Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Лондон-Москва: жылымтыктын жышааны


Москва - Британиянын жана Россиянын тышкы иштер министрлери Дэвид Миллибэнд (солдо) менен Сергей Лавров.
Москва - Британиянын жана Россиянын тышкы иштер министрлери Дэвид Миллибэнд (солдо) менен Сергей Лавров.

Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Дэвид Милибэнддин Москвадагы визитин жана анын айрым жыйынтыктарын кай бир байкоочулар эки өлкөнүн ортосундагы жылымтыктын жышааны катары баалашты. "Форин-оффистин" башчысы дүйшөмбү күнү орус министри Сергей Лавров менен эки өлкөнүн мамилелерине, иран жана ооган проблемасына, Жакынкы Чыгыштагы жагдайга тиешелүү маселелерди талкуулады.

Москва менен Лондондун алакалары акыркы жылдары бир топ кыйчалыштап кетти. Британдык ырасмий өкүлдөрдөн Россияга 2004-жылдан бери ошо кездеги тышкы иштер министри Жек Стродон башка эч ким келе элек болчу.

Дэвид Милибэнд Москвага эки өлкөнүн алакаларын оңдоп түзүү максатын көздөп келди.

Орус министри Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң ал ортодо бир катар пикир келишпестиктер сакталып калганын моюнга алды, ошол эле учурда мунун баары Россия менен Британияга коопсуздук тармагында, көп тараптуу ири проблемаларда, ошондой эле экономика чөйрөсүндө ийиндеше иштегенге каскак боло албай турганын да ырастады.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында,менимче, бир-бирибизди мурдагыдан жакшы түшүнө баштадык, атүгүл кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун биргелешип издегенге жол ачтык", -деп билдирди британ министри.

Милибэнддин сөзүн Лавров бышыктады. Москва, атап айтканда, бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптын позициялары жакындашкан маселелерде гана эмес, азырынча орток пикир табыла элек чөйрөлөрдө да алга илгерилегенге мүмкүндүк түзөрүнө үмүт кылат.

Министрлер массалык кыргын куралдарын кыскартуу маселесин, ушул аңытта Ирандын проблемасын да талкуулашты. Милибэнддин айтымында, ядролук куралсыздануу ишинде АКШ менен Россия лидерлигин көрсөтүүүгө тийиш,аларга башка өлкөлөр, анын ичинде Британия да кошулушу керек. Дүйнөдөгү ядролук арсеналдын дээрлик токсон проценти АКШ менен Россиянын үлүшүнө туура келет.

Иран темасына токтолуп, Милибэнд эки өлкө тең Тегерандан ачык-айкын жооп алганга кызыкдар экенин кошумчалады. Министрлер ошондой эле Ооганстандагы урушка, Жакынкы Чыгыштагы жагдайга арналган биргелешкен билдирүүнүн текстин макулдашышты.

Маалымат жыйынында министрлерге журналисттер "Литвиненконун ишине" байланыштуу да суроолорду беришти. 2006-жылы ФСБнын мурдагы кызматкери Александр Литвиненко Лондондо радиациядан ууланып өлгөн. Британ кызматтары бул ишти иликтеп чыгып, аны орустардын тапшырыгы менен дагы бир экс-ФСБчы Андрей Луговой тындым кылган деп тыянак жасашкан жана аны Лондонго өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Дал ушул окуядан улам эки өлкөнүн ортосу кескин салкындап кеткен.

Милибэнд бул ишке тиешелүү документтердин көбү Москвага берилгенин, Лондон баштагыдай эле Луговойду кармап берүү талабынан баш тарта электигин тастыктады. Лавров болсо британ тарабы Луговойдун күнөөсүн далилдеген таныктарды дале бере элек деп ырастады.

Милибэнд ошол эле күнү Москвада россиялык бизнесмендер, укук коргоочулар жана Михаил Горбачев менен жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары ал жакында табылган алыс тууганы София Давыдовна Милибанд менен да кездешти.

XS
SM
MD
LG