Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Жалал-Абадда кош бийлик


Жалал-Абаддагы экс-президенттин жактоочулары утур-утур митингге чыгып жатышат
Жалал-Абаддагы экс-президенттин жактоочулары утур-утур митингге чыгып жатышат

Жалал-Абадда кечээ экс-президент К. Бакиевдин облус губернаторлугуна өз адамын шайлап жиберген тарапкерлери бүгүн облустук милициянын башчылыгына да өз кишисин отургузууга жетишти. Бул жактагы окуялардын өнүгүшүнө кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов көз салууда.

- Бүгүн окуялар Жалал-Абадда кандай өнүктү?

- Бүгүн К.Бакиевдин жактоочулары облустук бийликтин маңдайында митинг акциясын улантышты. Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн башкармасынын алдындагы митингге президент К.Бакиевдин иниси Акмат Бакиев да катышып, милиция кызматкерлерине кайрылып, "дарбазаны ачкыла, себеби эл тарабынан шайланган облустук милициянын башчысын кызмат үстөлүнө отургузабыз, антпесеңер мен сиздерге 5 мүнөт гана убакыт берем, айрым учурда мен элдин атынан айтып атам, өлкөдө бир гана адам бар, өлкө башчысы катары президент Курманбек Бакиевди гана таанышат. Ал эми убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ички иштер министри Болот Шерниязов дагы мыйзамсыз кызматка келген деп айтып атышат" деп сүйлөдү.

- Демек, Жалал-Абаддагы митинг башкарылуудабы?

- Стихиялык мүнөздө эмес. Биз К. Бакиевдин бийликке кайра келишин талап кылабыз деп чыгып атышат. Митингин токтотпоочудай сезилет. Бирок Жалал-Абад шаарындагы же райондордогу айрым адамдардан сураштырганыбызда, алар Бакиевге кызмат үчүн келген, бийликтин даамын татып калган адамдар гана колдоп атышат, ал эми негизи Бакиевди колдобогондор башка райондордо аябай көп деген пикирлерин айтышууда.

- Митингчилердин саны канчага жетип жатат?

- Митингчилердин саны ар кыл болуп атат. Эртең менен саат 11-12лерде эки миңдей болсо, кийинчерээк азайып, анан эки жактан келген адамдар менен кайра көбөйүп атат. Азыр облустук бийликтин маңдайындагы аянтта, облустук бийликтин короосунда, Барпы театрынын алдындагы бактарда жайылып жүргөнү үчүн алардын так санын айтыш кыйын. Бирок эл аябай көп. Убактылуу өкмөттү колдогондор буларга карата өздөрүнүн сын пикирлерин айтып жатышат.

- Утурумдук өкмөт дайындаган жетекчилик азыр облуста жокпу?

- Утурумдук өкмөт дайындаган губернатор Бектур Асанов бүгүн түштөн кийин маалымат жыйынын өткөрүүгө аракет кылды. Бирок ал маалымат жыйыны болбой калды. Облустук бийликтин маалымат кызматынын башчысы Орозалы Карасартовдун айтымында, н маалымат жыйыны Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасындагы олку-солку кырдаалга байланыштуу болбой калды. Ал эми Бектур Асанов менен телефон аркылуу байланышууга эч мүмкүндүк болгон жок.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG