Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

А.Жекшенкуловдун соту дагы артка жылдырылды


17-декабрга белгиленген А.Жекшенкуловдун соту айрым актоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу дагы артка жылдырылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы мурунку тышкы иштер министрине каршы кылмыш иштин териштирилиши cозудугууда.

Аликбек Жекшенкуловго мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуп, конкурс негизинде тендер өткөрбөй министрлик имаратын оңдоого мамлекеттик каражаттарды ыксыз сарптагандыгы, ошондой эле анын өкмөттөн белекке алынган тапанчасынан түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айып коюлуп, быйыл 9-мартта камакка алынган. Ден соолугунун начарлап кетишине байланыштуу 14-августта анын баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Кылмыш ишти териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 22-июнда башталган. Ошондон бери кайсы бир күбөнүн же актоочунун келбей калгандыгына байланыштуу соттук териштирүү көбүнесе артка жылдырылып келатат.

17-декабрдагы сот жараяны башталарга чукул мамлекеттик айыптоочу Кудайберген Чыраков эки актоочу келбей калышканын айтып, ишти териштирүү дагы бир жумага артка жылдырыла тургандыгын жарыя кылды.

- Билесиздер, макулдашканбыз, ар бейшембиде саат 14 деп. Бул жөн-жай эле нерсе. Келгиле эмдиги бейшембиде саат он төрттө жолугалы. Болобу?

Соттук териштирүүлөрдүн антип улам артка жылдырылып калышын социалисттик “Атамекен” партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотонов саясий себеп-жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул өзү башынан эле саясий иш болчу. Мына эми сот өзү келбестен туруп прокурор эле башкарып, “сот минтип айтты, антип айтты” деп, сот айтпастан прокурор сот кайсы күнү болорун аныктап жатат. Бир жумадан кийин, эмки бейшембиде жолугалы деп. Ушунун баары эптеп созмой, саясий иш экени ачык эле көрүнүп турат.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Туратбек Мадылбеков да кийинки отурум кайсы күнү өтөрүн сот өзү аныкташ керек эле деп билдирди.

- Бул прокурор момундай кылып өзү башкарып, баарыңар кете бергиле деп сотту кийинкиге жылдырып коюшу туура эмес. Сот өзү келип туруп, кандай гана жумушу болбосун келип, антпесе соттун төрагасы бар, ал да болбосо кечирим сурап иш кылышы керек эле. Минтип артка жылдыра беришсе, булардын оюн мен түшүнбөй жатам. Мынакей адвокаттар келип атат. 5-10 мүнөт күтүп турушса болмок.

Соттук териштирүүлөрдүн кечеңделиш себеби тууралуу Аликбек Жекшенкулов пикирин билдирген жок. Аны соттук териштирүүлөргө чейин камакка алуунун эч кандай зарылдыгы жоктугун билдирип, Бириккен элдик кыймыл жетекчилиги март айындагы бийлик менен кезектеги сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан.

Ушу тапта оппозициянын биртоп өкүлдөрүнө И.Исаковго, С.Аргынбаевге, У.Рыскуловго, К.Кадыровго, А.Жекшенкуловго каршы кылмыш иштери козголуп соттук териштирүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG