Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Молдавияда жаңы спикер шайланды


Молдова -- Владимир Воронин парламентте өз талапкерлигин колдоп кол көтөрүп жатат.
Молдова -- Владимир Воронин парламентте өз талапкерлигин колдоп кол көтөрүп жатат.

Молдовада президент Владимир Воронин парламенттин төрагалыгына шайланды. Оппозициядагы депутаттар добуш берүүгө катышкан жок. Эми эмдиги айдын башталышына чейин парламент жаңы президент шайлашы керек.

Президент Воронинди парламент төрагалыгына коммунисттер көрсөтүшкөн эле. Мыйзамга ылайык спикер 52 добуш менен шайланат. Коммунисттер апрелдеги шайлоодо парламенттеги 101 орундун 60ын утуп алышкан. Алардын баары Воронинди колдоп добуш беришти.

Оппозициядагы 41 депутат спикерди шайлоого катышкан жок. Алар коммунисттер менен бардык саясий иштерде, анын ичинде парламентте да кызматташуудан баш тартышып, баштагыдай эле жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып келатышат.

Апрелдеги парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулардын дээрлик баары,атүгүл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы да мыйзамдуу деп табышкан.

Төрагалыкка шайланган соң президент Воронин өлкөнүн алдында турган маанилүү милдеттерди чечүү үчүн бардык депутаттарды баш кошууга чакырды.

"Парламенттеги ар кандай ыйкы-тыйкылыктарды унутуп,шайлоочулардын тапшырмасын аткарууга тийишпиз,-деп айтты жаңы спикер. – Шайлоочулар болсо өлкөдөгү ар кайсы саясий күчтөрдү бөлүп-жарган баррикадаларды бузуп,алардын ортосуна көпүрө салууну талап кылып жатышат".

Мунун баары,Ворониндин айтымында,өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн зарыл,ошондо гана Молдова азыркы дүйнөлүк экономикалык кризиске такаат кыла алат. Эң башкы милдеттер катары Воронин "атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук экономиканын" уюткусун түптөп, анын негизинде "социалдык мамлекет" түзүүнү атады. Демократиялык системаны өркүндөтүү, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү иштерин да ал "маанилүү максаттарга" кошту.

Ошону менен бирге Воронин "Молдовадагы бардык саясий катмар Европага кошулуу ишин геосаясий мөлчөр көрүп алганда өлкөдө эч кандай прогресс болбой турганын, андай учурда Чыгыштагы достордон кол үзүп,буга кошо жарандарды адаштырып алганга да болорун" кошумчалады. "Европалык интеграция – Батышты пир туткан жол эмес, ал баарыдан мурда өлкөдө демократиялык,социалдык стандарттарды жогорулатуунун жолу",-деп көрсөттү Воронин.

Апрелдеги тополоңдор үчүн Воронин батыш өлкөлөрүн,айрыкча коңшулаш турган Румынияны айыптаган эле. Бирок оппозиция муну караманча четке кагып,кризиске Молдовадагы азыркы бийлик, биринчи кезекте коммунисттер үстөм абалда турган саясий система себеп болду деп эсептейт.

Парламент эми 7-июнга чейин өлкөнүн жаңы президентин шайлашы керек. Бул үчүн 61 депутаттын колдоосу керек болот. Эгер бийликтер оппозиция менен тил табыша албаса, анда президент шайлоо процесси узарып, кайрадан саясий кризиске айланышы мүмкүн.

Воронин жаңы президент шайланмайынча спикерлик милдет менен бирге мамлекет башчысынын кызматын да аткарып турат.

XS
SM
MD
LG