Сокулук районунун тургуну Өндүрүш Токтоназаров “Азаттыктын” Чүй облусу боюнча кабарчысы Жазгүл Жамангуловага алдыдагы шайлоо тууралуу пикири менен бөлүшкөн.
Өндүрүш Токтоназаров: - Менин жеке баамымда алдыдагы президенттик шайлоо бир топ ыр-чыр менен бүтөт окшойт. Анын бетин ары кылсын дечи, бирок ошого баратат. Менин өзүм жашаган тарапта эл нааразы. Баары тең эле “оппозицияны колдойбуз, бул эмне иш кылды. Дагы тезек теребизби? Камбар-Атанын биринчисин бүтпөй атып экинчиси деп атат. Бул президент аман эле болсун, бизге жакпай калды кетсе болот эле”,- деп атышат. Ушул сыңары элди да убара кылбай, өзү да убара болбой кетсе болот эле. Эми адамдын жеке керт башына асылбаш керек. Бирок президент катары Курманбек Бакиевдин жөндөмү жок экен. Өзүн көргөздү.
Айша: - Мобу Бакиевдин ишине такыр ыраазы эмесмин. Баягы Акаев кетип атканда айтпады беле, “үй-бүлөлүк башкаруу болбойт, антпейт-минтпейт”,- деп катуу убада берген эле. Бирок бирөөнү да аткарган жок, сөзүнө тура албады. Бала-бакырасы, бир туугандары менен жабылышып элди басып жеп, тартып алып атышат. Кимден сурасаң деле “менин баланчамды тартып алышты, түкүнчөмдү тартып алышты”,- дешет. Азыр эл башын көтөрө албай калды, жалаң кара жандарынан коркуп. Канчалаган буюртма өлтүрүүлөр болуп атат. Алдыдагы шайлоо болсо баягыдай эле өтөт да. Мурдатан эле бардыгы даяр, тизмелерден бери булар баарын камдап коюшкан...
Чоюнбек: - Мени кабатыр кылган нерсе, алдыдагы шайлоого Өмүрбек Текебаевдин барбайм дегени болду. Эл сыяктуу эле бул нерсе мени да коркутуп койду. Чындап эле коркуп калдык. Себеп дегенде саясатта тең салмактуулук катуу бузулуп калды. Ушундай болуп атканда оппозиция катуу ойлонуш керек. Мен алардын сунуштарын жок дебейм, Атамбаевди чыгарабы же башкасын чыгарабы өздөрү билет. Бирок кайрадан алданып калбасак болду. Азыр ансыз деле аты-жыты билинбегендер президент болобуз деп жулунуп атышат. Ошол себептүү мен оппозициянын бир эле жолун көрүп турам. Алар жакшылап ойлонуп туруп колдон келсе жаш, советтик системага малынбаган, жаңы, күчтүү бирөөнү чыгарышса болот эле. Азыр болсо элдерге баарыбир болуп калды. Мисалы мен үчүн Текебаев четтегенден кийин кимиси президент болот, Атамбаевби же Сариевби баарыбир болуп калды.
Сардал Дыйканбаева: Бийликтегилер менен биригип кеткен алдамчылар жалгыз үйүмдү тартып алышты
“Эл үнү” уктуруубузга Сардал Дыйканбаева аттуу жаран кайрылды. Ал убагында алты жыл бала-чакасы менен Орусияда эмгектенип, көрбөгөн кордукту көрүп жүрүп Бишкектен бир бөлмөлүү үй сатып алган. Орусиядан кайтып келгенден кийин беш баласы менен ал үйүндө жашап келаткан. Анын айтымында, Бакыт Зундунов аттуу жаран кызы Миргүлдү алдап үйүн күрөөгө койдурганын, банктан 30 миң доллардан ашык акча алып учурда качып жүргөнүн, ага жадагалса соттун да алы жетпегенин айтат. Сардал Дыйканбаеванын пикиринде, аларды үйсүз калтырган Бакыт Зундуновдун аркасында таасирлүү адамдар турган болушу ыктымал:
- Менин беш балам бар. Сиздерге кайрылып атканымдын себеби, башыма чоң мүшкүл түшүп калды. Ошол себептүү айлам кеткенден сиздер менен бөлүшүп коюуну чечтим. Баягы жылдары базар экономикасына өтүп атканда мамлекеттен үмүт кылбай, мен да эл катары оокат кылайын деп Орусияга кеттим. Бала-чакамды чогуу алып кеттим. Ал жакта алты жыл иштеп, чакан да болсо өзүмдүн социалдык көйгөйүмдү чечип алдым. Бир бөлмө үй сатып алдым. Ага балдарым менен аябай сүйүндүк. Ошол бир бөлмө үйдү алты жыл иштеп, көрбөгөн кордукту көрүп, Орусиядагы ар кандай элдердин кемсинткендерине чыдап, тишибизди тишибизге койгулап жүрүп алганбыз. Акыры ошондой жашоодон тажап, өзүбүздүн жерге кетели деп баса бердик. Сатып алган бир бөлмө үйүбүздө жашап калдык.
Кызым болсо Ошто иштеп калды. Облустук керектөөчүлөр бирикмесинин имаратында бир бөлмөнү ижарага алып, “IP (Ай-пи) телефония” ачып, иштете баштады. Анын жанындагы бир бөлмөдө Бакыт Зундунов деген адам иштеп калат. Менин кызым Миргүл Дыйканбаева аны менен жакшы мамиледе болуп, акча алышып-беришип жүргөн экен.
Бир күнү Зундунов Миргүлдү чакырып, үйүңөрдү “АзияУниверсалБанкка” күрөөгө коюп, акча алып туруп үйүңөрдү кеңейтип албайсыңарбы деген сунуш айтат. Тааныштары бар экенин, жардам бере турганын айтат. Кызым ойлонуп калат. Ал күнүгө ошондой сунуш айтып, “үйдү күрөөгө коюп чоң акча алгыла, айланткыла” дейт. Кызым анча чоң акчаны айланта албасын айтат. Анда тигил айтат, “Үйүңдү менин атыма өткөр, менин атыман банктан чоң акча алабыз. Ошол акчаны айландырабыз. Ал акчаны мен сага үстөгү менен кайтарып берем. Үйүндү сата турган болсоң мен алам, а силер болсо үйүңөрдү чоңойтуп аласыңар”,- дейт.
Кызым ага макул болуп Бишкекке келип үйдү анын атына өткөрүшөт. Бир күн ичинде үйдү банкка күрөөгө коюшат. “Эми калганын бүтүрүп туруп акчаны алып аркаңан барам” деп, Бакыт Зундунов кызымды аркага кетирип жиберет дагы банктан 31 миң доллар акча алат.
Таң калычтуусу, баарын бир күндө бүтүрүп, банктан ушунча чоң суммадагы акчаны алган. Мен убагында үйүмдү күрөөгө коюп, банктан 2-3 миң доллар ала албай койгом. Менин оюмча мунун аркасында бирөөлөр турат. Булар өзүнчө эле элди алдай турган система менен иштеген эмелер экен. Болбосо бул иш Оштогу сотто 9 эпизод менен каралып, акырында ага болгону 3 жыл үй камагына гана кесилди.
Азыр болсо бизди алдап коюп Зундунов бир жарым жылдан бери жок. Эмне үчүн бийлик карапайым элди чөгөлөтүп, жөрмөлөтүп, тентитип, кемсинтип, ушундай жаман акыбалга алып келгени аз келгенсип, оозубузда чайнап турган биртке жемибизди, эптеп баш калап аткан башыбыздагы чатырыбызды да көкүрөккө коюп тартып алып атышат. Буга ким жооп берет, Зундуновдордун ишине ким точка коет.
Менин булардын баарын айтып аткан себебим, ушул Зундуновго мага окшогон дагы бир байкуш алданбасын деп жатам. Мага окшоп дагы бир бечара какшап калбасын деп атам.
Тоок уурдаган адам 3-5 жылга кесилип атат. Ал эми Зундуновго окшогондор далайларды какшатып коюп бир күн да түрмөгө отурган жок. Эмне үчүн Зундуновдорго окшогондорго мыйзам иштебейт...
Курманбек Бакиевдин бир канча жолу сүйлөгөнүн уктум эле. “Жарандардын укуктары корголсун”,- деген сөзүн. Кайсы жарандардын укуктары, Зундуновдорго окшогон алдамчылардын укуктарыбы же бизге окшогон бечаралардын укуктарыбы. Мен же менин кызым алданып калганыбыз үчүн күнөөлүбүзбү? Алдаган адамдын укугу бар, алданган адамдардын укуктары жок бекен... Андай болсо Кыргызстанда жатып ичер, алдамчы, бок курсак чиновниктер жашасын, биз чыгып кетели анда...