Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Сингапур олимпиадасында кытайлык спортчулар алдыда


25-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын мелдештери улантылды. Жеңип алган медалдар боюнча кытайлыктар алдыда баратышат.

25-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарында спорттун 11 түрү боюнча таймашуулары улантылды.

Өлкөнүн Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун Сингапурдан билдиргенине караганда кыргызстандык 8 спортчунун үчөө байгелүү орунду ээлеп, олимпиадалык таймашууларды жыйынтыктады:

-Ошентип Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачы таймашууларын жыйынтыктады. Сегиз спортчудан үчөө байгелүү орунду ээлегени жакшы көрсөткүч болуп саналат. Казакстандыктар элүүгө жакын спортчусу катышканы менен алтоо гана байге алышты. Ал эми өзбекстандык 21 спортчудан төртөө гана мөрөй алышты. Алар 3 күмүш жана 1 коло медалдын гана ээси болушту. Эгерде бизде дагы жыйырмадан ашуун спортчубуз жолдомо алганда мындан дагы мыкты ийгиликтер жаралышы ыктымал эле. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин жаш олимпиадачылар жакшы ийгиликке ээ болушту. Мисалы, оюн ээси болгон Сингапурдан 130 спортчу катышканы менен алар 2 күмүш жана 2 коло медаль утуп алуу менен өз үйүндө 59-орунда келүүдө. Учурда кыргызстандык спортчуларыбызды маданий-тарыхый эстеликтер менен тааныштырып, көңүлдүү эс алдырып жатабыз.

Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун пикиринде кыргызстандык эки балбан үчүн Сингапур олимпиадасы олжолуу болуп, келечегине жол ачты.

Өлкөнүн улуттук олимпиадалык командасын Сингапурда баштап жүргөн Саламат Эргешовдун билдиргенине караганда кыргызстандык жаш олимпиадачылар жана алардын устаттары Сингапурда тарыхый-маданий эстеликтер менен таанышып, чет өлкөлүк жаштар менен достошуп, көңүлдүү эс алышууда.

Биринчи жаштар олимпиадасында женип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча 69 спортчудан турган Кытай Эл Республикасынын командасы алдыга чыкты. Учурда алардын 52 жаш спортчусу 29 алтын, 18 күмүш жана 5 коло байгелүү болушту.

Экиничи катарда келаткан орусиялыктар 19 алтын, 15 күмүш жана 11 коло медалдын ээси болушкан.
Үчүнчү орунду камсыз кылган Түштүк Корея өлкөсүнүн жаштары 11 алтын, 2 күмүш жана 5 коло байгени жеңип алышты.

Борбор Азиядан Казакстандын жаштар командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байге утуп, 24-орунда келатат. Казакстандык балбан Жаныбек Кандыбаев менен оор атлетчи Жазира Жаппаркул жаштар олимпиадасынын чемпиону аталды.

Өзбекстандык жаш спортчулар учурда 3 күмүш жана 1 коло байгелүү болуп, 55-орунда турат. Тажикстан өлкөсү 1 күмүш жана 1 коло медаль утуу менен 65- орунда келүүдө.

Олимпиада алтын медаль жеңген Урмат Аматов
Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык 8 спортчудан үчөө мөрөй алып, 1 алтын жана 2 коло медалы менен 42-орунду ээлеп, өлкөнү дүйнөгө таанытты. Алар грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль тагынып, жаштар олимпиадасынын чемпиону аталса, грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло байге утуп, өлкөнү даңазалады.

Президент Роза Отунбаеванын колунан Кыргыз туусун алган, өлкөнүн улуттук командасынын капитаны Болотбек Токтогонов Сингапурга аттанаар алдында байгелүү орунга аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирген эле:

-Кыргызстандыктар жана президент Роза Отунбаева бизге ишеним артып жаткандан кийин, аракет кылабыз. Менин даярдыгым дурус. Кыргызстандын туусун бийик көтөрүүгө болгон аракет, күч-кубатымды жумшайм. Бирок атаандаштарым дагы абдан күчтүү спортчулар.

Чоңдор олимпиадасында алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн АКШнын жаштар командасы Сингапурдагы таймашууларда 12-орунга жылып, 4 алтын, 8 күмүш жана 8 коло байге утуп алууга жетишти.

Эки жүз төрт өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 531 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып жатат.

Сингапур жаштар олимпиадасынын мөрөй талашуулар спорттун 3 түрү боюнча 26-августта жыйынтыкталып, кечинде жабылыш салтанаты өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG