Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Газада уруштар уланууда


Эл аралык арачылардын атайын өкүлү Тони Блэр Каирдеги маалымат жыйынында.12-январь 2009-жыл.
Эл аралык арачылардын атайын өкүлү Тони Блэр Каирдеги маалымат жыйынында.12-январь 2009-жыл.

Уруштар негизинен Газа шаарында жүрүп жатат. Израилдин армиясына "Хамастын” куралдуу топтору каршылык көрсөтүүдө. Байкоочулар аскерий операциянын жаңы этабы башталганын айтышууда. Урушту токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттер да уланууда.

Жекшемби күнү Газага Израил резервдеги күчтөрдүн айрым бөлүктөрүн киргизди. Муну борбордук командачылыктын маалымат катчысы,бригадалык генерал Ави Бенаяху Израилдин телеканалындагы сөзүндө ырастады. Армияга чакырылган резервчилердин негизги бөлүгү машыгуу лагерлеринде турат.

Jerusalem Post гезити армиялык жетекчиликтеги аты аталбаган булактарга таянып, резервдеги күчтөрдүн урушка тартылышы менен Газадагы операциянын үчүнчү этабы башталганын кабарлады. Бекитилген планга ылайык,армия Газа тилкесине ичкерилеп кирүүгө тийиш,андан соң “Хамастын” бул жердеги өкмөтү кулатылат. Жалпы район алардан тазаланып,операция соңуна чыгышы керек.

Жекшемби күнү Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт армия белгиленген милдеттердин толук өтөсүнө чыкканга жакындап калды деп билдирди. Башкы максат катары ал баштагыдай эле Израилдин түштүк аймагындагы калктын узак мөөнөттүү коопсуздугун камсыз кылууну атады.

Буга катарлаш Газадагы уруштарды токтотуп, тараптарды мунасага келтирүү үчүн дипломатиялык аракеттер да жасалууда. Дем алыш күндөрү региондо Германиянын вице-канцлери, тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер болуп келди.Өз сапарынын жыйынтыгын чыгарып, немец министри кырдаалды жөнгө салуунун мүмкүндүгү көбөйдү деп белгиледи. Берлин Газада курал-жарак аткезчилигин көзөмөлдөө максатында Египетке жардам көрсөткөнү жатат.

Каирде болсо бүгүн Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык арачылардын атайын өкүлү Тони Блэр египет президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын тынчтык планына колдоо билдирди.

“Биз биргелешип келишимге жете алабыз деп үмүттөнөм,бирок бул үчүн татаал иштерди жасоого туура келет”,- деп айтты Блэр журналисттерге Каирде. Баарыдан мурда сунуш кылына турган келишим эки тараптын тең ишенимин жаратышы керек. Бир жагынан Газадагы курал-жарак аткезчилигине тыюу салынып, ал бекем кепилдениши зарыл, экинчи жактан Газада калктын бардык кем-карчын камсыз кылганга өтүлдүк берген ачык режим болууга тийиш.

Соңку күндөрү хамасчылар Израилдин түштүгүн ракеталардан аткылай албай калышты. Жөөт өкмөтү муну операциянын негизги ийгилиги катары баалап жатат.

Газада операция башталгандан бери 900дөн ашуун киши мерт болду,алардын көпчүлүгү палестиналыктар. Бир катар өлкөлөрдө Израилдин операцияларын айыптаган массалык демонстрациялар, митинг-пикеттер да токтой элек.

XS
SM
MD
LG