Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Москва аза күтүүдө


Москва -- Шаар тургундары метродо бомба жарылган эки станцияда гүлдестелер коюп, шам жагып жатышат.
Москва -- Шаар тургундары метродо бомба жарылган эки станцияда гүлдестелер коюп, шам жагып жатышат.

Россиянын борбору аза күтүүдө. Москва метросундагы террор балааматынан набыт кеткендер саны отуз тогузга жетти. Жарадар болгондор саны 70тен ашат, жоон тобунун абалы оор. Бийликтер бул ишти уюштургандар сөзсүз табылат жана жазасын алат деп ишендиришүүдө.

Бардык жерде желектер түшүрүлдү, оюн-зоок иштери токтотулду, бир катар телеканалдар көңүл ачар программаларын көрсөткөндөн баш тартышты. Бейжазык кишилер мерт болгон жерлерге шаар тургундары шам жагып, гүлдестелер коюп жатышат.

Москвада коопсуздук иштери күчөтүлдү. Өкмөт балааматтан опот кеткендер менен жабыр тарткандарга, алардын үй-бөлүлөрүнө материалдык жардам көрсөтмөй болду.

Президент Дмитрий Медведев менен премьер Владимир Путин коопсуздук органдарына террорчуларды таап, алардын баскан изин кетмендеп салганга көрсөтмө беришти.

"Бул кишилер, аларды киши деп айтканга да болбойт, тек гана жыркычтар, кандай жүйөөгө таянганын айтпаганда да ар кандай мыйзамга, дегеле ар кандай моралга сыйбаган кылмыш жасагандар. Менин кенедей күмөнүм жок: биз аларды табабыз жана баарын тыйпыл кылабыз", - деп айтты орус президенти.

Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников айрым таныктарга таянып, метродогу эки кыянатты Түндүк Кавказдагы козголоңчул күчтөр жасаганынан кадик санаган жок. Акыркы кабарларда ФСБ муну чечен козголоңчусу Доку Умаровдун тобунан көрүп жатканы айтылат. Аларга, кыязы, тышкы иштер министри Сергей Лавровдун болжолунда, ооган-пакистан чек арасындагы "ээн жерлерди" сыйынт кылып алышкан террорчулар көмөктөшкөн шекилденет.

Жосмол-жоромолдордо жанкечти эки аялга славян уркундагы дагы эки аял көмөктөшкөнү айтылууда. Алардын түкшөмөл түспөлү түзүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Москва метросундагы кыянатты эл аралык коомчулук, алардын ичинде АКШ президенти Барак Обама, Евросоюз лидерлери, Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, "чоң сегиздин" Канадада өтүп жаткан жыйыны жана башкалар кескин айыпташты. Немец канцлери Ангела Меркел Германиянын атынан орус бийликтерине көңүл айтты. "Биз Россияны күчүбүз канчага жетсе, ошончо өлчөмдө колдойбуз. Россиянын досондо элине каршы буга окшогон террордук кыянат таптакыр жол берилгис иш", - деп билдирди ал.

Россиядагы бийлик оппоненттери күнөөнүн көп бөлүгүн коопсуздук органдарына жүктөштү. "Бул окуядан кийин Медведев премьер Путинди кызматтан алышы керек, анткени ал он бир жыл мурда эле орус шаарларында террордук аракеттерди тыптыйыл тыйганга убада берген. Бул үчүн ал биздин жарандык жана саясий укуктарыбызды тартып алды,бирок коопсуздугубузду камсыз кыла алган жок", - деп жазды өзүнүн "Жандуу журналында" оппозициядагы "Тилектештик" кыймылынын лидери Илья Яшин.

"Ведомости" гезити кечээги окуя биринчи жана акыркы кыянат эместигин эске салып, "өлкөдө коопсуздук системасы иштебей калганын, бирок ФСБнын бюджети жыл сайын өсүп жатканын" белгиледи.

Москванын метросу аркылуу күн сайын алты миллионго чукул эл каттайт. 2004-жылы февралда да метрополитенде бомба жарылып, 41 кишинин өмүрү кыйылган. Андан сегиз ай өткөн соң ушундай дагы бир окуядан он киши мерт болгон.

Орусия аза күтүүдө
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG