Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Молдованын президенти антиөкмөттүк чыгуулар үчүн Румынияны айыптоодо


Румынияда окуган молдовалык студенттер эки өлкөнүн чегарасында антикоммунисттик ураан чакырышууда, 8-апрель, 2009-жыл
Румынияда окуган молдовалык студенттер эки өлкөнүн чегарасында антикоммунисттик ураан чакырышууда, 8-апрель, 2009-жыл

Молдованын борбор калаасы Кишиневдо кырдаал бүгүн түшкө чейин салыштырмалуу тынч болду. Бул аралыкта президент В. Воронин Бухаресттин Кишиневдогу элчиси өлкөдөн чыгаарылаарын айтып, баш аламандыктардын артында кошуна Румыниянын “белгилүү күчтөрү” турат деп айыптады. Оппозиция 5-апрелдеги парламенттик шайлоо көптөгөн бурмалоолор менен коштолгонун ырастап, добуштарды кайра санап чыгуу талабын кайталады.

Коммунисттик партиянын лидери, өлкө президенти Владимир Воронин Бухаресттин Кишиневдогу элчиси “persona non grata” деп жарыяланганын же өлкөгө кирүү макамынан ажыратылганын жана Молдова Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Румыниянын атуулдары үчүн виза режимин киргизээрин билдирди.

Кишиневдун Бухаресттеги элчиси болсо талкуулар үчүн мекенине чакырылды.

Молдованын ордо шаарындагы кагылышуулар

Шейшемби күнү (7-апрелде) Кишиневдо парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кайра санап чыгууну талап кылган демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Жергиликтүү оорукананын дарыгерлери “Азаттыкка” билдиришкендей, аларга 70тей жарадар киши жеткирилген. Бирок бардыгы ошол эле күнү жардам берилгенден кийин чыгарылган.

Алдын ала санактарга ылайык, жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо бийликтеги коммунисттик партия жеңди.

Бүгүн да Кишиневдун борборуна миңдеген демонстранттар, көбүнчө жаштар чогулганы, бирок кырдаал тынч экени маалымдалууда.

Румыниянын маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, Кишинев эки өлкө ортосундагы чегаранын айрым жерлерин жаап койду. Айрым божомолдорго ылайык, бул чара Румынияда окуган жүздөгөн молдовалык жаштардын мекенине кайтып, демонстрацияларга кошулуусун алдын алуу иретинде көрүлүп жатат.

Дагы бир кабарда 20 чакты журналист Румыниядан Молдовага киргизилбей койгону айтылууда.

Камакка алуулар

Воронин бүгүн өкмөттүн жыйынында сүйлөп, шейшемби күнкү толкундоолордон кийин 118 киши камакка алынганын, бирок нааразылык чарасын уюштурган адамдар чет өлкөгө чыгып кетишкенин айтты.

Шейшембиде аламандаган жаштар президенттик сарайдын чатырына Румыниянын желегин илип коюшкан.

Молдова менен Румыниянын желектери дээрлик бирдей экенин айта кетели. Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин Молдова Румыниянын аймагы болчу жана өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгү румын тегиндеги калктан турат.

Оппозиция президент Ворониндин Румынияга тиешелүү билдирүүсүн азырынча комментариялаган жок.

Бирок оппозиция лидерлери зомбулук менен коштолгон акциялардын артында оппозиция турат деген айыптоолорду четке кагууда. Алар, тескерисинче, өкмөт демонстранттардын катарына провокаторлорду киргизген деп ырасташууда.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму 7-апрелдеги зомбулук аракеттерди айыптады:

- Биз Молдованын баш калаасында жекшемби күнкү шайлоодон кийин орун алган күч колдонуу учурларын, албетте, айыптайбыз. Ар бир саясий тарапты кырдаалды курчутпоого чакырабыз, - деди ЕККУнун Кишиневдогу басма сөз өкүлү Матти Сидорофф.

Шайлоодо добуштардын 30 пайызга жакынын алган оппозициялык негизги 3 партия бюллетендерди кайра санап чыгууну талап кылууда.

Айрым маалыматтарга караганда, бийлик чет жактарда иштеп жүргөн миңдеген жарандардын ордуна бюллетень таштаттырган. Бир катар көз карандысыз байкоочулар добуш берүүчүлөрдү коркутуп үркүтүү фактылары өзгөчө элет жергесинде көп орун алганын айтышууда.

Матти Сидорофтун ырастоосунда, оппозициянын арыздары кечиктирилбестен каралууга тийиш:

- Бир нече оппозициялык партия арызданганын жана алар колдорундагы далилдерди тапшырышканын айтышууда. Алар Борбордук шайлоо комиссия тарабынан тезирек иликтенип чыгууга тийиш.

Оппозиция лидерлери шейшембиде президент Воронин менен жолугушуп, добуштарды кайра санап чыгууга үндөшкөн.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Юрие Чиокан мыйзамга ылайык, ар бир бурмалоо фактысы боюнча арыз эреже бузуу орун алган жергиликтүү сотто каралууга тийиш деп, андай чакырыкты четке какты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров оппозициянын добуштарды кайра саноо жөнүндөгү талабын “таптакыр негизсиз” деп баалады.

Молдованын Днестр боюндагы жикчил жумуриятында россиялык 1 миңдей аскерлер жайгашканын эскерте кетели. Ушул тапта расмий Москванын Кишиневго таасири абдан күчтүү бойдон кала берүүдө.

Мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы соңку жыйынтыктарды бүгүнтөн (8-апрелден) калбай жарыялашы керек эле.

Молдовандар бурмаланган шайлоого нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00


Тасма: 7-апрелдеги Кишиневдогу тополоң.

Бийликтеги коммунисттик партиянын парламенттик шайлоодо жеңип чыкканы тууралуу жарыяга нааразы калайык Кишиневдо өкмөткө каршы ири жыйын өткөрдү. Акыры өкмөт оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз болду.

Тасма. Кишиневдо нааразылык жыйыны улантылды

Кишинёвдо нааразылык жыйыны улантылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00


8-апрелде да Молдованын ордо шаарынын чордону “жекшембиде парламенттик шайлоо бурмалоо менен өттү” деп нааразы болгон демонстранттарга толуп турду. Шаар бийлиги тополоңдон кийинки акыр-чикирди четинен тазалоодо.

XS
SM
MD
LG