Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Молдова саясий туңгуюктан чыгуу аракетинде


Молдова, Костести шаарындагы добуш берүүчүлөр, 2010-жылдын 5-сентябры.
Молдова, Костести шаарындагы добуш берүүчүлөр, 2010-жылдын 5-сентябры.

Молдовада бүгүн жалпы элдик референдум өтүп жатат. Ага Конституцияга өлкө президенти тикелей эл тарабынан шайлануусун караган өзгөртүү киргизүү маселеси коюлган. Мунун максаты бир жылдан бери президентсиз жашап жаткан өлкөнү саясий туңгуюктан чыгаруу.

Эгер референдумга сунуш кылынган маселе калктын колдоосуна ээ болсо, Молдова кайра 2000-жылга чейинки система кайтып келет. Президентти парламент шайлоосун караган эреже мына ошондо киргизилген болчу.

Коммунист Владимир Воронин былтыр сентябрда бийликтеги эки мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан чегингенден бери Молдовада толук кандуу президент жок. 101 орундуу парламент андан бери президентти шайлоого кеминде төрт ирет аракеттенип, бирок майнап чыккан жок. Башкача айтканда көргөзүлгөн талапкерлер мыйзамда көргөзүлгөн 61 добушту топтой алган жок. Азыркы парламентте алтымыш орун батышчыл багыттагы төрт партиянын Европага интеграция альянсы деп аталган коалициясына таандык. Калган 41 орунду оппозициядагы коммунисттер көзөмөлдөйт.

Президент шайлана албаганына байланыштуу Молдова кабылган саясий туңгуюк административдик тоскоолдуктарды да жаратты. Анткени мамлекет башчысы кол коймоюнча парламент кабыл алган мыйзамдар да күчүнө кирбейт. Бийликтеги коалицияга кирген төрт партиянын бири - Либералдык партиянын лидери, президенттин милдетин аткаруучу Михай Гимпу жекшемби күнү референдумда добуш бергенден кийин анын жыйынтыктары Молдованы туңгуюктан алып чыгарына ишеним билдирди:

- Мен саясий стабилдүүлүк үчүн добуш бердим. Биздин жарандар коалиция алар 2009-жылдын 29-июлунда берген бийликти жүзөгө ашырууда кабылган көйгөйлөрдү түшүнөт деп үмүттөнөм. Бүгүн алар конституцялык тоскоолдукка чекит коюшу керек.

Батышчыл нуктагы төрт партиянын коалициясы бийликке былтыр июлда кайталап өткөрүлгөн шайлоонун натыйжасында келген болчу. Ага чейин былтыр жазда болгон шайлоодо коммунисттер жеңип, бирок анын арты шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп эсептегендердин нааразылык акциялары менен коштолгондуктан кырдаал кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Ошентип Европанын эң жакыр өлкөсү катары эсептелген Молдовада өлкөнүн келечегине таасир көргөзүү үчүн батышчылдар менен коммунисттер күрөшүп келди. Жекшембидеги референдумдан кийин кырдаал кай нукка оойт, бир жактуу айтыш кыйын. Айрымдар референдум деле эки тараптын саясий тирешин токтото албайт деп эсептешет.

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бекеттери ачылгандан кийинки алгачкы үч саатта 2,6 миллион шайлоончунун эки пайыздан ашууну гана добуш бергенин билдирди. Бирок бул көрсөткүч күн бою өсөрү күтүлүүдө. Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегиз, Бишкек убактысы боюнча түнкү он экиде жабылат. Коомдук пикирди сурамжылоонун референдум алдындагы жыйынтыктары элдин 65% шайлоо бекеттерине келерин жана көпчүлүгү президентти тикелей шайлоо сунушун колдорун көргөзгөн. Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары дүйшөмбүдө жарыяланат. Эгер күн тартибиндеги маселе колдоо тапса, туңгуюкка кептелген парламентти алмаштыруу жана мамлекет башчысын тандоо боюнча шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн. Президенттин милдетин аткарып жаткан Михай Гимпу эгер мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайло өтсө, анын партиясы президенттикке өз талапкерин чыгарарын билдирди. Талапкерлери бар экенин бийликтеги коалициянын башка эки партиясы да ишара кылган.

Ал эми үчүнчү мөөнөткө шайлануу мүдөөсү Жогорку сот тарабынан четке кагылган мурдагы коммунист президент Владимир Ворониндин партиялаштары арасынан айныксыз мураскери жоктой. Бул саясий атаандаштык азыр коалицияда турган партиялар ортосунда жүрөт дегенди туюндурат. Алардын ичинен мурда президенттике көргөзүлүп, бирок өтпөй калган Демократиялык партиянын лидери Мариан Лупу коалициядан чыгып, коммунисттер менен блок түзөт деген кеп-сөздөр да айтылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG