Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Лондондогу Чоң 20га каршы демонстрациялар Обамага сабак болууда


Лондондогу демонстранттардын көңүлү жалпысынан көтөрүңкү, 1-апрел, 2009-жыл
Лондондогу демонстранттардын көңүлү жалпысынан көтөрүңкү, 1-апрел, 2009-жыл

1-апрелде АКШнын президенти Барак Обама Лондондо Чоң 20нын лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Обама президент боло электе аны Европада кучак жайып тосуп алышкан эле, бул ирет аны Лондондо кылкылдаган демонстрациялардын коллонналары каршы алууда.

Шаршембиде шаардын бир нече жеринде глобализацияга, согуштарга жана капитализмге каршы демонстрациялар өттү. Нааразылык акцияларында маанай жалпысынан көтөрүңкү болгон менен, Лондондун ишкер бөлүгүндө демонстранттадын чакан бөлүгү банкка чабуул жасаганда кагылышуулар орун алды. 86 киши камакка алынып, бирөө каза тапкандыгы кабарланууда.

Бул күндөрү британдар тынчтык мүнөздө нааразылык билдирүү укугунан кеңири пайдаланышууда. 1-апрелдеги демонстрацияларда жалпысынан шатыра-шатман маанай өкүм сүрдү.

Демонстранттар ар кыл мазмундагы нааразылыктарын плакаттарга жазып алышкан. «Биз башкалардын кризиси үчүн төлөбөйбүз», «Жакыр эл, көтөрүл», «2003-жылдан бери Иракта жети миллион киши өлтүрүлдү, майып болду, үйүнөн ажырады» деген сыяктуу жазуулар.

"Азаттыктын" кабарчысы менен ат жалындагы маектерде демонстранттар АКШнын президенти Обама дүйнөнү сактап кала албай тургандыгын айтышты:

- Обама азыркы абалды өзгөртпөй сактай болуш керек, анткени Америкада президенттин артында баягы эле кишилер турат, анын үстүнө президенттин макамы чектелүү эмеспи,-деп айтты Жорж деген жумушсуз жигит.

35 жаштагы Гари да бир киши баарын өзгөртүп жибере албай тургандыгын белгиледи.

Беттерин чүмкөгөн анархисттер Шотлания Роял банкына чабуул жасаганда бейпилдик маанай бир азга бузулду. Полиция тез кийлигишип, тартип калыбына келди. Бирок элдин аягы суюла баштады. Чакан топтор кеч киргенче тынч мүнөздөгү акцияларын улантышты.

«Согуш токтосун» коалициясы, «Ядролук куралсыздандыруу» өнөктүгү, Британ мусулмандарынын демилгеси жана Палестина менен боордоштук өнөктүгү бул жактан бир нече чакырым аралыкта, өз алдынча демонстрация өткөрүштү. Алар АКШнын элчилигинин алдында чогулуп, Трафалгар аянтына чейин жүрүш жасашты.

Мындан да айрымдар президент Обама шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларын аткарбаганын айтышты.

- Обама мурдагыдан таптакыр башка иш кылды деп айта албайм. Ал Ирактан аскер чыгарганы менен, Ооганстан менен Пакистанда аскерлердин санын көбөйтүп жатат. Бул өтө кооптуу саясат,-дейт Тони деген голландиялык киши.

Бетине театралдык маска кийген дагы бирөө өзүн Аббас деп тааныштырып, президент Обама Иранга кол салбайт деген үмүтүн билдирди:

Эгер Ирандын ядролук ишканаларына чабуул болсо, Орусия Иранга болушат. Ошондо АКШ менен Орусиянын ортосунда өзөктүк согуш башталат.

Көз карайганда Лондондун шаардык полициясы мындагы 4 миңдей демонстранттан 19 гана киши камакка алынганын канааттануу менен белгиледи.

Бирок айрым чөлкөмдөрдө демонстранттар түнү менен калышты, айрым топтор бүгүн да улантышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG