Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Уйгур жаңжалы жана кыргызстандык уйгурлар


Кытайдын уйгурлар отурукташкан Чыгыш Түркистан аймагындагы жекшемби күнкү коогалаң кыргыз коомчулугун кайдигер калтырган жок. Кыргызстандык уйгурлар болсо Үрүмчү жаңжалына өтө астейдил мамиле жасашты.

Кыргызстанга жакын жайгашкан Шиңжаң автоном районундагы уйгурлар жаңжалына расмий Бишкек көңүл бурган жок. Кытайдын ички иши деп эсептеген бийлик жаңжал учурунда Үрүмчүдө жүргөн кыргызстандык жарандарды түгөлдөө жана аларды мекенине кайтаруу менен алектенди. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таратты. Чекарачылар болсо өз тарабын көзөмөлдөп, бирок, өзгөчө катуу тартип киргизген жок. Бул тууралуу 8-июлда чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Эркештам бекетине жана “Манас” аба майданына да Үрүмчү-Бишкек учак каттамы боюнча атайын тапшырма берилди. Биз өзүбүз да автоунааларга, жүргүнчүлөргө кандай таасири бар-жок деп иликтөө жүргүзүп атабыз. Өзүбүздүн баабызды берип, катуу деле көзөмөл киргизген жокпуз. Чек ара көзөмөлү болсо иштеп атат.

Ал эми кыргызстандык уйгурлардын лидерлери бирин-экин жергиликтүү маалымат каражаттарына интервью берүү менен чектелишти. Мындай астейдил мамилени алар өздөрү Кытай менен Кыргызстандын жакын алакасы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы коопсуздук боюнча келишимдери менен байланыштырышты. Маселен, “Иттипактын” азыркы жетекчиси Дилмурат Акбаровдун айтымында ал жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью бергени үчүн атайын кызматтардын эскертүүсүн алды. Мунун себебин ал кыргыз өкмөтүнө Кытайдын кысымы болушу мүмкүн деп түшүндүрдү. Ошондуктан кыргыздандык уйгурлар коому чоң акцияларды уюштурууга бел байлашкан жок:

- Кызуу кандуу жаштар, аялдар, байбичелер пикетке барууну көздөштү. Шайлоо алдында уйгурларды жаман көрсөтүү үчүн кытайлыктар дагы чагым жасап ийбесин деп, тыюу салып койдук. Ар бир айылдан аттуу-баштуу аксакалдарды чакырып, шайлоо бүткүчө тиешелүү органдардын уруксатысыз эч кандай пикет өткөрүүгө болбойт деп эскерттик, - деди “Иттипактын” азыркы жетекчиси Дилмурат Акбаров.

Кыргызстандык уйгурлар өздөрүнүн Чыгыш Түркистандагы улутташтарына тилектештигин жакынкы күндөрү Эл аралык уюмдарга, Кытай элчилигине Кытай бийлигинин аракеттерин сындаган кайрылуу таратуу аркылуу билдирген атат.

Кытай бийлигинин аракеттерин кескин сынга алган кыргызстандык уйгур коомчулугунун таасирдүү өкүлдөрүнүн бири, “Иттипак” коомунун мурдагы жетекчиси Разимухаммед Абдулбакиев:

- Уйгур эли өз тагдырына өзү ээ болушу керек. Бул БУУнун документтерине ылайык болот. Бирок буга тынчтык жолу менен жетүүгө тырышабыз, иштейбиз. Кытай маалыматтары дароо сепаратисттер, экстремисттер деп айтып атышат. Сепаратист деген бул Гонконг, Тайвань же Ганжоу бөлүнөм деп айтса сепаратист деп айтса болот. А басып алган жерди кайра алуу кайдагы сепаратизм?- деди Кытайдын дооматын четке кагып.

Жергиликтүү талдоочулардын баамында Кытайдын бүтүндүгүнө коркунуч алып келүүсү ыктымал эл тибеттиктерден кийин эле уйгурлар болуп саналышат. Ошого жараша Кытай мамлекети мүмкүн болушунча уйгурларга каршы катаң саясат жүргүзүп, аларды сепаратизм үчүн айыптап, демин суутуу, негизги улут менен аргындаштыруу аракетин көрүп келаткандыгы айтылып жүрөт.
Акыркы окуяга байланыштуу дүйнөлүк маалымат каражаттарынын жазганына караганда азыр Шиңжаң-уйгур автоном районунда уйгурлар 45% пайызды, Кытайдын хан уруусу 40% түзүп турат.

Өндүрүштүк жаңжалдын шылтоосу менен 5-июлда көчөгө чыккан уйгурлардын демин бул жолу Кытай бийлиги күчөтүлгөн тартип киргизүү аркылуу сууткандай болду. Жаңжал учурунда 150 киши мерт болуп, жүздөгөн кишилер камакка алынгандыгы кабарланды. Кыргызстандык карапайым уйгурлар бул окуяга маани бербегендей түр көрсөткөнү менен, активисттер Үрүмчүдөгү туугандарынан тынчсызданып жаткандыктарын жашырышкан жери жок.

