Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Пакистан: Сват өрөөнүндөгү шаарда уруштар уланууда


Сват өрөөнүндөгү Мингора шаарында Пакистандын Куралдуу күчтөрү менен талиптер ортосунда уруштар жүрүүдө. Маалыматтарга караганда, өкмөттүк жоокерлер бир нече маанилүү райондорду өз көзөмөлүнө алды.

Пакистандын Куралдуу күчтөрү Мингора шаары курчоого алынганы менен күрөш уланып жатканын маалымдашты. Айрым маалыматтар боюнча 20 миң жайкын тургун камалып калган шаарда талип жоочулары бир нече жерлдерде миналарды орнотушкан.

Генерал-майор Атар Аббастын айтымында, Мингорада жүргүзүлүп жаткан аскери операция өтө көпкө созулушу ыктымал, себеби коопсуздук күчтөрү жайкын тургундар арасында курмандыктары болтурбоо аракетин көрүшүүдө:

- Мингора шаарынын көчөлөрүндө салгылашуулар башталды. Айрым аймактар тазаланды, бир нече курмандыктар бар. Бул өтө оор жана өзгөчө кооптуу операция. Себеби ар бир көчө, ар бир үй текшерилип жатат.

Кечээ (23-майда) Пакистандын армиясы Мингора шаарына кирип келген. Маалым болгондой бир айдан бери Пакистандын Куралдуу күчтөрү Сват өрөөнүндө талиптерге каршы операцияларды ишке ашырууда.

Исламабад менен "Талибан" кыймылы быйыл февралда келишим түзүп, козголоңчулар Сватка шариат эрежелерине негизденген башкаруу системасы киргизилсе куралдарын таштаганга милдеттенишкен. Бирок алар келишимди бузуп, өздөрүнүн амирине караган аймактарды кеңейткенге киришти. Ошондон соң өкмөт аскери операцияларды баштады.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Аббастын айтымында, кечээ бул шаарда орун алган кагылышуулардан он жети талип өлтүрүлүп, коопсуздук күчтөрү бир нече өзөктүү жайларды өз көзөмөлүнө алды:

- Мингора шаарын талиптерден тазалоо операциясы башталды. Коопсуздук күчтөрү Мингоранын айланасын, бир нече жайды, мейманкананы талиптерден тазалады.

Пакистан армиясынын эсебинде, бир айга созулган кагылышуулар маалында болжол менен 1 100 согушчан өлтүрүлдү, 50 жоокер набыт болду. Учурда Сват өрөөнүндө 15 миң жоокер 2 миңге жакын талип менен урушууда. Бирок азырынча бул маалыматтар тактала элек.

Уруш узарган сайын Сваттан, ага чектеш аймактардан үй-жайын таштап, кара башын калкалап качкандар күн сайын көбөйүп баратат. Улуттар Уюмунун атайын өкүлдөрү ушул тушта эле качкындар лагерине 360 миңден ашуун адам жайгаштырылганын, жалпы эсепте алардын саны бир жарым миллионго жакындап калганын айтышууда. Өкмөт болсо уруштар уланып жаткан жерлерден бир миллионго чукул адам качып чыгарын болжолдоп жатат.

Бириккен Улуттар уюму региондо гуманитардык кризис тутанганы турганын эскертип, качкындарга жардам көрсөтүү үчүн 543 миллион доллар керектигин билдирди.

23-майда Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Реза Гилани “өлкө террорчулукту түп тамырынан бери жок кылууда” деп айтты. Бирок премьер-министр Гилани талиптер Сват өрөөнүндөгү кагылышуу үчүн өч алышы ыктымал деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG