Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

НАТО: Аскерий ынтымактын ишеним беренеси эскирип калды


Түндүк атлантика аскерий ынтымагынын (НАТО) эң негизги милдети 1949-жылы кабыл алынган Түндүк атлантика келишиминин бешинчи беренесинде жазылган. Учурда аскерий ынтымактын ал беренесиндеги милдеттер кыйла эскире түшкөнү айтылууда.


Түндүк атлантика келишиминдеги 146 сөздөн турган 5-берененин негизги мааниси, анын биринчи сүйлөмүндө камтылган. Анда «Тараптар - Европада же Түндүк америкада жайгашкан ынтымактын мүчөлөрүнүн бирине же бир канчасына кол салууну, алардын бардыгына кол салуу деп эсептейт»,- деп жазылып турат.

«Тарыхтагы эң мыкты коргонуу уюму же аскерий ынтымагы» делип көп айтылган НАТО иш жүзүндө өзүнүн чындап ушундай экендигин бир да жолу далилдеген эмес. Бирок мунун өзү - аскерий ынтымактын ийгиликтүүлүгүнөн кабар берип турат дешет.

Аталган берене 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорк менен Вашингтондогу террорчулардын чабуулунан кийин алгачкы жолу колдонулган. Анда НАТОдогу АКШнын өнөктөштөрү тилектештик иретинде гана Ооганстанга чабуулду колдоп, 2003-жылы аскерий ынтымак аскерлери Ооганстанга киргенге чейин берене формалдуу түрдө каралган эмес эле.

Аскерий ынтымактын түзүлгөнүнө 60 жыл, кансыз согуштун бүткөнүнө 20 жыл болсо да келишимдеги берене ошол эле калыбында иштеп, дүйнөдөгү уламкы өзгөрүүлөр аны эскиртип баратканын айтышат.

НАТОнун Римдеги Коргоо мектебинин иликтөө бөлүмүнүн башчысы Карл-Хейнз Камптын айтымында, СССР кулагандан бери эмки коркунуч ким экенин так кесе айтуу кыйын болуп калды.

«Биз эми коркунуч кайдан келерин боолголоп гана айта алабыз. Бирок анын чындап эле коркунуч туудурарын эч ким так айта албайт. Андыктан 5-беренени колдонуу барган сайын кыйынга турат»,- деди Карл-Хейнз Камп.

СССРдин убагында анын таасиринде жашаган Чыгыш Европадагы НАТОго мүчө айрым өлкөлөрдүн чочулоолору, «Батыш Европадагы кээ бир өлкөлөр дал ушул беренедеги кош маанилүүлүктү пайдаланып, Орусия басып кире турган болсо каршы аракеттен баш тартат» деген божомолдорго таянат.
Орусия менен мамилесин бузбоо үчүн Франция дал ушундай кадамдарга барышы мүмкүн деген шектенүүлөр айтылып келет.

Париждеги стратегиялык иликтөө корунун адиси Франко Хейзбург мындай дейт:

«Бул маселе - чыгыш европалыктар менен француздардын ортосунда бат-бат көтөрүлөт. Француздар башынан эле 5-берененин маанилүү экендигин баса белгилеп айтып, кээде АКШны ыңгайсыз абалда калтырып келишкен. АКШ болсо НАТО сөзсүз эле 5-беренедеги жазылгандарга таянып иш кылбашы керектигин билдирип келген эле»,- деди Франко Хейзбург.

НАТОнун тарыхы кыска тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00

XS
SM
MD
LG