Айыптын аңырты
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Азизбек Турдалиев ишти тергөөдө биртоп маселелердин башы ачылбай калганын белгилеп, Аликбек Жекшенкуловго коюлган оор айып, түркиялык ишкер Четин Серветтин өлтүрүлүшүнө анын тиешеси жоктугун ырастады.
- Аликбек Жекшенкулов 30-97-берененин 1-бөлүгүнүн 14-15-пункттары, 2-бөлүгү, 240-берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш жасоого тиешеси бардыгы далилденбегендиктен акталсын. Аликбек Жекшенкулов Кылмыш кодексинин 35-беренеси 2-бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышка тиешеси бар деп эсептелсин. Ага 5 жыл эркинен ажыратуу, анын ичинде 3 жылы жооптуу жана муниципиалдык кызматтарды ээлөөгө акысы жок, дүйнө-мүлкү тартылып алынбаган жаза колдонулсун. Кылмыш кодексинин 63-беренесине ылайык берилген жаза шарттуу, сыноо мөөнөтү үч жыл деп эсептелсин.
Сот ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жооптуу кызматкерлери Таалай Кыдыров, Нургүл Токтосунова, Данияр Мамырбаевдин ишинде кылмыш белгилери жоктугун ырастап, мөөнөтү өтүп кеткен иш үчүн аларды актады.
Түркиялык ишкердин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар шектелген Илияс Абдыкадыровду 4 жылга эркинен ажыратып, бирок да анын буга чейинки абакта, үй камагында отурган күндөрү эсепке алынып жаза өтөөдөн бошотулду. Аны менен кошо айыпталган Бакытбек Супатаев 1 жылга эркинен шарттуу ажыратылды.
Кылмыш кылтагынын кыңыр жолу
Аликбек Жекшенкулов соттогу соңку сөзүндө коюлган айыптардын баары саясий негизден чыкканын белгиледи. Күч кызматтары үчүн ойдон чыгарылган айыптарды кимдир бирөөгө оодара салыш текейден арзан экенине токтолду.
- Менин дарегиме ойго келбеген айыптарды үйүп таштоо аракети, элдин алдында жаманатты кылуу далбасасы бул саясий негизден чыккан, атайылап ойлоп табылган кылмыш иш экенин далилдейт.
А.Жекшенкулов кылмыш ишти териштирүү учурунда тергөө тарабынан коюлган айыптардын текши баары ырасталбаганын белгилеп, аны сотко жибергендерге минтип кайрылды.
- Прокурор мырзалар! Сиздер кылган ишиңиздер үчүн Кыргызстан жарандарын жок жерден күйгүзүп, айып тагып койгонго эч кандай моралдык же кесиптик жоопкерчиликке тартылбашыңарга көнүп алган окшойсуңар. Күнөөсү жок кишиге ойдон табылган айыпты кое саласыңар.
А.Жекшенкулов тергөөчүлөр эскирген жабдуулардын жардамы менен кылмышка шектүү деп кармалган адамды кандай да болсо айыпка жыгыш амалында аркыл амал-айлаларды жасоодон кайра тартышпастыгын да жашырган жок. Ал өзү белек тапанчасы менен 30 ок атып, бирок анын 25 гана экспертиза жыйынтыгына кошулганын, текшерүүгө катышкан 5 эксперттин 2 гана корутундуга кол коюшканын маалымдады.
Эшиктерди эми алмаштырбагыла!
Сот А.Жекшенкуловго коюлган айыптардын негизгисин четке кагып, Тышкы иштер министрлик имаратынын жупкадай жука кытай эшиктерин калыңына алмаштыртканы үчүн аны 5 жылга эркинен ажыратты.
“Алиби” гезитинин редактору укукчу Бабырбек Жээнбековдун айтуусунда, сот өкүмү А.Жекшенкуловго кандай да болсо айыпты моюнга илүүнүн аргасы гана.
- Эшиктердин баары ордунда турса, кайдагы зыян? Кылмыш-жаза кодексине таяна турган болсок адамды соттош үчүн мамлекетке болобу же жеке инсангабы же ишканагабы зыян келтириши керек эле. Бул жерде эч кандай зыян келтирбесе анда эмненин негизинде соттош керек?
А.Жекшенкулов Биринчи Май райондук сот өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди. Буга чейин ошол эле Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеш мүчөсү И.Исаковду аскер соту уулуна берилип, кайтарылган 2 бөлмө үчүн 8 жылга эркинен ажыраткан.