзатына “орой”, “корс” деген пикирин айткан. Анткени кыргыздар кыз баладан уул баланы жогору коет. Мындай мамиле калыптанып отуруп, кыз баланы өзүн басынкы сезүүгө алып келип, ал эми эркек баланы бой көтөрүүчүлүккө, өзүн артыкбаш сезүүгө, өзүмчүлдүккө алып келет. Күлчоро Аскаровдун пикиринде көпчүлүк кыргыз эркектери аялдары, сүйгөн жарлары менен болгон интимдик мамиледе да өзүмчүл. Аялдарынын көңүл маанайлары менен чатактары да жок. А мындай мамиле - сексопатологдун пикиринде - аялзатынын саламаттыгына олуттуу зыян келтирет:

- Мага “даткадай” болгон кыргыздын канча акылгөй десең акылгөй, чырайлуу десең чырайлуу асылзаттары келишет. Күйөөлөрүнө болгон жансезимдериндеги таарынычтарын сыр кылып айтышат... Үндөрүн да катуу чыгарбай акырын ыйлап турушканын кантесиң... Мына ушундай айымзаттардын көз-жашын көрүп, анан жанагы “Эки жүрөк, бир сүйүүнү” жазгам. Мен бул эмгекти жазуу менен кыргыздын эркектерин сексуалдык маданиятка чакырып, ал эми кыргыз аялдарын бактылуу кылам деп ойлогом...








XS
SM
MD
LG