Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бильярддан дүйнө чемпионатына баруучу жигиттер тандалды


 Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына кыргызстандык команданы жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев баштап бармак болду.
Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына кыргызстандык команданы жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев баштап бармак болду.

4-февралда өлкөнүн бильярд федерациясы Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуучуларды тандаган мелдешти жыйынтыктады.

1-февралдан 4-февралга чейин Бишкекте бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлери аныктоо таймашуулары болду.

Өлкөнүн бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаковдун айтымында Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрүн аныктоо мелдешине 12 күчтүү оюнчу катышты.

-Алардын катарында спорттун беш чебери жана спорт 7 талапкери мөрөй талашты. Алар Зайлан Адамов, Ильяс Адамов, Сапар Алыкулов, Тынчтык Дадиев, Улан Рыскулов, Кубанычбек Сагындыков, Канат Сыдыков жана башкалар эле.

Бишкектеги төрт күндүк таймашуунун жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген спорт чебердигине талапкер Назим Ахмедовдун чеберчилиги жогору бааланды. Экинчи орунду спорт чебери Кубанычбек Сагындыков ээледи. Байгелүү үчүнчү орунду спорт чебери Нурбек Эшбаев камсыз кылды.

Жыйынтыктап айтканда жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев жогоруда аты аталган үч жигитти Алматыдагы дүйнөлүк таймашууга баштап бармак болду.

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев тандоо мелдешине катышпай эле, дүйнө чемпионатына баруу укугуна ээ.

Быйылкы бильярддын пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты 17-февралдан 21-февралга чейин Алматы шаарында өткөрүлөт.

Кыргызстандан дүйнө чемпионатына 4 спортчу барууга укук берилген. Бирок Алматы чукул болгондуктан Кыргызстандын бильярд федерациясы дагы 5 оюнчунун кошумча алып барып, тажрыйба топтоп келүүгө ниет кылышууда. Алар негизги оюнчулар ооруп же ойноого чамасы келбей калса алмаштырууга да укуктуу.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде бильярд Бишкекте гана өнүкпөй өлкөнүн облус, райондорунда да бул спортко кызыгуу күч алып баратканы жакшы жөрөлгө.

-Мен бул спорттон Кыргызстандын жигиттери дүйнөлүк атак-даңкка дагы жетээрине ишенем. Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар байгелүү орундарга жетип калуусу ыктымал.

Өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында Бишкекте атайын адистешкен бильяр спорт мектеби жана ондон ашуун бильярд спорт клубдары бар болгону менен олимпиадалык түргө маани берилбей келатканы өкүнүчтүү.

-2006-жылы Катардын Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында "Америка пул" ыкмасы киргендиктен кыргызстандык бильярчылар барбай калышты. Учурда Бишкекте бир нече бильярд жайлары салынып, спорт катары ойнолбой, көңүл ачуу, эс алуу максатында гана ойнолуп, киреше табуунун бир булагына айланып барат,"-дейт Бообек Кадыркулов.

- Бильярд спорту Кыргызстанда тез темп менен өнүгүп, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жигиттерибиз сыймыгыбыз болуп калды. Биздин федерация 1992-жылы уюшулган. 2002-жылдан баштап Федерациянын демилгелери менен бильярд массалык спортко айланып, ири мелдештер өткөрүлүп келатат. Орус пирамидасы боюнча Кыргызстандын дүйнөлүк рейтинги - 4-орунга көтөрүлдү. Мындай ийгиликтерге жетүүгө спортчулар К.Сагынбаев, З.Адамов, А.Нетесов, К.Сагындыков, Н.Эшбаев, М.Жылжымышев, С.Алыкуловдун салымы зор,- деди бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаков.

Соңку жылдары эл аралык спорт чебери Каныбек Сагынбаев кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып, дүйнөлүк бильярддын лидерлеринин бири болду. Ал өз чеберчилигин айгинелеп, дүйнөнүн жаштар арасындагы эки жолку, чоңдор арасында бир жолку чемпиону аталып, Азия, дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Ал Азия, дүйнө чемпионаттарында күмүш байгени эки ирет утту.

Каныбек эл аралык Гран-при мелдештеринде бир нече ирет мөрөй алды. Каныбек дүйнөдөгү 100 эң мыкты оюнчунун алдыңкы бешөөнүн бири катары таанылды.

Кыргызстандагы бильярд спортунун башатында тургандардын бири - Юрий Горбунов. Федерация түзүү демилгеси да ошонуку. Өзү да чыгаан оюнчу катары таанымал.

Бишкектин мурдагы мэри Медет Керимкулов да Федерацияны жетектеп, колдон келген жардамын аябады. Спорт мектебин ачып, эл аралык Кубок, мелдештерди өткөрдү.

Бильярддын күйөрмандары болгон чиновниктер да арбын. Мисалы, Өкмөт башчы Данияр Үсөнов, коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Адахан Мадумаров, Жогорку кеңештин депутаттары Орзубек Назаров, Аскар Салымбеков, Кабай Карабеков, Бегалы Наргозуев, Роман Шин, экс-депутаттар Осмон Артыкбаев, Шамшыбек Медетбеков, Мурат Мукашев, Рахатбек Ирсалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Мелис Эшимканов, БШК мурдагы төрагасы С.Иманбаев, биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров баштаган мамчиновниктер бильярд ойноп, бош убактысын ушул оюн менен өткөрүп жүрүшөт.

XIX кылымдын аягында бильярд боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлө баштаган. Ал эми 1906-жылы Парижде баш байгеси 40 миң франк болгон дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн.

1989-жылы гана Бүткүл дүйнөлүк бильярд Федерациясы түзүлгөн.

Дүйнө жүзүндө бильярд спорту боюнча бүткүл дүйнөлүк конфедерация, дүйнөлүк пул ассоциациясы, профессионалдык бильярд жана снукер боюнча бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы, Дүйнөлүк бильярд Кеңеши сыяктуу бир нече уюм, бирикмелер иш алып баруу менен профессионалдар менен спорт сүйүүчүлөрүнүн укуктарын жөнгө салып, көзөмөлгө алып турушат.
XS
SM
MD
LG