Жергиликтүү талдоочулар өз кезегинде уйгурлардын Үрүмчү козголоңу Кыргызстандын коопсуздугуна таасир этиш ыктымалдыгын айтып жатышат. Бул биринчи кезекте окуянын артында исламчыл топтор турган шартка байланууда. Саясат таануучу Самат Бекибаевдин пикиринде:

- Эң башкысы буларды иргеп туруш керек. Биринчиден коогалаңдын башында кимдер турарын билиш керек: Пакистан же Ооганстан тараптан чыккан диний уюмдарбы, мусулман, уйгур исламчыларыбы же Батыштагы либералдык өкмөттүк эмес уюмдарды башкарган Үрүмчү, Шиңжаң диссиденттериби?

Бекибаевдин пикиринде, уйгурлардын акыркы козголушунун артында уйгур диссиденттеринен куралган Батыштагы либералдык күчтөр эмес, динчил уюмдар турса, анда Кыргызстан олуттуу аракеттерди көрүүгө аргасыз болот.

Бирок дин таануучу Кадыр Маликов Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы окуяда диний кызыкчылык жок деп, аны Кытай өзү жеке чече турган сепаратисттик аракеттер деп баалады:

- Канткен менен ал диний мүнөзгө эмес, Бул - даана эле сепаратисттик мүнөзгө ээ улуттук жаңжал. Ошондуктан муну Ислам кыймылы менен дегеле байланыштырууга болбойт.

Анткен менен уйгурлардын эгемендикке жетерине ишенгендер жергиликтүү талдоочулар арасында сейрек. Маселен, тарыхчы-окумуштуу Олжобай Каратаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда өз пикирин төмөнкүдөй негиздеди:

- Азыр салмак Кытай тарабында болуп атат. Анткени бул аймакта 7-8 млн. уйгур, ошол эле учурда 100 миллионго жакын кытай калкы жашайт. Мүмкүн эмес болуп атат, анткени, 49-жылдан бери кытай бийлиги уйгурлардын азаттык үчүн күрөшүн ар тараптуу басуу максатында мамлекеттик деңгээлде иш аткаргандыктан, Чыгыш Түркистанда уйгурлар өз эркиндигин жеңип алат дегенден биз алыспыз.

Өз кезегинде тышкаркы жактагы уйгурлардын кыймылдары Кытайдагы улутташтары акыркы окуядан кийин бийликтин катаал кысымына кабыларын бөркүндөй көрүп, аларга арачы түшүүнүн ар тараптуу жолдорун издеп жаткандыгы кабарланууда. Айрым божомолдордо кысымга кабылган уйгурлар кайрадан башка өлкөлөргө ооп кетүү аракеттерин туризм, соода-сатык, тууганчылоо өңдүү кыйыр жолдор аркылуу баштаарын жоромолдоп жатышат. Мындай аракеттер башталса биринчи кезекте Кыргызстанга кесепети тийиши мүмкүн. “Азаттыкка” ой бөлүшкөн мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун пикиринде:


- 60 миңдей уйгур калкы жашагандыктан, алардын туугандары убактылуу деп келип, отурукташып калышы ыктымал да. Андан кийин бул жерден башка өлкөлөргө өтүп кетиш абдан оңой, себеби дегенде биздеги бүгүнкү система баардыгын көзөмөлдөп, текшергенге кудурети да жетпейт, ага барбайт дагы. Себеби бүгүнкү биздин бийлик андайларга иштебей эле, жалаң жанагы оппозициялык маанайдагы адамдардын тууган уруктарынын артынан түшүп калбадыбы. Мына ошонун негизинде Кыргызстанга келгенден кийин алардын башка жака чыгышы абдан эле жөнөкөй болуп калат. Паспортторун оңдоп алышат, паспортторду сатып алышат, жолдору толуп жатат да эми.

“Иттипак” коомунун башчысы Дилмурат Акбаров болсо өз кезегинде Шаңжаңдагы акыркы окуя уйгурлардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга ооп келүү жараянын күчөөөрү тууралуу божомолду тастыктай да, төгүндөй да алган жок. Анын айтымында кыргызстандык уйгурлар Кытайдагы өз туугандары менен акыркы окуядан кийин байланыша албай жатышат. Каттаган кытайлык соодагерлер жергиликтүү уйгур активисттери менен жолугушуудан чочулашат. Жакынкы күндөрү келерки күтүлүп жаткан туристтердин алгачкы тобу кандайдыр бир кабар айта келеби деп күтүп жатабыз деди “Итиппак” коомунун башчысы.

Кыргызстандык уйгур активисттердин айтымдарында Кытай бийлигинин запкысынан акыркы отуз жылда дүйнөнүн булуң-бурчтарына тараган уйгурлардын саны миңдеп саналат. Маселен, айрым маалымат булактарына таянган кыргызстандык уйгур активисттери 50-жылдары СССРдин курамындагы мамлекеттерге 1 миллион уйгур тараганын, алардын ичинен Фергана өрөөнүнө ооп келип отурукташып калгандары 500 миңге жетерин айтышууда. Кыргызстандык талдоочулардын айрымдары болсо Кыргызстанда отурукташкан уйгурлар жергиликтүү улут менен интеграцияланууга караганда бул өлкөнү өткөөл өлкө катары пайдаланууга көбүрөөк ынгайлашып, натыйжада чет өлкөлөргө оңой ооп кетип жатканын белгилеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG