Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Монгол демократиясы: туура жол жана турмуш чындыгы


Биз кезде бака-шака түшүп турган Зуунхаранын бүгүнкү көрүнүшү.
Биз кезде бака-шака түшүп турган Зуунхаранын бүгүнкү көрүнүшү.

Монгол элдик республикасы коммунизмден тынчтык жол менен баш тартып, демократиялык нукка оогонуна жыйырма жылдын жүзү болду. Бирок калктын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү жакырчылыкта өмүр сүрүүдө.

Ошол эле учурда чет элдик компаниялар өлкөнүн тоо-кен өнөр жайынан миллиондогон доллар киреше көрүп жатат. Күнкорсуз Монголиянын чет элдик ишканалар менен бул жааттагы кызматташтыгы, тапкан пайда-зыяны Кыргызстандын тажрыйбасына окшошуп кетет.

Бир кезде СССРдин он алтынчы республикасы катары эсептелген Монголияга баргандарда өлкөнүн демократияга оогондон кийинки жашоосунун ийгилиги менен кемчилигин баалоонун бир нече мүмкүнчүлүгү бар. Алардын бири - башкалаа Улан-Батордон 160 чакырым гана алыстыкта жайгашкан Зуунхара шаарчасындагы көрүнүш.

Кезинде темир жолдун жана өндүрүштүн борбору катары курулган бул шаарчада поезддер азыр анда-санда гана өтөт. Атүгүл иш күндөрдү да бака-шака түшкөн адамдар көрүнбөйт. Башкача айтканда ал таштанды калаага окшошуп турат. Кир жана ылай көчөлөрдүн четинде, учурунда жыгачтан салынган үйлөрдүн короосунан анда-мында уйлардын башы чыгат. Борбордон 160 чакырым эле алыстыкта жайгашканына карабай, түз байланыштырган жолдун жоктугунан улам Улан-Батордон Зуунхарага жетүүнүн өзү тозок иш.

Өңгүл-дөңгүл, таштак жана суу жуп кеткен жол менен жүргөндүктөн жана буга кошумча аркыраган шамалдан улам айдоочулар автоунаасын илдир-силдир эле кылдыратууга аргасыз болгондуктан сапарыңыз бир нече саатка созулат. Иши кылып Зуунхарага ашыккан адам көрүнбөйт.

Шаарчадагы жалгыз бейөкмөт уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Дамдинжэматс Туйанын айтымында, мурдагы ишинен айрылган соң көптөр жан багуу үчүн мыйзамсыз кен казууга өтүп кетишкен. Алардын уюму мына ошондой үй-бүлөлөргө жардам берүү багытында иш жүргүзөт:

- Бизде чоң тейлөө тармагы бар эле. Куту чыгаруучу завод иштечү, жыгач иштетүү өнөр-жайы жаман эмес болчу. Механиктерди иш менен камсыздаган ири транспорт борбору бар эле. Бул ишканалардын баары жабылып, жеке менчиктеги кичинекей фирмаларга айланып калышты. Кызматкерлеринин көбү бошотулду. Жаңы ээлери ишке туугандары менен досторун гана алышты.

Менчиктештирүүдөн соң Монголияда завод-фабрикалардын жумушчулары эле ишсиз калган жок.1990-жылдардын этегиндеги оор кыштар айыл-ападагы, тоо-таштагы монголдорду да мал-жанынан ажыраткан. Короосундагы кой-эчкиси кырылган соң көчмөндөрдүн көбү шаар жерлерине жер которууга аргасыз болушту.

Ошентип 70 жылга созулган коммунизмден тынч кутулгандан жыйырма жылдан кийин 2,6 миллион монголдун үчтөн бир бөлүгүнөн көбү бүгүн күнүнө 2 долларга өмүр сүрүүдө.

Бирок төмөнкү катмардын жашоо кыйынчылыгы менен жогорку деңгээлдеги маалыматтар шайкеш келе бербейт. Глобалдык экономикалык кризиске чейин монгол экономикасы алты жыл катары менен туруктуу өнүгүп келди. Улуттук дүң өндүрүш жан башына бөлө келгенде 1500 долларга жетип, бюджеттин кирешеси өсүп турду.

Анткен менен карапайым монголдор мунун акыбетин сезбей жатышат. Алар өзгөчө чет элдик компаниялар өлкөнүн кен-байлыктары казуу үчүн атаандашып жатканына нааразы.

Боро алтын кенинин тагдыры "Кумтөрдүкүнө" окшошуп турат

Монголиянын Боро алтын кенин да канадалык компания иштетет
Маселен биз алдыда сөз кылган Зуунхара шаарчасынын чет жакасында жайгашкан Боро алтын кени Кыргызстандын Кумтөр алтын кени сыяктуу Канаданын "Центерра" компаниясынын активине кирет. Башкача айтканда, аталган компания Боро кенине 100%га ээлик кылат.

Кенден коммерциялык негизде алтын өндүрүү иши 2004-жылдан тарта башталып, жылына орто эсеп менен 180 миң униций алтын чыгарылууда. Кыргызстанда жакшы белгилүү "Центерра" Монголиядагы жетишкендиктери катары коопсуздукту кынтыксыз сактарын, жергиликтүү кызматкерлерге 800 долларга чейин айлык төлөрүн айтып жүрөт. Бирок компаниянын ишине ичи чыкпагандар, кирешени адилетсиз көрүп жатканына нааразылар четтен табылат.

Алардын көз карашында, монгол өкмөтү чет элдик кен компанияларына салык жеңилдиктерин такай берип келгендиктен, алар кирешеге жакшы эле маарышты, ошол эле учурда мамлекеттин көргөн пайдасы кымындай эле болду. Ошол эле Боро кенинде алтын өндүрүштүн көлөмү эң жогорку чекке чыккан учурлар (2004-2007-жылдар) артта калды. "Центерра" эми кенди иштетүүнү 2013-жылы кирешеден алынуучу салыктын өлчөмү жогорулаганга чейин эле токтотуп салуусу мүмкүн.

Анткен менен тоо-кен тармагы Монголияны жакырчылыктан кутултуучу жалгыз өндүрүш катары каралып келүүдө. Жакында чет өлкөлүк эки фирма: австралиялык-британиялык концерн "Rio Tinto" жана канадалык "Ivanhoe Mines" компаниялары менен түзүлгөн келишим монгол экономикасына 4 миллиард доллар киреше алып келет деген үмүт бар. Аталган компаниялар жездин жана алтындын ири кору жаткан Ую-Толгой кенин казуусу керек.

Бирок Нью-Йорктогу Колумбия университетинде монгол тарыхынан сабак берген Моррис Россабинин пикиринде, келишим беш жыл бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн соңунан түзүлгөнү менен ага үмүт арткандарга караганда, күмөн санагандар көп:

- Келишимге азыр эле ээ болгон кен компаниясы үчүн салыктар кыскартылды. Ал ишке чындап канча монголду алары белгисиз. Айлана-чөйрөгө кандай зыян келтирери да айтылган жок. Иш кылып, коомчулук үчүн ачыкталбаган нерселер бир топ.

Айтор, мына ушул өңдөнгөн маселелер боюнча айкындуулуктун жоктугунан улам кыргыздар сыяктуу эле монголдордун көбү да өкмөт ириде алардын кызыкчылыгын жүрөгүндө сактарына ишене беришпейт.

Эл эмне дейт?


"Сант Марал" деген көз карандысыз иликтөө уюму тарабынан жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого тартылгандардын көбү өкмөттүн саясаты орто катмар менен жакырларга караганда, байларды көбүрөөк колдоого багытталган деп эсептээрин көргөзгөн.

Анын үстүнө Монголиянын азыркы, жаңы премьер-министри Сухбаатар Батболд (Sukhbaatar Batbold) - кен тармагынан чыкан магнат, өлкөнүн эң бай адамдарынын бири.

Коомдук пикирди сурамжылоо боюнча "Сант Марал" уюмунун жетекчиси Лувсэндэндев Сумэтинин айтымында, ушу тапта монголдордун көпчүлүгү өкмөттүн кен тармагынан түшкөн пайданы экономиканы стимулдаштыруу үчүн пайдалануу жөндөмүнөн күмөн санашат:

Лувсэндэндев Сумэти
- Өкмөт адеп башынан тарта эле бул маселелерди чечүүдө айкындуулугун, эффективдүүлүгүн же кесипкөйлүгүн көргөзө албады. Эгер келишим жогорку кесипкөйлүк менен түзүлгөндө биз маселени глобалдык каржы кризиси башталганга чейин эле чечмекпиз. Ошондо биз азыркыдан кыйла дурус шартка ээ болмокпуз.

Кен-байлыкты элдики деп эсептеген монголдор аны пайдалануунун өз жолун табышкан


Монгол Баш мыйзамында белгиленгендей, өлкөнүн эбейгесиз жайыт жерлери кимдир бирөнүн эмес, жалпынын менчиги. Бул мал менен киндиктеш өскөн монголдордун салт-санаасына ылайыкташкан укуктук чен-өлчөм. Бирок чет өлкөлүк кен фирмаларынын каптап киришинен кыжырданган монголдор кенди өз алдынча эле каза баштоону жерге болгон укугунан пайдалануунун бир мүмкүнчүлүгү катары карашат

Мыйзамсыз кен казууга азыр Монголияда миңдеген адамдар тартылган. Алтынды же башка металдарды топурактан ажыратуу үчүн алар кээде цианид өңдүү улуу заттарды да колдонушат. Айрымдары балта-чотун белине артып, жалгыздап эле кен казып жатса, дурусурак жарак-жабдуу менен топ-топ болуп иштегендери да бар.

Канадалыктар иштетип жаткан Боро алтын кенине жакын жайгашкан Зунхаара шаарчасындагы активист Дамдинжэматс Туйанын айтымында, алардын уюму мыйзамсыз кенчилерди кооптуу химикаттардан баш тартып, өзүлөрү жана айлана-чөйрө үчүн коопсузураак ыкманы колдонууга ынандыруу аракетин жасап келүүдө. Бирок кенчилер көздөгөнүн берчүдөй эмес:

-Мыйзамда жер баарына таандык деп жазылган. Кенчилер муну дал өзүндөй эле түз кабыл алышууда. Алар монгол болгондуктан, каалаган жерине барып, алтын каза алабыз деп эсептешет. Алар мындай кадамга чет элдик компаниялар Монголиядан казган алтынын сыртка салыксыз эле чыгарып кетип жатканынан, адилетсиздикти сезишкенинен улам барышууда. "Центерра" компаниясы казып жаткан Боро алтын кени биздин кыштактын четинде жайгашкан жана биз алар алтынды алып кетип жатикандыгы тууралуу фактыны айтуудабыз.

Туура жасалган тандоо

Азыркы монгол парламентинин депутаты Санжасурээн Ойун мекендештери ичинен алгачкылардан болуп, Кембридж университетинде тоо-кен өнөр жайы боюнча докторантураны бүтүргөн. Учурда Монголиянын ири алтын жана жез кенин казмакчы болуп жаткан "Rio-Tinto" компаниясынын Лондондогу кеңсесинде иштеген. Анын өз бир тууганы, маркум Санжасурээн Зориг Монголиядагы демократиялык ыңкылаптын жол башчыларынын бири болгон.

Санжасурээн Ойун “Азаттык” радиосунун кабарчысы Дейзи Синделар менен маегинде, демократиялык өзгөрүүлөр учурундагы баштапкы убадалар чынында эле жакырларга жетпегенин моюнга алды. Монгол депутатынын көз карашында, өкмөт элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн жигердүү аракеттениши абзел:

Депутат Сажасурээн Ойундун бир тууганы Санжасурээн Зориг демократиялык кыймылдын башында турган.
- Көйгөйлөргө карабай, биз көпкө жетиштик. Биз жандуу, көп партиялуу парламенттик демократиябыз. Менимче алдыда турган эң ири проблема – адамдардын жашоо стандартын оңдоо, экономикалык өсүштү камсыздоо. Менин түшүнүгүмдө өнүгүүгө демократия гана алып барбайт. ал башка факторлорго: географияга, рынокко, инфраструктурага да көз каранды. Бул - оңой-олтоң иш эмес.

Санжасурээн Ойун айым “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, эгер жашооң жыйырма жыл мурдагыдан жакшырбаса, адам “базар экономикасына өтүүнүн маңызы эмнеде эле” деген суроо салары бышык.

Жогорудагыдай ойго коомдук пикирди сурамжылоочу Лувсэндендев Сумети да кошулат. Талдоочунун пикиринде, балким Монголияда саясий түзүлүштөгү өткөөл доор аяктады. Бирок социалдык трансформация бүтө элек. Бул балким дагы ондогон жылдарга созулат. Ал эми учурдагы жакырчылык менен байланышкан нааразылык сезими монголдордо балким күчөй бериши мүмкүн, бирок статистиканы эске алганда, монголдордун көбү өлкө 1990-жылдары кадамды туура шилтеген деп эсептешет:

-Биз демократия менен базар экономикасына өтүү туура же жаңылыш кадам болгонбу деп сурадык. Биз бул суроону 1995-жылдан бери берип келе жатабыз. Калктын 80%дан ашууну азыр да бул туура кадам болгон деп эсептешет. Артка кайтууну Монголияда эч ким көздөбөйт.

Борбор Азия үчүн өрнөкпү?

Быйыл Монголияда президент тынч алмашты, былтыр парламенттик шайлоонун арты тополоң менен коштолгон.
Айткандай эле эли жакыр экенине карабай, Монголияда демократия жагынан бери дегенде Борбор Азияга өрнөк болчу фактылар жок эмес. Анын эң эле соңку мисалы – 2009-жылдын жайында өлкөдө президент шайлоо аркылуу алмашты.

Оппозициядагы демократиялык партиянын өкүлү, айтылуу Гарвард университетинде таалим алган 46 жаштагы Цахиагийн Элбэгдорж (Tsakhiagiin Elbegdorj) Монгол Элдик Революциялык партиясынын өкүлү, шайлоо өнөктүгү маалында да президент болуп турган Намбарын Энхбаярды утуп алды.

Анын алдында, 2008-жылы, парламенттик шайлоо учурунда эл өз добуштарын коргоп көчөгө чыккан. Демонстранттар бийликтеги партиянын кеңсесин талкалаганга чейин барышкан. Монголиядагы демократиялык ыңкылапка болсо 10-декабрда туура жыйырма жыл толду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG