Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Т.Исмаилова: Өкмөт качкындар лагерин уюштурушу зарыл


Убактылуу өкмөт качкындар менен иш алып барчу атайын өкүлүн дайындады. Укук коргоочулар болсо качкындар атайын жайга муктаж деп добулбас кага башташты.

Ош менен Жалал-Абад облусундагы кагылышта үй-жайынан ажырап калган же турган жерин таштай качкан адамдарга кам көрүү үчүн Өткөөл мезгилдин президентинин бүгүнкү декрети менен Качкындар менен иштөө жана гуманитардык жардам боюнча атайын өкүл дайындалды. Ага татыктуу деп укук коргоочулар мурдагы Миграция жана иш менен камсыз кылуу министри Айгүл Рыскулованы президентке сунушташкан. Айгүл Рыскулова бүгүн дароо Ош шаарына жөнөп кетти, бирок өз ишин эмнеден баштаары жөнүндө азырынча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бүгүн Ош облустук администрацияда качкындар менен иш алып баруучу атайын штаб түзүлдү. Он бир адамдан турган штабдын курамына журналисттер менен укук коргоочулар киргизилип, алдына төрт багыттан турган милдет коюлду. Ага ылайык штабдын мүчөлөрү элге маалымат таратып иштөө, коменданттык сааттын эрежесин туура сактоого үндөө, гуманитардык жардам берүү жана эл арасындагы уу-чууну басуу милдеттүү болушту.

Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун азыр Ошто жүргөн төрайымы Төлөкан Исмаилова качкындар үчүн лагерь түзүү зарылдыгы пайда болду дейт:

-Маданият, Нөшкөл, Паставад, Достук текшерип өткөрүү постторунда качкан эл көп. Чегарада Өзбекстан тараптан да чогулган эл турат. Ошон үчүн биз Убактылуу өкмөт менен президент Роза Отунбаевага качкындардын лагерин түзүү керек деп айттык. Антпесе болбой калды. Алардын укуктуктарын коргоону унутпашыбыз керек. Андан тышкары маалымат менен камсыз кылуу зарыл.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова болсо качкындардын чатырлардан турган лагерин тезинен түзүп, аларды медициналык жардам менен камсыз кылуу дагы керек дейт:

-Тезинен чатырлардан турган лагерь түзүп беришибиз керек. Анткени алар 2-3 күндөп ачык асманда алдында калышты. Андан кийин медициналык жардам берип, коопсуздугун камсыз кылып, мүмкүн болушуча Өзбекстанга өтүп кетпей Кыргызстанда калышына шарт түзүшүбүз зарыл.

Тилекке каршы, ушул тапта качкындардын саны канча экени жана көбү кайсы жерде экени тууралуу так маалымат алына элек.

Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү да качкындар лагерин уюштуруу сунушу боюнча чечим кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин “Азаттыкка” БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш кызматкери Ольга Гребенникова билдирди. Анын айтымында, качкындар боюнча маалыматтар бири-бирине карама-каршы жана так эсеп жок. Ушундан улам БУУнун жетекчилиги жарандар өз жеринде качкын болушу мүмкүн эмес, ал эми Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен адамдарды жайгаштыруу ишин аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүп жатат деп билдирген. Ал эми жалпы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өз көз караштарын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү шейшембиде расмий түрдө билдирген жатышат.

XS
SM
MD
LG