Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Социал-демократтар “акжолчуларга” айланганда


Социал-демократтар
Социал-демократтар

Кара-Суу районунда 114 социал-демократ бийликтин «Ак жол» партиясына өттү. Муну алар СДП жетекчилеринин оппозициялык маанай күтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол этип жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Ал эми СДПнын жергиликтүү лидерлери өкмөтчүл массалык маалымат каражаттары жогорку бийликтин буюртмасы боюнча жалган маалыматтарды таратып жаткандыгын айтышууда.

Кара-Суу райондогу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Махаматжан Бакиев «Азаттыкка» маалымдашынча, социал-демократ жердештеринин арасынан 114 бийликтин «Ак жол» партиясынын катарына биротоло кошулду. Мунун себебин Ак-Таш айылынын тургуну, СДПнын мурунку жергиликтүү жетекчиси, азыр «ак жолчу» Ганы Турнабаев төмөнкүчө чечмеледи:

- Биздин айылда социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү көп болгон. Азыр ушулардын баардыгы чыгып Бакиевдин «Ак жол» партиясына өтүп атышат. Себеби баардыгы Бешимовдун, оппозициянын баардыгына нааразы болуп атат. Булардын колунан азыр эч нерсе келбей атат. Эл дагы түшүнүп калды.

Ганы Турнабаевдин оюнча, СДП жетекчилери Алмазбек Атамбаев, Бакыт Бешимов оппозициялык кыймылга аралашып, Американын чуулгандуу авиабазасынын Бишкекте калуусун ачык колдоп, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө залакасын тийгизип, мамлекеттин өнүгүшүнө бут тосууда.

«Ак жол» партиясынын Кара-Суу райондук башчысынын орун басары Анара Орозбаева жогорудагы окуяны ырастап, буларды кошумчалады:

- Биздин айылда 400дөн ашуун социал-демократтар болгон. «Ак жолго» өткөндөр лидери Жумабаев жана Кулкеева деегн эжекелер баш болуп бүгүнкү күнгө чейин 114 болду. Алырдын максаты Кыргызстанда көп партиялуулуктун кереги жок, бизге тынчтык керек дешүүдө.

Анара Орозбаева мындай ийгиликке эл арасында партиянын программасын кеңири түшүндүрүү жана болочок пландарды аткарууга «Ак жолдун» гана кудурети жетээрине жарандарды ынандыруу аркылуу жетишип жатышкандыгын белгиледи.

Анткени менен СДПнын жергиликтүү лидерлери өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарын жалган кабарларды таратып жаткандыгы үчүн айыпташууда. Ушундай пикир тутунгандардын бири социал-демократиялык партиянын Ош облустук координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Алымбай Кадыров төмөнкүлөргө токтолду:

- 114 деген маалымат дегенге мен таптакыр макул эмесмин. Бул туура эмес маалымат. Чындап эле Ак-Таш айылынан 14 адам бийликтин кысымына чыдабастан арыз жазып беришкен. Алар биздин партияга арызын таштап кеткенден кийин, биздин партияга эч кандай тиешеси жок. Бирок мен 14 адамдын «Ак жолго» кирип алганына ишенбейм, 2-3 кирген болушу мүмкүн кызмат үчүн, жер алыш үчүн, же бир туугандарын кызматтан кетирип койбошу үчүн. Муну кайра-кайра 5-канал менен КТРден көрсөтүп атат. Жергиликтүү бийликтин кошоматчылыгы. Артык кылам деп, бийликке жакшы көрүнөм деп кайра элдин ынтымагын кетирип, бузуп атышат. Бул бийликтин заказы экени көрүнүп эле турат.

СДПнын облустук лидерлеринин бири Алымбай Кадыров бийликтин мындай аракети мурда да натыйжа бербегендигин эске салды. Себеби быйылкы жылдын башында Баткенде жана Кара-Сууда «Жаңы Кыргызстан» партиясынын ондогон мүчөлөрү «Ак жолго» өттү деп шардана кылышкан менен, андан «Жаңы Кыргызстандын» кылы кыйшайган жок, тескерисинче, катары улам калыңдап баратат.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов акыркы көрүнүштөрдү шайлоонун алдында СДПнын кадыр-баркын ылдыйлатуу аракети катары эсептейт:

- Шайлоонун арапасында кара пиарлардын боло келгени бул Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. Албетте мындай нерселер натыйжа бербейт. Бийлик муну түшүнүшү керек. Саясий маданият деген болуш керек. Партияга зордоп жаздыруу, бийликтин партиясына өткөрүү деген технология демократиялык коомдо болбош керек, - деди Абай Эшмаматов.

Ошентсе да, оштук саясат талдоочулардын пикиринде Алмазбек Атамбаев алдыдагы чоң таймашта Курманбек Бакиевге олуттуу атаандаш. Ошондуктан СДП жолбашчысынын чыныгы санаалаштарын алсыратуу жана тарапкерлерин азайтуу максатында жогоркудай жоруктар дагы көп ирет кайталанышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG