Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Орусия: Мамлекеттик дума Молдовадагы кырдаалды талкуулады


Орусиянын Мамдумасы 8-апрелде Молдовадагы кырдаалды талкууга алды. Молдованын борбору Кишиневдо шейшемби күнү башталган нааразылык акциялар башаламандык менен коштолду. Полиция менен кагылышта жүзгө жакын киши жаракат алган.

Молдованын жаштары жана оппозиция жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышууда. Расмий жынынтыкка ылайык, шайлоодо президент Владимир Воронин турган Коммунисттер партиясы утуп чыккан.

Мамдуманын эл аралык маселелер боюнча комитетинин жетекчиси Констан Косачев депутаттарга кайрылып, “Молдовадагы кырдаал менен Днестр аймагына байланыштуу маселени ырбатпагыла” деп эскертти. Себеби дал ушул Днестр боюнда өзүнүн эгемендигин жарыялап, Кишиневдон бөлүнүп кеткен жикчи Тираспол жакындан тарта Кремлдин канатынын алдынан орун алганы байма-бай айтылып келет.

Молдованын президенти Владимир Воронин 18-мартта Москвага келип, Дмитрий Медведевдин кабылдоосунда болгон. Днестр боюндагы жикчи түзүлүш жетекчиси Игорь Смирнов да бул жолугушууга катышкан. Тараптар «Москвалык декларация» кабыл алышкан. Анда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев эки мамлекеттин мамилеси өнүгүүдө деп белгилеген.

Бирок бул баа ошол күнү тараптар бир жүйөгө келишкен жыйынтык үчүн берилгенин, жең ичинен жетишилген маакулдашуу, ага дейре Кишинев менен Тираспол араздашуусун ымалага келтирүү боюнча иштеп келаткан 5+2 тобун таркаткан менен барабар болгонун байкоочулар айтышат.

Араздашып келаткан Кишинев менен Тирасполду жараштырчу топко Кошмо Штаттары, Евробиримдиги, ЕККУ, Украина жана Орусия кирип келген. Бул топ 18-мартта 2+1 болуп өзгөргөн.

Серепчилердин баамында, президент Владимир Ворониндин батыштык өнөктөштөрүнөн баш тартып, Кремлдин сөзүн сүйлөп калышына алдыдагы шайлоо түрткү болгон. Ал эми Днестр боюндагы таанылбаган жикчи өлкө жетекчиси Смирнов үчүн орусиялык аскердин ал жерде кала берүүсү - коопсуздугу үчүн тээк болду дешет.

Айрым серепчилер Москванын бул чырды өзү баса алышы - ал жерлердеги саясий жагдайды да жөнгө салууга жол ачууда. Эми аларды Кремл бийлиги каалаганындай так теке кылып ойлоното алат дешет.

XS
SM
MD
LG