Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

“Мемориал” уюму Чеченстандагы бөлүмүн жапты


“Мемориал” уюму Чеченстандагы бөлүмүнүн ишин токтотуу чечимин өз кызматкери, укук коргоочу Наталия Эстемированын киши колдуу болуп көз жумгандан кийин кабыл алды. Грозныйда иштеген Эстемирова Түндүк Кавказдагы кишилердин жоголуп кетиши, уурдалышы, өлтүрүлүшү жана кыйноого алынышы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

Наталия Эстемированы белгисиз адамдар алгач уурдап кетишкен. Андан кийин анын өлүк денеси Ингушетияда табылган. Укук коргоочулар бул кылмыштын артында Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров турарын ырасташууда. Рамзан Кадыров мындай дооматтарды четке кагып, кылмышкерлер сөзсүз кармаларын айтты:

- Мен чукул арада кылмышкерлерди кармап, алардын мыйзам чегинде тийешелүү жаза алышы үчүн бардык күч органдарына тапшырма бердим.

Наталия Эстемирова атылган күнү, 15-июлда жаңы чыккан китептин бет ачаар аземи болгон. Бул китепте Чеченстандагы куралдуу кагылыштар учурунда адамдарга каршы жасалган кылмыштары үчүн айыптууларды жоопко тартуучу эл аралык трибунал уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн. Китептин авторлорунун бири - Наталия Эстемирова болгон.

Монография авторлордун бири Станислав Дмитриевскийдин айтымында, Чеченстандагы бийлик кишилерди уурдоо, кыйноо, өлтүрүү өңдүү кылмыштарды улантып келет. Бул нерсе эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен гана токтотулушу мүмкүн, ошол себептен эл аралык трибунал керек, деп эсептейт жазуучу.

Айрым укук коргоочулар Чеченстанда оппозиция жашырынып жүрүүгө мажбур жана президент Рамзан Кадыровго эч убакта үн чыгара албайт деп айтышат.

Жаңы чыккан китеп туурасында Чеченстандын президенттик администрациясынын басма сөз катчысы Алви Каримов буларды айтты:

- Китепти окуй элекмин. Ошого карабастан кылмышкерлерди кармап жазасын колуна берүү үчүн орусиялык тартип сактоо органдарынын мүмкүчүлүктөрү жетишерлик. Бул жерде эл аралык сот уюштуруунун эч деле кажети жок деп эсептейбиз.

“Новая газета” гезитинин серепчиси Елена Милашева мындай дейт:

- Кадыров жана федералдык борбор “Мемориал” уюмунун Чеченстандан кетишин каалайт. Себеби буга чейин “Мемориал” уюму алардын айыбын ачып, кыжырын кайнаткан.

XS
SM
MD
LG