Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Расмуссен: "Жаңы келишим керек эмес!"


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен орустардын сунушуна жооп берди,бирок өз сунуштарына Москвадан ачык жооп алалбады.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен орустардын сунушуна жооп берди,бирок өз сунуштарына Москвадан ачык жооп алалбады.

Кечээ Москвада НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен үч күндүк сапарын аяктады. Расмуссен алянс менен Россия ортосунда байланыштарды жандантууну жана орустарды ооган согушуна көмөктөшүүгө көндүрүүнү көздөп келген эле.

Андерс Фог Расмуссен өзү Москвадагы визитин орточо "төрткө" баалады. Эки күн ичинде ал орус жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, парламентте болду жана МГИМОдо студенттер менен жолукту.

НАТО Россияга кол салбайт

"НАТОнун баш катчысы катары мага так кесе айтып койгонго ыракым кылыңыздар: НАТО эч качан Россияга кол салбайт. Эч качан. Россия да бизге кол салбайт деп эсептейбиз. Бу жагынан биз эбак эле кооптонбой калганбыз. Россия да бизден кооптонбосо жакшы болот эле",- деп айтты Расмуссен студенттер менен жолуккан учурда.

Байкоочулар баш катчынын бул сөзүнөн улам Россия менен алянс ортосундагы терең ажырым дале сакталып калганын болгоошту. Украина менен Грузиянын НАТОго мүчө болуу дамасынан, айрыкча былтыркы орус-грузин согушунан улам эки тараптын мамилеси бир топ бузулуп калган эле.

Ошентсе да НАТО менен Россия эски таарынычтарды унутканга сөз беришти. "Менин оюмча, Ооганстан 2010-жылдагы кызматташтыктын башкы элементи болууга тийиш. Ушул себептен улам орус жетекчилерине биздин Ооганстандагы операцияларыбызга Россия кандай жардам көрсөтө алары тууралуу конкреттүү сунуштарды бердим", - деп айтты Расмуссен.

Алянс, атап айтканда, орустар ооган армиясын курал-жарак, айрыкча автомат, тикучма, бензин жана башка керектүү материалдар менен жабдып, буга кошо алардын аскери кадрларын, полицмендерин даярдап берүү ишине катышса деп каалайт.

Бирок орус жетекчилери эч кандай убадаларды берген жок. Болгону президент Дмитрий Медведев аларды карап чыгууну аскери чиновниктерге табыштады. Ал эми премьер Владимир Путин өз кезегинде бир катар маселелерде НАТО менен Россиянын көз караштары дал келбей турганын белгилеп, "келечекте, балким, көп пикирлер бир жерден чыгып калгысы бардыр" деген үмүтүн билдирди.

Орустардын Ооганстандан оозу күйгөн

Москвалык эксперт Федор Лукянов конкреттүү натыйжаларга жетишпегени менен сүйлөшүүлөрдү Россия менен НАТОнун жакындашуу ишаарасына жоруду. "Менимче, ортодо олуттуу, конкреттүү талкуулар болду. Айрым иштерде кызыкчылыктар төп келди, айрым маселелерде кайчы чыкты. Бирок бул Россияга эмне керек, НАТО эмнени каалайт – ушул жагынан пикир алышуунун аракети болду".

Экинчи бир аскерий эксперт Руслан Пухов "ооган жериндеги өткөн ачуу тажрыйбаны эске алганда бул өлкөдөгү НАТОлук аскерлерге көмөктөшүү Москва үчүн чоң жаңылыштык болорун" эскертти. "Талибан" менен "Ал-Каида" АКШга жана анын Европадагы союздаштарына кантсе да жете албайт. Бирок Россияга, Борбор Азиядагы орус жарандарына алардын оңой эле колу жетет".

Жаңы келишим зарыл эмес

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын да НАТОго берген конкреттүү сунуштары бар экенин эске салып, алянс аларды карап чыгат деген үмүтүн билгизди. Кеп бу жерде баарыдан мурда президент Медведевдин Европадагы жаңы коопсуздук концепциясы тууралуу болуп жатат.

Москвада сапарын жуп аяктар алдында Расмуссен бул сунушту Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү форумдарда талкуулап көрсө болорун айтып, бирок аны НАТО Кеңешинин кароосуна койгондон баш тартты.

"Жаңы келишимдердин же мыйзамдуу түрдө милдеттендире турган жаңы документтердин зарылдыгын көрбөй турам,- деп айтты баш катчы. – Анткени өз ара кызматташуу жана жалпы Европадагы коопсуздук үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан омоктуу документтер бар".

Алардын арасында Расмуссен эки тарап 1997-жылы кол койгон келишимди атады. "Бу документте кызматташтыктын жана континенттеги коопсуздуктун маанилүү принциптери камтылган",-деп кошумчалады ал.

XS
SM
MD
LG