Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:07

Ж. Сапарбаев: БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү


Жоомарт Сапарбаев

Шайлоого бир айдан ашыгыраак убакыт калды. 18-июндан баштап талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүгө киришет. БЭК бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин жер-жерлердеги штабдарына кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда. Шайлоо өнөктүгү маалында бирдиктүү оппозиция туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө аталган кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирет.

-БЭКтин жер-жерлердеги штабына жасалып жаткан кысымдар тууралуу кеңирирээк айтып кетсеңиз. Кысым ким тарабынан жасалып атат?

-Эми ачыгын айтканда кысым азыр толугу менен бийлик тарабынан гана болуп атат. Мисалга алсак, кечээ эле бизге Нарындан маалымат түштү. Кочкор районунун акиминин орун басары, эгер жаңылышпасам Ашырова Роза деген айым биздин кандидаттын Нарындагы активистерин чакырып алып “ошол штабга берилген үйүңөрдү, аптекаңарды жаап, тезден-тез ошол Атамбаевге иштегениңиздерди токтотпосоңор шайлоодон кийин чоң кыйынчылыктарга учурап калышыңар мүмкүн”- деп ачык эле эскертиптир.

Ошондой нерселер Нарында гана эмес, бүт облустарда болуп атат. Биздин активистерге күндөн- күнгө кысым көбөйүп, штабдарды жапканга аракет кылышууда. Ал эми баш ийбеген партиянын мүчөлөрүнө болсо кол салганга чейин барып атышат. Буга чейин Кочкор-Ата шаарындагы Атамбаевдин пайдасына иштеп жаткан биздин бир активистке түнкү экиде белгисиз адамдар келип коркутуп кетиптир "эгерде эртеңден баштап ушул ишмердигиңди токтотпосоң өмүрүңөн айрылып калышың мүмкүн" деп. Ошондуктан бул толугу менен оппозицияга каршы бийлик тарабынан жасалып жаткан провокациялар жана кысым деп мен айта алам.

-Эми бул окуялар боюнча күч органдарына кайрылуу кандайдыр бир натыйжасын берет, деген үмүт барбы?

-Эми аны баарыбыз жакшы билебиз, күч органдары өзүлөрү кысып атса, өзүлөрү биздин мүчөлөрдү коркутуп- үркүтүп атса кайдагы натыйжа болмок эле.

-Ошол жер-жерлердеги штабтарда иштеген адамдардын укугун, ден-соолугун, керек болсо өмүрүн коргоо үчүн кыйиыл кандай аракеттерди жасай алат?

-БЭКтин атынан эмес биринчи орунда ушул азыркы шайлоо штабынын атынан айтып кетейин алдын ала сүйлөшкөн элек. Биз юридикалык жактан да жана саясий жактан да ушул коргоо жасаганга аракет кылабыз, толугу менен керек болсо адвокаттарды алып, керек болсо депутаттарды алдыга салып коргоо жасаганга аракет кылабыз.

-Жергиликтүү бийлик ошол биринчи ирээтте өздөрү каршы чыгып, коркутуп-үркүтүү, кысууларга барып жатат деп атпайсызбы. Анан мисалы юридикалык жардам бергенде деле канчалык деңгээлде натыйжасын бере алат да. Мына күч органдары деле сиздердин тарапта эмес деп эсептесек.

-Толугу менен натыйжасын берет же өзгөрүп кетет деп айткандан мен алысмын, биринчиден. Бирок биз ошондой кадамдарга өз убагында реакция берип тура турган болсок, анда ошол жергиликтүү адамдар да колдоону байкап, колдоону сезип дегендей өзүлөрү да ошондой кысымдарга кичине аракет кылат эле.

-Эми буга ошол жергиликтүү адамдар штаб мүчөлөрүнүн жердештери да кандайдыр бир аракеттерди кылса жакшы болмок беле? Сиз кандай дейсиз?

-Албетте, аракеттерди кылса жакшы болмок. Мен билгенден кээ бир жерлерде андай аракеттер болуп атат, ошол кысым көргөзүп аткан адамдын бийлигине карабастан көп эле туруштук берип, өз укугун коргоого аракет кылып атышат.

-Жоомарт сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG