Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кыргыз спорт тармагы талашта


7-апрелдеги ыңкылаптын кийин кыргыз спортчулары Бакиевдин жетекчилери алмашып, алардын ордуна иш билги адистер келээр бекен деп үмүт байлап турушат.

Эгемендүүлүк алгандан бери эле спорт тармагын чоочун, бул тармактын өзгөчөлүктөрүн ажырата билбеген бийликтин өкүлдөрү келип, ондон ашуун жетекчи алмашты. Курманбек Бакиев бийликке келгенден берки беш жылда эле спорт, дене тарбия агенттигине төрт жетекчи орун которду. Ушундай ишти билбегендердин айынан спортчулар жабыр тартып, жакшы шарт түзүлбөй эл күткөндөй ийгиликтер жаралбай жатат. Ошондуктан 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин бул тармакты жетектөөнү каалап, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө барып жаткандар арбын.

Грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш медалын уткан Канат Бегалиевдин пикиринде кыргызстандыктар ыңкылап менен гана таанылбастан, спорттук ийгиликтери менен дүйнөлүк аренаны багындыруу үчүн иш билги жаңы жетекчилердин келүүсү зарыл.

- Былтыр сентябрдан бери спорт жетекчилеринин чалагайымдыгынан, ишти уюштура билбегендиктен кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге ар кимден карыз алып, өлкө намысын коргоп жүрөбүз. Ошондуктан спорт коомчулугу 7-апрелдеги ыңкылаптын шарапаты менен Бакиевдин жетекчилери алмашып, алардын ордуна иш билги, спорт адистери келишсе деп абдан үмүттөнүп турабыз.

Бээжин олимпиадасында өлкөгө күмүш жана коло байге утуп беришкен балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев жана башка чыгаан жигиттердин башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловдун пикиринде 7-апрелдеги ыңкылаптын шарапаты менен Курманбек Бакиевдин кадрлары алмашып, алардын ордуна спорт адистери иш билги, спорт адиси Алмазбек Касеновдун талапкерлигин сунуштайт.

- Учурда спорт тармагы иштин көзүн билбеген айрым жетекчилердин айынан абдан кыйын кырдаалга туш болуп, карызга батып турган убагы. Спорт жабдуулар жетишпей, айрым спорт түрлөрү кризисти баштан кечирүүдө. Айрым спорт жайлар менчикке сатылып кетип, башка максаттарга пайдаланылып жүрөт. Быйыл алдыда Азия, Дүйнө чемпионаттары, жайында Сингапурда жаштар арасындагы биринчи дүйнөлүк олимпиада, күзүндө Гуанжодо 16-Азия оюндары жана эки жылдан кийин Лондон олимпиадасы болгону турат. Ошондуктан даярдыктарды үзгүлтүккө учуратпай, 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин спорт тармагында да өзгөрүүлөр болуп, Бакиевдин “сүймөнчүктүү” кадрларынын ордуна бала кезинен бери спорт менен өсүп жетилип, СССРдин чемпиону болуп, кийин бардык спорт жетекчилик тепкичтерди басып өтүп, абдан такшалган адис Алмазбек Касенов бул тармактын жетекчиси болсо деген тилектебиз. Анын талапкерлигин спорт тармагынын бардык адистери, белгилүү спортчулар, ардагерлер, федерация жетекчилери колдоп, убактылуу өкмөттөн суранып жатабыз.

Спорт адистеринин убактылуу өкмөткө кайрылуусуна белгилүү спортчулар, федерация жетекчилери, даңазалуу устаттар жана ардагерлер кол коюп, калыс чечим кабыл алуусун өтүнүштү. Себеби Бакиевдин жетекчилик убагындагы акыркы үч-төрт айдан бери спортчулар стипендия алышпай, машыгуулары үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыкты баштан өткөрүп келишкен. Ошондуктан алар учурдагы дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Айдарбек Керимкуловго ишеним көрсөтпөй жатышат.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов учурда ынтымакты сактоонун зарылдыгын айтып, убактылуу өкмөт кандай чечсе, ошого жараша иш кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

Оор атлетика боюнча Азиянын көп жолку чемпиону, студенттер арасында дүйнө чемпиону, учурдагы Бишкек шаарындагы оор атлетика спорт мектебинин жетекчиси Улан Молдодосовдун пикиринде бир нече спорт федерацияларынын президенттери Курманбек Бакиевдин уулдары, инилери, шакирттери, министрлери башкарып келген.

- Оор атлетика федерациясынын президенти болуп саналган өлкөнүн салык агенттигинин жетекчиси Акматбек Келдибеков спортчуларга жардам бермек түгүл, өзү бекенип жүрөт.
Президент Курманбек Бакиевдин уулу, бир туугандары, жакшы санаалаштары жана шакирттери бир нече спорт федерацияларына президент болуп саналат.

Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматында жооптуу кызматта турган эле. Ошондой эле ал өлкөнүн дюз-до жана ок атуу федерацияларынын президенти болуп саналат. Максим Бакиев болсо күрөш федерациясынын жетекчиси болгон.

Өлкө башчысынын иниси Адыл Бакиев каратэ-до чыгыш өнөрү федерациясын жетектейт.

Иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болуу менен бирге эле кышкы спорт түрүн жана хоккейди өнүктүрүүгө кызыкдар болуп жүргөн.

Кыргызстанда спорт федерацияларына министрлер, чиновниктер президент болуп келишти. Маселен, мурдакы башкы прокурор, президенттин кеңешчиси болгон Элмурза Сатыбалдиев волейбол федерациясына президент.

Бокс федерациясын өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубакыт Халмурзаев жетектейт.

Оор атлетика федерациясынын президенти салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков эле.

Ошондой эле вице-премьер министр Тажикан Калимбетова да спорттук жана көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланган.

Өлкөнүн футбол федерациясын сот департаментинин жетекчиси Айбек Алыбаев жетектейт.
Бакиев учурундагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өлкөнүн таэквондо жана көк-бөрү федерацияларынын президенти болуп саналат.

Президенттин чарбалык-иш башкаруу башчысы Курманбек Темирбеков өлкөнүн бильярд федерациясын жетектейт.

Бакиев учурундагы биринчи вице-премьер министр Акылбек Жапаров бир топ жылдан бери өлкөнүн шахмат федерациясынын башында турду.
XS
SM
MD
LG