Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды


29-январда Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы спорт борборунда грек- рим күрөшүнөн өлкөнүн 2010-жылкы чемпионаты жыйынтыкталды.

28-январда грек-рим күрөшүнөн 4 салмак боюнча Кыргызстандын 2010-жылкы чемпиондору аныкталса, 29-январда үч салмак боюнча таймашууларга сексенге жакын балбан катышты.

60 кг салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев кечээ 66 кг салмакта үчүнчү орунду ээледи.

Мыктылар иргелип отуруп, финалга Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти, жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медал ээси Азиз Бейшалиев менен Бишкектеги «Бүркүт» спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков чыгып, Азиз жеңишке жетишти.

74 кг салмакта күрөшүп жүргөн Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов АКШда машыгууда жүргөндүктөн мелдешке катышкан жок. Бирок анын иниси Бактияр Көбөнов үчүнчү орунду камсыз кылды.

Бул салмакта бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Темирлан Салават уулу менен жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байге ээси Арсен Айылчиев финалда беттешип, Темирлан өлкө чемпиону аталды.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде, Бээжин олимпиадасынан кийин бул күрөшкө кызыккан жаштар арбын болуп, быйылкы чемпионат атаандашуу кырдаалында өттү.

96 кг салмакта Кыргызстандын көп жолку чемпиону, олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Эркинбаев финалда жалалабаттык Тынычбек Токторбаевди утуп, өткөн жылыф алган чемпиондук наамын сактап калды.

Азат Эркинбеков алдыда дүйнө, Азия чемпионаттары, 16-Азия оюндарынын сыноолору турганын айтып, анда Кыргызстандын намысын коргой турганын “Азаттыкка” билдирди.

27-январдан бери Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Жеңүүчүлөрү 31-январда аныкталат.

29-январда Бишкектеги шаардык муз айдыңында Москвадан келген спорт ардагерлеринин "Советтик хоккейдин легендалары" командасы менен Кыргызстандын "Хан-Теңири" командасынын жолдоштук беттешүүсү болду.

Орусиялык хоккей жылдыздары аталган дүйнө жана олимпиаданын чемпиондору Александр Якушев, Сергей Макаров, Виктор Шалимов, Юрий Ляпкин, Владимир Лутченко жана башкалар өнөрүн көрсөтүп, "Хан-Теңири" командасынын оюнчуларына чеберчилигин далилдеп утуп алышты.

Өлкөнүн хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында, Кеңеш доорундагы хоккей жылдыздары аталган дүйнө жана олимпиаданын чемпиондорунун Кыргызстанга келип, жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүшү бул спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Советтик хоккейдин легендаларынын бири Александр Якушев буларды айтты:

- Биз сиздин команданы жеңиш үчүн эмес, бул аймакта хоккейдин баркын көтөрүү үчүн келдик. Сапарыбыздын пайдасы болсо деген үмүт бар.

А.Якушев Кыргызстанда хоккей федерациясынын түзүлгөндүгүнө бир жыл гана болгондугун эске салып, Кыргызстан келечекте эл аралык хоккей федерациясынын тизмесине кирип калышын каалады.
XS
SM
MD
LG