Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Ооганстандын биринчи президентинин сөөгү кайра көмүлдү


Ооганстандын 1973-жылы тактан кулатылган президенти Мухаммед Дауд Хандын сөөгү 17-мартта Кабулга алынып келинди. Ал 1978-жылы Ооганстан Советтер Союзунун колдоосун алып турган чакта киши колдуу болгон. Эми минтип 31 жылдан кийин анын сөөгү чоң ызаат менен кайра жерге берилди.

Мухаммед Дауд Хан 1973-жылы анын аталаш тууганы Закир Шах бийликтен бир тамчы да кан төгүлбөй кеткенден кийин Ооганстандын биринчи президенти болгон. Анын келиши менен бул мамлекетте монархиялык башкаруу токтоп, республикалык башкаруу киргизилген.

Бирок беш жыл өткөндөн кийин катуу каршылыкка тушуккан Мухаммед Дауд 1978-жылы 27-апрелде мамлекеттик төңкөрүштөн кийин душмандарынын колунан өлгөн. Аны менен бирге анын 17 тууган-туушкандары да атылышкан. Бул сырлуу окуяга советтик аскерлердин тиешеси бардыгы айтылып келатат.

Бийликке болсо Элдик-демократиялык партиянын өкүлдөрү келет дагы, мамлекетти Нур Мухаммед Тарраки башкарып калган. Ал өнүгүүнүн социалисттик багытын тандап алган.

Мухаммед Дауд баштаган адамдардын сөөгү Кабулдун чеке-белине көмүлгөн. Ал капсалаңдуу сөөк коюуга катышып калган оогандык бир аскер ал жерди эстеп калган экен, ошончо жыл өткөнүнө карабай былтыр ал жайды бийлик адамдарына көргөзүп берди. Ооганстандын андагы президентинин сөөгү анын тиштеринен жана ал жанына дайыма алып жүргөн Куран китебинин жардамы менен таанылды.

Мухаммед Дауддун жана анын 15 жакындарынын, анын ичинде чиедей балдар менен аялдардын сөөгүн кайра жашыруу каадасына анын чет мамлекеттерде жашап жаткан тууган-уруктары катышты. Ооганстан үчүн маанилүү бул окуяга азыркы президент Хамид Карзай баштаган өкмөт мүчөлөрү дагы күбө болушту.

Дауддун ал күндөрдөгү апааттан аман калган жалгыз кызы Дүрканай ушул тапта Швейцарияда жашайт. Ал быйыл 60ка чыкты. «Азаттыктын» ооган кызматына берген интервьюсунда ал азыркы бийликке атаасынын арбагын сыйлап, анын зоболосун көтөргөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мухаммед Дауд тууралуу оогандар арасында жылуу сөз айткандар көп. Кабулдун тургуну Мумтаз «мен көргөндөн ооган жетекчилеринин арасында Дауддай президент чыккан жок» деп эсептей. «Ал мыкты жигит болчу. Биздин мамлекеттин мыкты лидери эле. Кедейлерден жардамын аячу эмес. Тилекке каршы, аны өлтүрүп коюшту. Болбосо ал биздин мамлекетке көптү бермек», - дейт Мумтаз.

Мухаммед Дауддун кызы Дүрканай Ооганстандын азыркы жана келечектеги мамлекет башчылары атасынын кыялдарын эми ишке ашырат деген аруу тилекте. Сөөктү кайра жашыруу каадасы маалында ал «Менин атамдын жолоюн жолдоп Ооган өкмөтү кең келечек, тынчтык, береке үчүн, Ооганстандын жана ооган элинин өнүгүп-өсүшү үчүн кызмат кылышат деген ишенимдемин. Мына менин каалаганым», - деди.

XS
SM
MD
LG