Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Кыргызстанда профессионалдык бокска кызыккандар арбын


Кыргызстанды профессионалдык бокстан дүйнөгө таанытып, жети жолу дүйнө чемпиону аталган, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров өлкөдө бул спортту өнүктүрүү демилгесин көтөрүүдө.

Кеңеш доорунда профессионалдык бокстан дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон эки мушкер: кыргызстандык Орзубек Назаров менен орусиялык Юрий Арбачаков эле. Ушул эки инсан гана кесипкөй бокс дүйнөсүнө жол ачып, өз бакты, атак-даңкын мээнети менен тапкан.

Ал учурда кесипкөй мушкерликке жетүү өтө татаал болуп, кеңеш доорунда бул тармакка өтүүгө катуу тыюу салынып келген. Өз тагдырын тобокелге байлаган Орузбек Назаров күч кубаты ашып-ташып турган учурда бокс ышкыбоздору менен беттешүүдөн баш тартып, профессионалдык рингде өзүн сынап көрүүгө аттанган.

Ал учурунда спорт ышкыбоздору арасында Европа, СССР чемпиону болгону менен дүйнө биринчилигин ута алган эмес.

Алгач профессионалдык бокста далай түйшүктөрдү тартып, Жапон өлкөсүндөгү кесипкөй мушкерлер менен беттешип, бул чөйрөдө таанылды. Күн чыгыш өлкөсүнүн беш жолку чемпону аталганда гана азиялык, дүйнөлүк мелдештерге жолу ачылган.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун пикиринде каруу-күчкө толуп, жетилген куракка келгенде ышкыбоздор арасындагы боксчулар рингден четте калып калууда.

-Ошондуктан алар үчүн профессионалдык бокс дүйнөсүнө жол ачып, жол-жобосун үйрөтүп, өздөрүн сынап көрүү үчүн шарт түзөбүз. Андан ары Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы мелдештерге катыштырып, рейтинггин көтөрөбүз. Профессионал мушкер деген сертификат алгандан кийин гана Азиялык, дүйнөлүк таймашууларга даярдоо башкы максаттарыбыз.

Профессионалдык бокстун шартын, келишимдерин жакшы билбегендиктен АКШда «Kid Diamond» аталып жүргөн Алмазбек Раимкулов ыңгайлуу учурларын пайдалана албай, 30 беттешүүдө 27син жеңип алганы менен дүйнө чемпиону үчүн атаандашка чыга албай жүрөт.

Себеби учурда өлкөдө профессионалдык бокска өтүп, өзүн сынап көрүүнү каалагандар арбын болгону менен алардын башын кошкон уюм болгон эмес.

Айрым жигиттерди Өзбекстан, Казакстанда өткөн профессионалдык таймашууга салган жеке спорт клубдар өз кызыкчылыктарын гана көздөп келишкен. Алар профессионалдык бокстун талаптарын аткарбай, жигиттердин укугу чектелип же ден-соолугуна залал келтирген жагдайлар да болгонун адистер айтып жүрүшөт.

Өлкөнүн профессионалдык бокс федерациясынын президенти Костантин Коробовдун айтымында бул тармакты системага салууга, профессионалдык бокста өзүн сынап көрүүнү каалаган жигиттерди сындан өткөрүп, ден соолугун текшерип, атайын сертификат берүүгө убакыт жетти.

-Профессионалдык бокска баш байлаган жигит эреже боюнча ышкыбоздор мелдештерине катыша албайт. Ошондуктан кесипкөй мушкер болууну самаган спорт чеберлери Айбек Жээнбеков, Шавкат Мирзалиев, Эрлан Исмиалов, Тимур Шайлозов жана Давран Хабиров спорт сүйүүчүлөрдүн же ышкыбоздордун мелдештеринде мындан ары күч сынашпайт.

Жогоруда аты аталган жигиттер Кыргызстандагы кесипкөй мушкерлер мелдештеринде сыналып, кадыр-баркын көтөрүп, профессионалдык чөйрөгө таанылгандан кийин гана Азия, дүйнө чемпионатарынын түрдүү версияларына катышууга укук алышат.

Ошондуктан өлкөнүн профессионалдык бокс федерациясынын демилгеси менен 12-апрелде Бишкектеги «Стронг» спорт борборунда кесипкөйлөрдүн 8 беттешүүсү өткөрүлгөнү камылга көрүлүүдө.

Бокс боюнча спорт чебери Алмаз Кудайбергенов кеңеш доорунда кесипкөй мушкер болууну самап, ага спорт комитети жол бербей койгонуна али да болсо өкүнүп жүрөт.

Шериктеш өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан, Украина, Орусия профессионалдык бокс тармагында таанылып, жылдызы жанган жигиттердин багы ачылды.

Казакстандык олимпиада, дүйнө чемпиону Василий Жиров, Марат Мазимбаевди, өзбекстандык Руслан Чагаевди, орусиялык Костантин Цзю, Николай Валуевди жана украиналык бир туугандар Кличколорду билбеген спорт күйөрманы жокко эсе.

Кыргызстандан дагы Орзубек Назаров, Алмазбек Райымкулов сыяктуу өз бактысын профессионалдык рингде сынап көрүүнү каалагандар арбын. Алардын кимисинин жылдызы жанып, ийгиликтерге жетээрин алдыдагы мелдештер көрсөтөт.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү профессионалдык бокс тармагында кызматташууну жөнгө салып, биргелешип иш алып баруу үчүн өзүнчө ассоциация түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG