Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Аялдарга зомбулук көрсөтүү - жайылган көрүнүш


БУУнун "Аялдарга каршы зомбулукка жок дейли" деген кампаниясы
БУУнун "Аялдарга каршы зомбулукка жок дейли" деген кампаниясы

25-ноябрда аялдарга зомбулук кылууга каршы күрөшүү күнү белгиленет. Аялдардын укуктарына соңку кезде эл аралык деңгээлде көп көңүл бурулууда.

Быйыл март айында Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун аялдарга зомбулук кылууга каршы өнөктүк баштаган. Бул күнү ошондой эле “Аялдарга каршы зомбулукка жок дейли” деген кампаниянын алгачкы айлампасы аяктайт. Ошентсе да, дүйнөнүн булуң-бурчунда аялдардын запкы чегүүсү токтобой келатат.

Улуттар уюмунун алдындагы Аялдардын өнүгүү фондусу билдиргендей, кыз-келиндерге каршы зомбулук дүйнөдө пандемия сыңары кеңири жайылган. Дүйнөдөгү үч аялдын кеминде бирөө өз өмүрүндө токмок жеген, жыныстык катнашка мажбурланган же зомбулуктун башка түрүнө туш болгон. Адатта аялдар айланасындагы адамдардан запкы чегишет.

15тен 44 жашка чейинки аялдар арасындагы өлүмдүн же майып болуп калуунун себептери дал ошондой зордук-зомбулукка байланыштуу. Бир катар изилдөөлөр көргөзгөндөй, зомбулук менен ВИЧ/СПИДдин ортосунда түздөн түз байланыш бар.

Моралдык, социалдык чыгымдан тышкары аялдарга каршы зомбулук экономикалык кесепетин да тийгизет. АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 2003-жылы жарыялаган маалыматка ылайык, үй-бүлөдөгү күч колдонуу өлкөгө жылына 5,8 миллиард доллар чыгым алып келет. Анын 1,4 миллиарды медициналык тейлөөгө жумшалса, адамдардын тукум улантуу функциясынын жабыркашы мамлекетти 1,8 миллиард доллар чыгашага учуратат. Ошентип, аялдарга каршы зомбулук жеке адамга, үй-бүлөгө, жалпы коомго оор моралдык зыян алып келбестен, улуттун экономикалык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.

Бул күндү Кыргызстандагы “Сезим” кризис борбору да белгилеп жүрөт. Биз анын жетекчиси Бүбүсара Рыскуловага бир нече суроо менен кайрылдык.

Азаттык: -Бүбүсара айым, Кыргызстанда аялдар зомбулуктун кайсы түрүнө көбүрөөк кабылышат?

Бүбүсара Рыскулова: - Кыргызстандагы аялдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка көп кабылат. Бизге ар кандай күч колдонуу, психологиялык, экономикалык басмырлоого туш болгондор, күйөөлөрү кууп жиберген, көчөдө калган аялдар, кээ бирлери балдары менен келишет. Зомбулук маселесинин социалдык, экономикалык проблема менен байланышы бар. Бирок жалаң эле жетишпеген үй-бүлөлөрдө чыр-чатак болот деп кесе айтуу болбойт.

Азаттык: -Аялдарга каршы зомбулук азайып жатабы же көбөйүүдөбү?

Бүбүсара Рыскулова: -Акыркы кездерде биздин борборго көбүрөөк кайрылып калышты. Ошто, Жалал-Абадда, Алайда кризистик борборлор иштеп атат. Демек ушундай борборлордун кереги бар, эл кайрылып атат. Мындан 15 жыл мурун психолог деген сөз көп колдончу эмес. Ишеним телефону күндүр-түндүр иштейт. Экинчи жагынан, турмуш шартына байланыштуу үй-бүлөдөгү чыр-чатак көбөйүп жатат. Кыз келиндер “челнок” болуп, үй-бүлөсүн таштап, алыс жерге кетип атышат. Балдар калып атат. Жолдоштору бул жакта калат. Ушуга байланыштуу зордук-зомбулуктун түрлөрү көбөйгөнсүп баратат.

Азаттык: - Сиздин борбор бул күнү кандай иш чараларды өткөрөт?

Бүбүсара Рыскулова: -10 жылдан бери ар кандай формада маалымат программасын ишке ашырып келатабыз. Быйыл да аз камсыз болгон аялдарга, карылар үйлөрүнө барып маалымат беребиз. Биздин жаштар канатыбыз мектептерге барат. Былтыр, маселен, жогорку окуу жайларында зордук-зомбулук темасы боюнча КВН өткөргөнбүз. Быйыл болсо башкача форма менен өткөрүп атабыз.

XS
SM
MD
LG