Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Шайлоо-2009: Маалымат каражаттары боюнча отчет


Медиа өкүл институту менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси быйыл жайда өткөн президенттик шайлоонун ММКда кандай чагылдырылганы тууралуу отчетун басып чыгарды.

Отчетту иштеп чыккан адистердин айтымында, анын негизинде быйылкы президенттик шайлоо кандай чагылдырылганын гана эмес, Кыргызстандын жалпы маалымат айдыңы тууралуу да кенен түшүнүк алса болот.

23-июлда өткөн президенттик шайлоону маалымат каражаттары кандай чагылдырганына Медиа өкүл институту менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси байкоо жүргүзүшкөн. 1-июндан тарта шайлоо күнүнө чейин жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде маалымат каражаттары шайлоону кандай чагылдырышканы да кыйла айтылган.

Бүгүн дал ошол шайлоонун чагылдырылышы тууралуу атайын жыйынтыктоочу отчет чыкканы жарыяланып, мурда айтылгандарга отчеттун негизинде баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анда шайлоо процесси маалында кайсы маалымат каражаттары кандай иштегени бир-бирден талданып, ачык көрсөтүлгөн.

Отчетту даярдаган адистердин пикиринде, эми ким болсо да бул материалдардын негизинде Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына баа берип, ошого жараша стратегиялык пландоолорду жүргүзүшсө болот. Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнова мындай дейт:

- Биз бул басылма журналисттерге, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кандайдыр бир стратегиялык пландарды иштеп чыгууларына жардамчы болот деген үмүттөбүз. Ошол эле депутаттарга, президенттикке талапкер болчу адамдарга да бул керектүү. Анткени алар муну окуп чыгып маалымат каражаттары менен кызматташуу керектигин, ал үчүн атайын стратегиялык пландарды иштеп чыгуу зарылдыгын түшүнүшөт. Мамлекеттик тиешелүү мекемелерге да бул отчет өлкөнүн медиа тармагына байланыштуу пландарын иштеп чыгуусуна керек болот. Ошол эле депутаттар муну карап чыгып, шайлоо кодексиндеги кемчиликтерди байкашат болушу керек.

Отчетто шайлоонун чагылдырылышына байланыштуу бардык маселелер кеңири көрсөтүлгөн. Маселен, кайсы талапкердин эң көп чагылдырылганынан тарта шайлоо процесси маалындагы саясий кырдаал, шайлоону чагылдыруудагы мыйзамдык өзгөчөлүктөр, мыйзам бузулган учурлар жана эксперттер менен болгон талкуудан кийинки сунуштар, толуктоолор берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтымында, аталган уюмдардын отчетун эле карап бир жактуу жыйынтык чыгарганга болбойт. Анткени шайлоо процессинде бардык жөрөлгөлөр мыйзам чегинде өттү. Ал эми президент Курманбек Бакиевдин башкалардан эң көп чагылдырылышы, анын шайлоо фондуна чогулган каражаттын эң көптүгүнө байланыштуу болду:

- Негизи эле шайлоо процессиндеги бардык иштер, үгүт иштери акы төлөө аркылуу жүргүзүлөт да. Андыктан бардыгын эле бир тегиздикте караган болбойт да. Ал деген кээде ошол талапкердин да өзүнө, анын шайлоо штабынын иштегенине жараша болот да.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев мындай дейт:

- Биз мурда шайлоонун чагылдырылышы тууралуу маалыматтарды айтканыбызда, ал сөздөрүбүз курулай сөз сыяктуу болуп келген. Эми азыр ошол мониторингдин жыйынтыктоочу отчетун басып чыгардык.

Негизи бул шайлоолордо маалымат каражаттары аны чагылдырууга активдүү катышышкан жок. Мына дал ушул жерден кандайдыр бир тыянак чыгарса болот. Биздин уюм мамлекетибиз эгемендик алгандан бери бардык мониторингдерге катышып келатабыз.Мына ошолор менен эле салыштырсак болот. Мурда ММКлар шайлоо процессине кандай катышчу эле, азыр кандай катышып атат? Азыр катышуу төмөндөп кеткени байкалып атат, себеби маалымат каражаттары чочулап калышкан. Бул тенденция акыркы жолу мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо байкалган эле. Ошонун уландысы деп койсок болот.


Отчетто мурда айтылгандай эле негизги маалымат булактарында президент Курманбек Бакиев эң көп чагылдырылганы, анын эң негизги атаандашы болгон Алмазбек Атамбаев абдан аз же болбосо терс жагынан чагылдырылганы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда маалымат каражаттары негизинен мыйзам бузууларга жол беришкен эмес. Адистердин айтымында, бул жолу маалымат каражаттары мыйзамды бузбай туруп кайсы бир талапкерди жактап же сынга алганды өздөштүрүшкөнү байкалды.

XS
SM
MD
LG