Мамлекеттик кадр кызматы эми жаңы муунду ишке тартуу аракетин баштады.
Мавлян Аскарбеков 27 жашта. Ал президент алдындагы башкаруу Академиясынын экономика факультетин аяктаган. Андан соң Англиядагы Кембридж колледжинен билимин өркүндөткөн. Учурда ал Кыргызстанда. Бирок Мавлян азырынча жумушсуз.
- Буга чейинки эки президенттин убагында кадр жаатында чоң кемчиликтер болуп келген. Кадр кызматына резюме таштап, таанышы жок ишке орношкондор да болгондур. Бирок жумушка кириш үчүн жакшы тааныш, болбоду дегенде пара берүү керек экени баарыбызга маалым. Ошол эле маалда айлык акынын аздыгы мамлекеттик кызматка жаштардын келишине шарт түзбөй жатат.
Убактылуу өкмөттүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка башкаруучулардын жаңы муунун чакыруу программасы жөнүндө" токтомуна ылайык, кадр кызматы мамлекеттик башкарууга жаштарды тартуу боюнча документтерди кабыл ала баштады. Мамлекеттик башкарууга жигердүү жаштар тартылат. Алар үчүн атайын жайкы программалар уюштурулуп, окутуулар жүрөт. Учурда талапкерлерге жалпы талап жана керектүү кагаздарды топтоо боюнча маалыматтар берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев “7-апрелдеги элдик ыңклапка катышкан жаштарга да артыкчылык берилет”- деп билдирди.
- Өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу максатында алардын билим деңгээлин көтөрүүнү көздөп жатабыз. Бул токтомдун негизинде Кыргызстандын баардык аймактарынан жаштарды окутуп, келечекте мамлекеттик кызматтарга орноштурабыз.
Жаштарды окутуп, кийин мамлекеттик кызматка тартуу максатында комиссиялар бекиди. Жаңы муундун өкүлдөрүнөн турган эки жарым миң адис аймактарда жана баш калаада окутулат. Алар үчүн кызмат орундары жетиштүү болорун кадр кызматынын жетекчилиги билдирди.
Бирок жаштардын өкүлү Мавлян Аскарбеков бул жерде тааныш-билиш, паракорлук сыяктуу көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн деп кооптонууда:
- Биздин келечегибиз ошол жердеги комиссиянын курамына көз каранды. Алардын чечими менен жаны муундун өкүлдөрү келет. Бул комиссиядагылар кайра эле паракорлука аралашып, эски жолго түшсө мурдагы кейпибизди кийип оңолбой калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан кадрлар маселеси чоң кылдаттыкты талап кылат.
Кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев “мындай кооптонуларга жол бербейбиз, комиссиянын курамына таза адамдарды тартабыз” деп билдирди.
- Паракорлук жана тууганчылык маселеси жүрөктү өйүткөн чоң проблемага айланып калды. Ошондуктан комиссиянын курамына биринчи кезекте жаштарды жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн тартсак деп турабыз. Буга чейин мамлекеттик башкаруу ишине аралашууга мүмкүнчүлүгү болбой келген кыргыздан жаштарын кызматка алганга жакшы аракетерди жасайбыз.