Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Мюнхендеги жыйында Иран менен Кытайга басым жасалды


Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Манучер Моттаки (солдо) жана Сергей Лавров (оңдо) Мюнхендеги жыйында жолугушту. 6-февраль, 2010-ж.
Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Манучер Моттаки (солдо) жана Сергей Лавров (оңдо) Мюнхендеги жыйында жолугушту. 6-февраль, 2010-ж.

Мюнхендеги Коопсуздук жыйынында Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуу табылышы мүмкүн деген кабар башкы жаңылык болду. Андагы башкы көңүл бирок, дүйнөлүк күчкө айланып бараткан Кытайга арналды.

Жыл сайын өтүүчү Мюнхендеги Коопсуздук жыйынына өткөн жума күнү күтүүсүздөн Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки келип кошулганынын өзү эле чоң жаңылык жаратты. Ал эми Моттакинин ал жерде жасаган билдирүүсү дароо Мюнхен конференциясынын башкы жаңылыгына айланды. “Азыркы түзүлгөн шарттарда, менимче, биз бардык тараптарды муюта турган соңку макулдашууга жетишүүгө жакындап калдык”, - деп билдирди ал.

Ошол эле жума күнү кечинде Ирандын тышкы иштер министри Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкия Амано менен жолугушуп, соңунда “сүйлөшүү абдан жакшы өткөнүн” белгиледи. Ага удаа Манучер Моттаки Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен масилеттешти.

Ошентип, Ирандын расмий өкүлү өзөктүк программа боюнча бардык тараптарды макулдата турган келишим талкууланып бүтүп калды деп айтканы Мюнхендеги жыйындын маанисин арттырды. Мурунку жылдары Коопсуздук конференциясы АКШнын вице-президенти Жо Байден АКШ-Орусия алакаларын кайра түзүү тууралуу жарыялап, 2003-жылы АКШ менен Германиянын коргоо министрлери Ирактагы аскердик аракеттер туурасында акыйлаша кетип, эл аралык жаңылыктардын башкы сабын ээлеген эле.

2007-жылы андагы орус президенти Владимир Путин Америка дүйнөдө үстөмдүк кылууга умтулат деп айыптаса, быйылкы жыйында айтылган сөздүн көбү Кытай акырындап дүйнөлүк күчкө айланып келатканы, андан улам эл аралык саясаттын борбору евро-атлантикалык аймактан Азия тарапка ооп баратканына арналды.

Ага далил катары Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи жума күнү Мюнхендеги конференцияны ачкан сөзүндө өзүн абдан ишеничтүү кармап, катышуучуларга тамаша аралаш кайрылып, “глобалдык климат көйгөйүн биз абдан олуттуу маселе деп эсептейбиз, азыр баарыбыз отурган зал Кытайдагы үйлөргө караганда кыйла жылуу экен. Сиздерди дүйнөлүк климаттын келечеги түйшөлтсө, үйүңөрдөгү жылуулукту азайтуудан баштагыла”, - деди Бэйжиндик башкы дипломат.

Андан аркы сөзүндө ал жакында АКШ жетекчилиги Тайванга курал сатуу чечимин кабыл алганын сынга алып: “Бул чечим мамлекеттер ортосундагы мамилелер жобосун, ошондой эле Кытай менен АКШ ортосунда кол коюлган 3 биргелешкен документти бузаары айкын. Кытай эли жана өкмөтү терең ачууланышына толук негиз бар деп ойлойм”, - деди Кытайдын тышкы иштер министри Цзечи. Ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунаса келишимге жетишиш үчүн бардык тараптар узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды алдыга чыгарып, сабырдуу, ийкемдүү саясат жүргүзүшү керек деп басым жасады.

Ирандын тышкы иштер министри ишембиге караган түнү маселенин тегерегиндеги талкуулар жемиштүү өтүп жатканын ырастады. Андан 3 күн мурдараак Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Тегеран өндүрүлгөн уранды чет өлкөгө жөнөтүп, ошол жакта байытууга камданууда деп кабарлаган.

Ошентсе да, Германиянын тышкы иштер министри баш болгон бир катар Батыштык жетекчилер буга чейинки тажрыйба көргөзгөндөй, Иран бул талылуу маселеде оңой менен артка чегинбейт деп этият комментарийлешти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG