Президент Дмитрий Медведевдин иннаугурациясы Кремлдин заңгыраган сарайында, Орусиянын менменсиген инсандарынын, саясий элитасынын катышуусунда өттү.
Путиндин мураскору катары тандалгандан кийин эле Медведев шайлоодон кийин колдоочусун премьер-министр кыларын билдирип, анысын шайлоодо жеңип чыккандан кийин тастыктаган болчу. Медведев шайлоо алдында өлкөсүн экономикалык жактан кубаттуу, туруктуу жана жашоого коопсуз мамлекетке айлантууга убада берип келди. Ошондой эле ал Путиндин башкаруусу маалында өтө чоң жетишкендиктер болгонун баса белгилеп, келечектеги иштеринде Путин менен чогуу иштешүү ниетин билдирген:
«Мен чын жүрөктөн президент Владимир Путиндин колдоосуна ыраазычылыгымды билдирем. Мен ал колдоону ар дайым сезип келгем. Мындан ары ал колдоо уланат деп мен терен ишенем»,- деген эле Медведев.
Бирок ошол маалда көпчүлүк талдоочулар тандемдик башкаруунун мүмкүн экенине ишенишкен эмес. Бир тобу Путин бийликтин негизги бөлүгүн көзөмөлдөп калууга аракет кыларын, кийинчерээк андай кадам Медведев менен кагылышууга алып келерин болжошкон.
Бирок андай болбой, бир жылдан бери эки лидер бир өлкөнү башкарып келатышат. Путинди сындап келаткан көз карандысыз саясат талдоочулардын бири Андрей Пионтковскийдин айтымында, бул эки лидер тээ 1990-жылдардан бери чогуу иштеп келаткан эски тааныштардан. Дал ошол себептен алардын тандемдик башкаруусу ийгиликтүү ишке ашты:
«Медведев 15 жылдай Путиндин жеке катчысындай эле иштеген. Албетте бул батышта айтып коюшкандай алакалардын «химиясын» пайда кылды. Бул жерде эч кандай кокустук болгон жок, аны атайын тандашты»,- дейт Пионтковский.
Ошондой эле саясат талдоочунун айтымында, Путин 1999-жылы Ельциндин мураскору болгон маалда, ага абдан чоң ыйгарым укуктар берилген. Ага Ельциндин коопсуздугуна кепил болуу жана анын шериктерине тийбөө талабы гана коюлган. Ал эми Медведев тандалганда анын укутары кыйла чектелгенин ал өзү деле билген.
Ошондой эле саясат талдоочу Пионтковский Медведевдин бир жылдык президенттик мөөнөтүнө сереп салып, Путиндин саясий салмагы кылдай да кыйшайбаганын айтат. Андыктан келаткан президенттик шайлоо тууралуу сөз кылууга эртелик кылса да, кези келгенде Путин эки тизгин, бир чылбырды толук өз колуна алат дешет.