Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

НАТОнун жаңы башчысынын максаты


Расмуссен Брюсселдеги маалымат жыйынында, 3-август, 2009
Расмуссен Брюсселдеги маалымат жыйынында, 3-август, 2009

НАТОнун жаңы шайланган баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен Ооганстанда ийгиликке жетүүгө, Орусия менен мамилени жакшыртууга иштей турганын айтты.

Даниянын мурдагы премьер-министри Андерс Фог Расмуссен бүгүн Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, НАТОнун негизги миссиясы өзгөрүлбөй турганын, ал, мурдагыдай эле, бир млрд.жакын калкы бар 28 мамлекетте эркиндикти, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздай турган “сакчы” болуп кала берээрин белгиледи. Бирок глобалдык коопсуздуктун тирөөчү болуш үчүн НАТО өзгөрүшү зарыл экенин да кошумчалады.

НАТО Орусияга душман эмес!
Бул уюмдун жетекчисинде көп деле бийлик жок, чечим кабыл алууда мүмкүнчүлүктөрү аз. Ошон үчүн Расмуссен алдыдагы беш жылда, ага чейинки башчы Яап де Хооп Схефферге караганда, өзүнө көбүрөөк бийлик берилет го деп үмүт кылып жатканын жашырган жок.

Дүйшөмбүдө ал журналисттерди суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстан НАТОнун негизги приоритеттүү глобалдык миссиясы бойдон кала берээрин айтты.

“НАТОнун мандаты так: Ооганстан дагы бир жолу эларалык терроризмдин очогу болуп калбашы үчүн чара көрүш керек. Глобалдык коопсуздук үчүн да мунун маанизи зор, - дейт ал. - Мунун моралдык жагы да күчтүү: Адамзаттын негизги укуктарына, аялдардын укуктарына ишенген ар бир инсан бул миссияны колдошу лаазым”.

Расмуссен мына ушул мамлекетте жагдайды турукташтыруу милдетин алып олтурат. Бирок Ооганстанда бүт ишти НАТО гана аткара албай турганын, карапайым оогандыктардан да, ал мамлекеттеги органдардан да жардам керектигин билдирди. Жаңы жетекчинин кызмат мөөнөтү аяктаар маалда Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо милдети анын өзүнүн коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлөт. Бул үчүн ооган улуттук армиясынын да, улуттук полициясынын да катарын кеңейтүү иши турат.

Ооганстанда 20-августта өтө турган президенттик шайлоого токтолуп, анын жыйынтыгы Батыш өзүндө эсептей турган система менен эмес, ооган эли өзү ишенгидей эреже менен каралышы керектигин айтты.

Ооганстандагы миссиянын моралдык жагы да күчтүү...
Расмуссен азыркы айрым “пикир келишпестиктерге” карабай, Орусия менен келечекте “стратегиялык өнөктөш” катары иштешүүнү каалайт. “Албетте, айрым фундаменталдык маселелер боюнча бизде түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Биз, мисалы, Орусия коңшулаш өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана саясий эркиндигин урматташы керектигин айта беребиз, - дейт ал. - Бирок ушул маселелердин айынан биз Орусия менен мамилебизди бузуп алгыбыз келбейт”.

Мына ушул билдирүү менен Расмуссен жоопкерчиликти Москвага жүктөп койгонсуду. Ал “Орусиянын жетекчилиги менен эли НАТО аларга душман эмес экенин түшүнүшү керек” деди.

Ал, ошондой эле, НАТОго мүчөлүктү самаган мамлекеттер үчүн эшик ачык экенин, бирок ал үчүн мамлекеттер өздөрү даяр болушу зарылдыгын да айтты. Бул, эң оболу, Грузия менен Украинага кыйытылгандай болду. Расмуссен мусулман дүйнөсү менен да алаканы жакшыртуу үчүн аракет көрөөрүн белгилегенсиди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG