Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Бишкектеги коркунучтуу ушактар жана каршы чаралар


Бишкекте коомдук тартипти сактоодо милицияга элдик кошуундар да көмөк көрсөтүүдө.
Бишкекте коомдук тартипти сактоодо милицияга элдик кошуундар да көмөк көрсөтүүдө.

Түштүктөгү кандуу калабанын деми сууй электе ордо калаа Бишкекти түрдүү кеп-сөздөр аралап кетти. “22-июнда Бишкекте да баш-аламандыктар башталышы мүмкүн” деген сыяктуу кептерден улам шаардыктар тынчсызданып турган чак. Убактылуу өкмөт кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, калкты чагымчыларга алдырбоого үндөөдө.

Кыргызстандагы саясий кырдаалды курчуткандар, Ош менен Жалал-Абад облустарында кагылыштарды уюштургандар кайсы бир үчүнчү күчтөр экени айтылып эле келатат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү болсо Кыргызстандагы коогалуу окуяларды Бакиевдер уюштуруп атканын айтышууда.

Кырдаалдын курчушун жана 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумдун үзгүлтүккө учурашын каалаган алардан башка да саясий күчтөр бар экени айтылып келатат.

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, референдумду жылдырууга үндөгөндөр же Бишкекте ушак-айың таркатып жүргөндөр - Убактылуу өкмөттүн кулашын жана учурдан пайдаланып бийликке келип калууну каалаган эле күчтөр. Андыктан Убактылуу өкмөт ыкчам иштеп, түрдүү чагымдарды убагында токтотуп, референдум менен парламенттик шайлоону болушунча тез арада өткөрүп алуусу керек. Анткени легитимдешүү процесси созула берсе кырдаал чектен чыгып кетүүсү ыктымал:
Орозбек Молдалиев

- Референдумду сөзсүз түрдө белгиленген мөөнөттө өткөрүшүбүз керек. “Мобул кырдаал мобундай болуп атса, түштүктө тигиндей болуп атса, стабилдүүлүк болбой атса палан-түкүн” дегендер бул шылтоолор. Андан кыйын, абдан татаал согуштар болуп атканда деле шайлоолорду өткөрүп келишкен. Империя экиге бөлүнүп, кыйрап аткан маалда деле Индияда шайлоолор өткөн. Жакынкы эле тарыхты карасак, мына кан күйгөн Ооганстанда деле былтыр шайлоолор өттү. “Референдум жылдырылсын” дегендер, түрдүү ушак-айыңдарды таратып аткандар – Убактылуу өкмөттү кулатып, бийликти басып калалы деген күчтөр болуп атат...


Бишкекте калкты дүрбөлөңгө түшүрүүнү көздөгөн адамдар кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта Бишкекте милиция күчөтүлгөн абалда иштеп атат. Кырдаал толук көзөмөл алдында жана милицияга аскер күчтөрү, элдик кошуундар көмөк кылышууда.

Ал эми Бишкекте “22-июнда андай болот, мындай болот...” деген сыяктуу ушактарга байланыштуу атайын операциялар жүргүзүлүп, калкты дүрбөлөңгө сала тургандай жалган маалыматтар жазылган баракчаларды таркаткан бир канча адам кармалып, тиешелүү органдары иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө:
Бакыт Сейитов

- Ар кандай ушак таратууларга жол бербөөгө тийишпиз. Бишкек шаарында да бир катар ушак-айыңдар жүрүп, аларды таратып жүргөндөр кармалып, аларды биздин прокуратура менен улуттук коопсуздук кызматы текшерип, иликтөө жүргүзүп атат.

Кыргызстандагы ар кыл саясий күчтөр да 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумду жылдыруу керектигин айтышууда. Андай топтордун бири, Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент К.Бакиевдин учурунда ири кызматтарда турган чиновниктер курган - “Ата-Журт” партиясы. Бирок партиянын тең төрагасы Өмүрбек Субаналиевдин айтымында, алар референдум жылдырылсын деп айтып жатышканы менен 22-июнда Бишкекте эч кандай иш-чара өткөрүүнү пландашкан эмес жана ушак-айыңдарга да тиешелери жок:
О.Субаналиев

- Биз айтып атабыз, азыркы Убактылуу өкмөт жанагы референдумду токтотуп, аны өткөрбөшү керек. Тескерисинче Кыргызстандын түштүгүндө тынчтык болушу үчүн, ошол багытта иштерди күчөтүшү керек. Ал эми жанагы чыгып аткан ушактарга тиешебиз жок.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, Кыргызстанда абалдын курчуп кетүүсү бүтүндөй Борбор Азияга таасирин тийгизет. Андыктан коңшу өлкөлөр да Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кызыкдар. Ошентсе да ички факторлордон сырткары, “Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла ири, кыйла таасирлүү оюнчулардын өлкөдөгү окуяларга кандайдыр бир деңгээлде тиешелери барбы?”,- деген сыяктуу суроолор ортого чыгууда.

XS
SM
MD
LG