Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

АКШнын НАТОдогу элчиси Түштүк Азиядагы жеңишке ишенет


АКШнын НАТОдогу элчиси Курт Волкер Азаттыкта, 13-март, 2009-ж.
АКШнын НАТОдогу элчиси Курт Волкер Азаттыкта, 13-март, 2009-ж.

НАТО акыр аягы Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жетишет. Себеби жалпы эле Түштүк Азияда элдин басымдуу көпчүлүгү тынчтыкты, коопсуздукту жана бардар турмушту колдойт. "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде болгон АКШнын НАТОдогу элчиси Курт Фолкер мына ушул пикирин билдирди.

"Азаттык": Жакында АКШнын вице-президенти Жо Байден эл аралык коомчулук Ооганстанда жеңилгенге жол бере албайт деп айтты. Бул Ооганстандагы келечек иштер тууралуу эмнени билдирет?

Курт Волкер: Вице-президент айткандай, АКШнын президенти Барак Обама ишке киришкенде дароо эле Ооганстан боюнча стратегияны баштан-аяк карап чыгууну буйруду. Бул иштин жыйынтыгы али чыга элек. Бирок биз Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек ара аймагына айрыкча көңүл бурушубуз керектиги айгине болуп калды. Ошондой эле Ооганстандын тирдигишинде согуштук эмес жолдорго көбүрөөк көңүл бурушубуз абзел. Ал үчүн биз коррупция жана баңги аткезчилиги менен күрөштө, экономиканы кайра курууда жергиликтүү жетекчилер, уруу башчылары менен кеңешип иш алып барышыбыз зарыл.

"Азаттык": НАТОнун көзөмөлү астында Ооганстандын түштүгүндөгү кырдаал күндөн күнгө начарлап келди. Натыйжада айрым НАТО мүчөлөрү ал жакка аскер жибергиси келбейт, же ал жактан кетүүнүн айласын издеп жатат. Бул абалды кантип өзгөртсө болот?

Курт Волкер: Сиз берген суроонун эки өңүтү бар. Биринчиден, биздин ишибизге Европа менен Канаданын мамилесин багытоодо биз кандай аракет жасап жатабыз? Экинчиден, биздин Ооганстандагы иш-аракетибиз кандай болуп жатат? Ооганстанга кошуп жаткан салымын азыркысындай сактап, же көбөйтүүдөн айрым өлкөлөрдүн тайсалдаганы буга чейин зордук-зомбулуктун өтө көп болгондугунан болду. Алар (мурдагы) стратегиядан майнап болуп жаткандыгына ынанган эмес, ооган өкмөтү менен кызматташттыкка да ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышкан. Биз мына ушул маселелерге көңүл бурушубуз керек.

"Азаттык": Жакындагы маегинде Ооганстандагы стабилдештирүү аракеттеринин башында турган элчи Лакдар Брахими "НАТОнун Ооганстанда бирдиктүү стратегиясы жок, саналуу өлкөлөрдүн армиялары ар кимиси өз максаттарын көздөйт, согушутук пландары да ар кимисиники ар кандай" деп айткан эле. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Курт Волкер: Ооганстандын ар кай жеринде жайгаштырылган НАТОнун ар башка мүчө-мамлекеттеринин аскерлери жалпы операция эмес, өз операциялары үчүн гана жооп берип калгандай көрүнүштөр болду. АКШнын салымынын көбөйүшү, ооган өкмөтү менен кызматташтык, ооган улуттук тартип коргоочулар менен ооган улуттук армияны машыктыруунун кеңейиши мындай көрүнүштөрдү жоюп, бирдиктүү улуттук аракеттерге огожо болот. Шейшембиде кимдир бирөө вице-президент Байденге айткандай, биз аймактык деңгээлде аракеттенип, улуттук деңгээлде ойлонушубуз маанилүү. Менимче, биз ушул багытта иш алып барышыбыз керек.

"Азаттык": Ооганстанды стабилдештирүү НАТОнун алдындагы эң башкы кыйынчылык деп айткан туурабы? Анын ийгилигине ишенесизби?

Курт Волкер: Албетте ишенем. Акыр-аягында, ийгилик идеяларга көз каранды. Адамдын өз турмушун жөнгө салып, туруктуу үй-бүлө курап, туруктуу коом куруп, тынчтыкта жашоо идеялары дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да колдоого ээ болот. Карапайым адамдарды бутага алып, базарларда жардыруу жасап, жанкечтилерди колдонуу идеясын бир ууч радикалдар гана карманат. Ошондуктан акыр-аягында биз ийгиликке жетишебиз.

"Азаттык": Орусия бир жагынан Ооганстанга согуштук эмес керек-жаракты ташууга макул болуп, НАТО менен мамилесин кайра жандантты. Экинчи жагынан Кыргызстандан америкалык аскер базасын чыгаруу тууралуу кыргыз президенти Москвада Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин жанында отуруп жарыялады. Бул "Орусиянын Ооганстандагы эл аралык аракеттерди канчалык колдойт?" деген суроону жаратууда.

Курт Волкер: Ооганстанга керек-жарактын транзитине жол ачууда Орусия НАТО менен кызматташууну кааларын айткан. Биз Орусиянын бул нийетин колдойбуз. Эгер буга көңүлдөнгөнү чын болсо, Орусия кыргыз жетекчилигине Манас аба базасын сактап калуу нийетин билдирет деп үмүттөнөбүз.

XS
SM
MD
LG