Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Жалал-Абадда жок кылынган куралчандар Өзбекстанды көздөшкөнбү?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абадда жашырынган куралчан топту жок кылып, аларды сырттан келген “Өзбекстан ислам кыймылынын” мүчөлөрү деп аташты. Бирок алардын бирөө-жарымы тирүү колго түшпөгөндүктөн, куралчан топ кайдан келген, кайсы уюмдун мүчөлөрү деген сыяктуу суроолор дале кала берүүдө. Талдоочулардын баамында, коопсуздук чаралары күчөтүлбөсө мындай окуялар кайталанышы мүмкүн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, 22-июндан 23-июнга караган түнү Жалал-Абад шаарында уюштурулган операциянын соңунда террорчу делип шектелген беш адам жок кылынды.

Алардын бирөө-жарымы тирүү колго түшпөгөндүктөн, куралчан топ кайдан келген, кайсы уюмдун мүчөлөрү деген сыяктуу суроолор дале кала берүүдө.

Коопсуздук кызматы жок кылынган куралчан топту “Өзбекстандын ислам кыймылынын” мүчөлөрү дешкени менен азырынча аны тастыктаган маалыматтар ачыкка чыга элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул куралчан топ Ооганстан тараптан Тажикстан аркылуу Кыргызстанга өтүп келген болушу мүмкүн.

Кыргызстандын аймагында да террорчулардын чыгып жатышы, Ооганстан менен Пакистандагы кырдаал бүтүндөй чөлкөмгө таасирин тийгизе аларын дагы бир жолу далилдеди дешет.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында, чегарада эмес, Кыргызстандын чоң шаарларынын биринде террорчу топтун табылып, күч органдары менен кадимкидей ок атышып жатканы, бийлик өкүлдөрү үчүн коңгуроо болуусу абзел. Анткени мындан бир аз мурда эле бийликтин бийик бутактарында Ооганстандагы абал турукташып калганы айтылып, АКШнын “Манас” аба базасын жабуу маселеси кабыргасынан коюлган.

Аскерий эксперт жана саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, ШКУ, ЖККУ алкагында коопсуздугун камсыздай турчу Кыргызстандын аймагына террорчу топтордун ээн-эркин кирип кеткени таң калууну жаратпай койбойт. Андыктан өлкөнүн күч органдары аскерий сыноолордо гана мактана бербей, ушундай орчундуу коркунучтарды алдын алуу багытында иштеши керек эле:

- Булар иштерин жаңы баштап атканда эле кыраакылык көрсөтүп, көзөмөлдү күчөтүп туруп өз маалында чара көрүп койсок мындай жоготууларга учурабайт элек да. Мына биз көз боемочулукка аябай уста болуп алдык. Быйыл, былтыр тик учактарга түшүп алып эмне деген машыгууларды көрсөтүп мактандык. Тик учактан аркан менен түшүп атышат, асмандан терезеге секирип кирип атышат, калбыр болгон автобусту жардырып, тепсеп атышат... Ал эми иш жүзүнө келгенде сайрандаган бандиттер, сайрандаган террорчулар өз билгендерин кылып атышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети операция учурунда бир жоокеринен ажырап, дагы бирөө оор жаракат алды. Азырынча алардын аты-жөнү жок кылынган топтун ким экендиктери сыяктуу эле айтылбай турат.

Аталган комитеттин маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу бул операция тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

“Азаттык”: - Жок кылынгандардын аты-жөнү, кайдан келишкени такталдыбы? Кимдер экен булар?

Рысбек Быкын уулу: - Биз андай маалымат азырынча келе элек. Биз дагы толук билбейбиз. Ал жерде чукул аракеттеги топторубуз иштеп атат. Куралдар табылганын айтышты, бирок канча курал экени азырынча айтыла элек.

“Азаттык”: - “Өзбекстандын ислам кыймылына” тиешелүү топ экен деп маалымат тараттыңыздар го. Аны кантип билдиңиздер, эмнеге таянып айтып жатасыздар? Алардын жанынан ушуну далилдеген нерселер табылдыбы?

Рысбек Быкын уулу: - Андай маалыматты бизге ошол жердеги чукул аракеттеги кызматкерлерибиз беришти. Алар көптөн бери издеп, артынан жүрүп тапкандан кийин такташты да, кайсы кыймылга тиешеси бар адамдар экенин.

Жалал-Абад облусунун жашоочусу Талант Кемеловдун айтымында, чынында эле өлкөнүн түштүк аймагында түрдүү диний уюмдар көбөйүп, араларында төңкөрүшкө, курал кармоого чакырык таштагандар жүрөт. “Алардын аракеттерине биздин органдар көңүл кош мамиле кылгандыктан, Өзбекстан ар дайым бизге дооматын коюп, биз тараптан куралчан топтор өтүп атканын айтып келатышат”,- дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаевдин “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, Жалал-Абадда жок кылынган беш террорчунун баары тең өзбекстандыктар. Депутаттын айтымында алар Пакистандан атайын даярдыктан өтүп келишкен “Өзбекстандын ислам кыймылына” тиешелүү адамдар.

1999-2000-жылдары Тажикстан аркылуу Баткен облусуна чакан куралчан топ кирип келип, алар менен болгон кагылышта ондогон кыргыз жоокерлери набыт болгон. Алар да “Өзбекстандын ислам кыймылынын” мүчөлөрү экендиги айтылган. Ошондон бери Кыргызстандын аскер күчтөрүн талапка жараша реформалоо маселеси көтөрүлүп келатат.

XS
SM
MD
LG