Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Сингапурда олимпиадалык таймашуулар уланууда


18-августта Сингапурда I жаштар олимпиадасында кыргызстандык суучул Дмитрий Александровчалка чабак урууда төртүнчү орунду ээледи.

18-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын таймашуулары улантылды.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун телефон аркылуу Сингапурдан билдиргение караганда, бишкектик суучул Дмитрий Александров жаштар олимпиадасында 4-орунга ээ болду.

- Эл аралык спорт чеберибиз Дмитрий Александров 200 метрге чалка чабак урууда өз атаандаштары арасында төртүнчү болуп келди. Өз тобунда биринчи жана экинчи орундарды ээлегендер гана финалдык топто күч сынашты. Кыргызстандык суучул үчүн бул олимпиадада ал тажрыйба топтоп, чеберчилигин өстүрүүгө өбөлгө түзүлдү.

18-августта Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге Кыргызстандын делегациясын кабыл алып, өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетин куттуктап, долбоорлорду ишке ашырууга жардам беришээрин билдирди. Мындай жакшы саамалык тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов “Азаттыкка” айтып берди:

-Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге Кыргызстандын делегациясын бизди кабыл алып, эки балбаныбыздын жеңиштери менен куттуктады. Олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү долбоорлорун сунуш кылсак, ЭОК ишке ашырууга жардам беришээрин билдирди. 16-Азия оюндарына, Лондон олимпиадасына даярдык көрүүгө да кол кабыш кылышаарын, айрым таланттуу спортчуларга Эл аралык олимпиада комитети стипендия төлөп беришээрин да айтты. Кыргызстандагы учурдагы кырдаал кандай экенине кызыгып, сурап билди.

Сингапур олимпиадасында Кыргызстандын улуттук командасынын баштоочусу Саламат Эргешовдун билдиргенине караганда, грек-рим күрөшүнөн жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов менен коло байге ээси Шадыбек Сулайманов жана алардын машыктыруучусу Раатбек Мамбетов олимпиадалык айылда эс алышып, Сингапурдун тарыхый-маданий эстеликтери менен таанышып жүрүшөт.

Өлкө президенти Роза Отунбаева жеңишке жетишип, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эки балбанды расмий куттуктап, атайын телефонограмма жиберген.

Сингапурда жүргөн спорт жетекчилери Алмазбек Касенов, Мурат Саралинов жана Бейшен Абилдаев олимпиадалык айылга барып, президенттин атынан балбандарды куттуктап, ийгилик каалашты.

Учурда Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачыдан үчөө таймашууларын жыйынтыктады.

Бишкектик экиннчи суучул Екатерина Лысенко 19-августтан баштап мыктыларды иреп алуу мелдештерине катышмакчы.

Калган төрт спортчунун мөрөй талашуулары 21-августта болмокчу. Алардын ысымдарын атай кетели, Бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Исломжан Далибаев, спорттук азыркы беш түрү боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Ильяз Бактыбеков, дзюдо боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча эл аралык таймаштарга катышуучусу Руслан Молтаев Сингапур олимпиадасына катышууга даярдык көрүп жатышат.

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын башкы катчысы Эшим Кутманалиевдин пикиринде, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик каражат маселесин чечип бербей койгондуктан Кыргызстандан 8 спортчу гана Сингапурга жолдомо алууга жетишкен.

Сингапур жаштар олимпиадасынын мөрөй талашуулар 26-августка чейин созулат. Анда эки жүздөн ашуун өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачылары спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып жатат.




XS
SM
MD
LG