Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Каддафинин бийликте турганына 40 жыл


Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи
Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи

Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи ушул күндөрү өзүн бийликке алып келген «Улуу 1-сентябрь» төңкөрүшүн майрамдап жатат.

Бүгүн баш калаа Триполиде башталган маараке бир жумага созулат. Бул майрам Ливия батыштык жана башка эл аралык мунай компаниялары менен кызматташтыгы бекемделип жаткан учурга туура келүүдө. Каддафинин мамлекет башчысы катары талаштуу бийлигине ал компаниялар тийешелүү болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрү да көмөктөшүп, өлкөгө инвестиция агып келип жаткан чак.

Каддафи Сентябрь төңкөрүшүн толук бир жума майрамдайт. Дүйшөмбү күнкү ачылыш салтанат үч саатка созулуп, олимпияда оюндарынан кем эмес шаан-шөкөт менен өттү.

Араб дүйнөсүндө бийликте Каддафидей узак отурган эч ким болгон жок. Ал 27 жашында карып калган Идрис падышаны кулатып, кансыз төңкөрүштө бийликке келген. Каддафи дароо аскер формасын чечип, акыркы модага ылайык, сафари көйнөк кийип, кара көз айнек тагынып чыкканда, көпчүлүк ал аймактагы өзүнө чейинки падышалар сыңарында европалыктарды туурап кийинип, мода кууган, кыздарга ыктуу сылаңкороз болот го деп ойлошкон.

Бирок Каддафи тез эле Батышка кастарын тиккен, Че Гуевара сыйкы революционер болуп чыга келди. Капитан даражасынан кийин полковник наамын гана алып, бүт армияны башкарып турса да, жупунулугун көрсөттү. Үч томдон турган «Жашыл китеп» жазып, анда Ливиядагы бийлик түзүлүшүн «массалар башкарган мамлекет» деп мүнөздөдү. Булардын баарын дүйнө көрмөксөнгө салып койсо, ысык-суугу жок эле, бирок Каддафинин мунай кенчине байланыштуу андай болбоду.

Ал 1970-жылы мунай тармагын мамлекеттештирип, чет элдик эл аралык компанияларды кууп салган. Полковник Каддафи муну менен эле токтоп калган жок. Ал өзүн империализмге каршымын дегендин баарын канатына калкалап, каржылап турду. Каддафини дйнөгө айрыкча тааныткан дал ушул жагдай болду. Анын натыйжасында Батыш Триполиге 1970-80-жылдардагы көптөгөн террордук чабуулдар үчүн айып койду.

Ошол кезде АКШнын президенти Роналд Рейган Каддафини «Жакынкы Чыгыштын кутурган ити» деп атаган, артынан Трипполини жана Ливиянын башкы порту Бенгазини бомбалоого буйрук берген. Ал чабуулда 50дөн ашык кишинин каны төгүлгөн.

1988-жылы Шотландиянын үстүндө бараткан америкалык учак Локерби деген шаардын үстүндө жарылып, ичиндеги 270 киши түгөл күм-жам болгондо да, Батыш өлкөлөрү Каддафиге сөөмөй көзөшкөн. 1990-жылдары Ливиянын ядролук курал технологиясына ээ болуу аракеттери Батыштын кыйла тынчын алып келди.

Анан эле Каддафи багытын таптакыр башка жакка бурду. 1999-жылы Локерби жардыруусунда шектелген эки ливия жаранын Британияга өткөрүп берди. Бара-бара ядролук программасынан баш тартып, АКШ менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирди, инвестиция агылып келе баштады. Ошону менен Каддафиге бийлигин сактап кала берүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды.

Сентябрь төңкөрүшүнүн мааракеси быйыл Локерби боюнча кесилген Абдел Бассет ал-Меграхи рак оорусунан өлүм алдында болгондугунан улам, Шотландия аны койо берген мезгилге туура келди. Ливиянын өкмөтү ал-Меграхини чоң салтанат менен тосуп алды.

Ушуга байланыштуу Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Жиббс Вашингтондун реакциясын мындайча баяндады:

- Ливияда ал-Меграхи кайткандан кийин болгон окуялар барып турган карөзгөйлүк, адамды жикирткенткен көрүнүш болду. Биз Локкербидеги террордук кыргындын кесепетинен жан кыйбас жакындарын жоктогондорго көңүл айтууну уланта беребиз.

Натыйжада Триполиге Батыштан бир да мамлекет башчысы келген жок. Бирок тойдун эртеси эле Батыштын бул өлкөгө болгон кызыгуусу кайра жанданаарында шек жок. Ливиянын мунайы жана Каддафинин мунай казууну атаандаштык негизде тандалган компанияларга берем дегени буга кепилдик болмокчу.

XS
SM
MD
LG