Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Оштогу кырдаал калыбына келүүдө


Ош шаарында кырдаал тынчып баратканын, шаардын калкына гуманитардык жардам келип таркатылып жатканын бул жактагы кабарчыбыз Жанар Акаев билдирди.


- Шаарда түн кандай өттү, абал кандай?

- Шаарда түн абдан тынч өттү, дээрлик ок атышуу болгон жок, коменданттык саат дагы абдан күчөтүлгөн тартипте иштеди.

- Кыргыз өзбек кошуну түзүлөрү жөнүндө кечээ сөз болгон эле. Ошол кошун иштей баштадыбы?

- Кошун боюнча кечээ түнү менен алек болушту. Бүгүн иштей баштайт деген сөз болуп атат. Кыргыз жана өзбек коомчулугунун лидерлери комендатуранын өкүлдөрү жолугушканына күбө болдум. Ошондой кошуун түзүп, бүгүндөн баштап иштеп, бүгүн абалды турукташтырууга эки тарап тең болгон күчүн жумшайт деп турушат. Жагдай бир топ тынчыйт деген маалыматтар бар.

- Шаар калкын азык-түлүк менен камсыздоо бир топ проблема жаратып жатканы айтылды эле. Мына өзүң турган жерде коңшуларың азык-түлүктү үзбөй алып атышкан бекен, суу менен камсыздоо кандай болууда?

- Туура, негизинен кечээ азык-түлүк жок. Дал ушул маалда элдер үйдүн алдына чыгышып, үйдүн ээлеринен, кичи райондун жетекчилеринен азык-түлүк талап кылышып, бир топ башаламандык жаралып кеткен эле. Бирок Бишкектен келген гумжардамдар кечээ бир топ эле таркатылды. Кичи райондорго да жетип, айрым жерде дүкөндөр иштей баштагандан улам элдер бир топ азык-түлүк алып алышты. Бишкектен келген гумжардамды кечээ таратып, өздөрүнө азык-түлүк алып алганга үлгүрүштү. Себеби дүкөндөрдүн 50 пайызы ишке кирди.

- Өзгөн, Жалал-Абад жактан, Кызыл-Кыя, Ноокат жакка унаалар өтүүдөбү?

- Албетте, бул жакта шаардан чыккан унаалар өздөрү өтө албайт. Ал эми аялдарды, балдарды чыгарып жатышат. Ноокат районуна жөн эле өтүүгө болот. Ал эми Өзгөн районуна карай Оштон чыга бериште дагы эле айрым учурда атышуулар болгондуктан аларды атайын аскер топтору коштоп чыгарып жатышат.

XS
SM
MD
LG