Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:53

Ванкуверге барчу спортчуларга атайын кийим берилди


8-февралда Ванкувердеги Кышкы олимпиадада Кыргызстандын намысын коргой турган спортчуларга атайын олимпиадалык кийим-жабдуулар тапшырылды.

12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында баштала турган Кышкы олимпиадага кыргызстандык Ольга Решеткова менен Дмитрий Трелевский барууга укук алышкан.

8-февралда Ванкувер олимпиадасына катышуучу спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына өлкөнүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов атайын олимпиадалык кийим-жабдууларды тапшырды.

Ар биринин наркы 44 миң 480 сомго барабар болуп, атайын даярдалган олимпиадалык кийимдерди тапшырып жатып, агенттиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов спорттук кийимдер орусиянын “Red fox” фирмасында даярдалганын “Азаттыкка” маалымдады.

Ванкуверде тоодон лыжа менен ылдам түшүү мелдештерине катыша турган Дмитрий Трелевскийдин айтымында, атайын тигилген спорттук кийимдер ыңгайлуу жана жарашыктуу даярдалган.

- Ванкувер Кышкы олимпиадалык оюндары үчүн атайын тигилген спорттук кийимдер абдан ыңгайлуу жана жарашыктуу экен. Орусиянын “Red fox” фирмасында тигилген кийимдер сапаты мыктылыгы менен айырмаланып турат. Ошондуктан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, спорт федерациялары да ушул фирмага кардар болуп саналат. Биз Ванкуверде Кыргызстандын мамлекеттик символдору менен даярдалган мындай спорттук кийимдерди сыймыктануу менен кийип жүрөбүз.

Ванкувердеги 21-Кышкы олимпиадада кыргызстандык лыжачы Ольга Решеткова 10 км, 15 км жана 30 км. лыжа жарыштарына өлкө намысын коргойт. Бишкектик Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын тоодон ылдам түшүү түрлөрү боюнча мелдештерге катышат.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1994-жылдан бери кышкы олимпиадалык оюндарга бирин-эки спортчусу менен катышып келатат. Мисалы, 1994-жылы Лиллихамер шаарында өткөн кышкы олимпиадага орусиялык жалданма биатлончу Евгений Роппел катышкан.

1998-жылы Жапониянын Нагано шаарында өткөн кышкы оюндарга да орусиялык Александр Тропников биатлондон Кыргызстандын атынан мөрөй талашып, ийгилик жарата алган эмес.

2002-жылы АКШнын Солт-Лейк Сити шаарында өткөн 19-Кышкы олимпиадасына да Александр Тропников менен казакстандык Дмитрий Чвыков Кыргызстандын атынан барган.

Жогоруда айтылган үч олимпиадада Орусия менен Казакстандын өкүлдөрү Кыргызстандын атынан катышкан болсо, 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда бишкектик Иван Борисов тоо лыжасы боюнча катышып келген.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун пикиринде, кийинки жылдары өлкөдө менчик болгону менен кышкы спорт базалар, ийримдер, хоккей боюнча залдар ачылып жатат.

- Ошондуктан кышкы олимпиадалык оюндар болоордо гана дүрбөп калбай, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иш-чара түзүп, спорттун кышкы түрлөрүнө көңүл буруу учур талабы.

Кыргызстанда тоо лыжасын жана кышкы спортунун түрлөрүн өнүктүрүү зарыл, деди спорт адиси Касымкул Оболбеков.

Анын айтымында, Кыргызстанда кышкы туризмди жана кышкы спортту өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр жана ага керектүү бай ресурстар бар, жөн гана аларды туура пайдалана билүү керек.

«Абдыш-Ата» клубунун акциясы

Футбол боюнча Кыргызстан кубогунун жана өлкө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси «Абдыш-Ата» клубу борбордук мектептерде жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу максатында мелдеш өткөрөт.

Команданын башкы машыктыруучусу, голландиялык устат Жейлан Арикандын пикиринде ,февраль-март айларында өткөрүлө турган мындай иш-чара менен футболго шыктуу өспүрүмдөрдү да иликтеп, спортко болгон кызыгуу ойгонот.

- Себеби мындай иш-чарага “Абдыш-Ата” командасынын 4-5 мыкты оюнчусунан сырткары Голландиядан келген 24 жаштагы таанымал футболчу Кенан Косеоглу да катышат, дейт Жейлан Арикан.

Аргымакты алкынтып, мөрөй алгандар

Бишкекте ат спорту федерациясынын кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды.

Кыз-келиндер арасында аргымакты тоскоолдуктардан секиртип, өнөрүн көрсөтүүдө бишкектик Екатерина Соловьева баш байгени жеңип алды. Күмүш байге Элина Сергеевага ыйгарылды.

Ушул эки кыз аргымакты музыка менен бийлетип, көнүгүүлөрдү жасоодо да байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Аргымактарды 120 см бийиктиктердеги тоскоолдуктардан секиртүүдө "Алум" аттуу күлүгү менен бишкектик Ольга Сорокина биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду “Арман” аттуу аргымагы менен Мырза Токтобеков камсыз кылды.

“Чарлиз” аттуу аргымакты таптап үйрөткөн спорт чебери Андрей Шалохин чеберчилиги менен айырмаланып, баш байгенин ээси болду.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Антонина Шевченко

Чыгыш өнөрү менен таанылып, тай бокс боюнча дүйнөнүн алты жолку чемпиону аталган бишкектик Антонина Шевченко Перу өлкөсүндө боло турган эл аралык мелдешке катышмакчы.

Бул ирет кыргызстандык Антонина Шевченконун негизги атаандашы - Түштүк Американын чемпиону Хейлин Риос болмокчу. 63 кг. салмактагы бул күч сынашуу тай бокстун эрежесине ылайык 2 мүнөттөн 4 раундга созулат.
XS
SM
MD
LG