Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Мумбайга чабуул - Обамага алгачкы чоң сынак


Барак Обама менен тышкы саясат боюнча анын жаңы командасы (Хиллари Клинтон менен генерал Жеймс Жонс) Түштүк Азияда жасай турган иши көп
Барак Обама менен тышкы саясат боюнча анын жаңы командасы (Хиллари Клинтон менен генерал Жеймс Жонс) Түштүк Азияда жасай турган иши көп

Түштүк Азияда террорго каршы күрөш менен бирге Индия-Пакистан чатагын жоюу вазыйпасы АКШнын жаңы президентине жүктөлмөкчү. Бул маселе Барак Обаманын тышкы саясатындагы негизги суроолордон болуп калат.

Мумбайдагы соңку террор актылары үчүн Индия Пакистанды шекший баштады. Ошентип, 2002-жылдагы Индия парламентине болгон чабуулдан бери алгачкы ирет Түштүк Азиядагы өзөктүк куралдуу бул эки мамлекеттин алакалары өзүнүн эң төмөн деңгээлине жетти көрүнөт.

Индиянын өкмөтү Пакистандын өкмөтүн ачык эле Мумбайды силер жардырдыңыр деп айыптап чыга элек. Бирок индиялык саясатылар менен журналисттер жардырууларга Пакистандын байланышы бар деп жатышат.

Индиянын тышкы иштер министри Пранаб Мукхержи шейшембиде террорист болушу мүмкүн деп шектеген 20 кишини Индияга өткөрүп беришин Пакистандан талап кылды.

Расмий Исламабад болсо бул чабуулдарга эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши болсо индиялык тараптын нотасына жооп иретинде иликтөө иштерине жардамын сунуш кылды.

- Менимче, биз аябай жооптуу мезгилден өтүп жатабыз. Эки тарап тең бул учурдан жоопкерчилик менен, токтоо, этият өтүшүбүз керек. Азыркы жагдай бири-бирибизди каралап эле, күнөөлөй бергенге жол бербейт.

Эгерде Индия Пакистан менен чектеш Кашмирге аскерлерин жибере турган болсо, анда биз да Ооганстан менен чектеш жерлердеги аскерлерди Индия тараптагы чекарага жайгаштырабыз, деп коркутуп жатат Исламабад. Мумбайдагы жардырууну уюштургандар дал ушуну эле каалап турушкан, - дешет эксперттер. Алар Индия менен Пакистанды уруштуруп коюп, ооган жерине жакын жерлердеги жикчил урууларга колдоо жөнөтүүнү самашат.

Обама стратегиясына багытталган “күтүүсүз сокку”

Нью-Делиде жашаган журналист Рахул Беди АКШда жаңы шайланган президент Барак Обаманын номур биринчи милдеттеринин арасында Түштүк Азиядагы тынчылыкка жетишүү да болот дейт.

- Обама мырза АКШнын өзүндөгү экономикалык проблема менен кошо Пакистандагы, Индиядагы жана Ооганстандагы проблемаларды негизги приоритети кылып карашы күтүлүүдө. Анткени бул маселе кийин азыркыдан да чоң жаңжалга айланып кетиш коркунучу бар. Бул аябай кооптуу учур.

Индиялык дагы бир аналитик Мумбайдагы террор актыны жасагандар бир эле индия-пакистан мамилелерине эмес, АКШнын жалпы Түштүк Азияга карата саясатына доо кетирүүнү пландаштырышкан деп ишенет.

Нью-Делидеги Саясий изилдөөлөр борборунун башчысы Пратап Бану Мехтанын айтымында, азыр Индия өкмөтүнө өз калкынан “Пакистанга каршы аракет көр” деген басым жасалып жатат.

Мехта, андан сырткары, Мумбайдагы окуяларды Барак Обаманын да Түштүк Азия боюнча стратегиясына “жасалган сокку” деп атады. Анткени Обама Исламабадка америкалык атайын дипломаттарды жиберип, анын Индия менен Кашмир проблемасын чечип берүүгө жардам кылганга сөз берген. Анысы үчүн Исламабад Пакистандагы жикчилерге каршы өзү күрөшүшү керек эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG