Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Россия-НАТО: Жылымтык арты какаарга айлана баштады


Грузия-- Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы маалымат жыйынында Тбилисидеги аскер бөлүктөрүнүн бириндеги козголоңду Москва уюштурду деп билдирди.
Грузия-- Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы маалымат жыйынында Тбилисидеги аскер бөлүктөрүнүн бириндеги козголоңду Москва уюштурду деп билдирди.

Россия-НАТО кеңешинин 19-майга белгиленген жыйынына катышкандан орус тышкы иштер министри баш тартты. Буга НАТОнун бүгүн Грузияда башталып жаткан аскерий машыгуулары, алянстын өкүлчүлүгүндө иштеген россиялык эки дипломаттын Белгиядан чыгарылып жибергени себеп болду.

Министр Сергей Лавровдун жыйынга баргандан баш тартканын Россиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин маалымдады. Алянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Москванын бул чечимине өкүнүү билдирди.

НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын негизинде Грузияда пландалган кезектеги аскери машыгууларды орус президенти Дмитрий Медведев апрелдин этегинде эле "одоно провокация" деп баалаган.

Анын соңунан Россиянын НАТОдогу өкүлчүлүгүндө иштеген эки дипломатты алянс тыңчылык иштерге катышы бар деп шектенип, өткөн аптада Белгиядан чыгарып жиберди. Москва муну да алянстын "тукуругу" деп атады жана НАТОго өзүнө жараша жооп кайтара турганын эскертти.

Буга удаалаш Россия Абхазия жана Түштүк Осетия менен келишим түзүп, алардын Грузия менен тогошкон чек араларын күзөтүү милдети бүт бойдон орус аскерлерине жүктөлдү. Өз кезегинде муну НАТО сынга алды. Батыштагылар абхаздар менен түштүк осетиндерди баштагыдай эле Грузиянын составдуу бөлүгү деп эсептейт.

Евросоюздун Түштүк Кавказдагы атайын өкүлү Питер Семнеби орустардын "бул кадамы алты пункттан турган пландагы милдеттенмелердин, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн аңытынан алганда өтө проблемалуу болорун, аймактагы жаңжалды жөнгө салуу жагынан бардык аракеттерди татаалдаштыра турганын" белгиледи.

Ушул аптада Прагада Еврошаркет экс-советтик алты өлкө менен жыйын өткөргөнү жатат. Орус министри Лавров "Чыгыштагы өнөктөштүк" саммитин сынга алып, мындан Россиянын коңшуларын ага каршы коюу аракетине тогорду.

Акырында Грузияда шейшемби күнү тандалма аскер бөлүктөрүнүн биринде козголоң чыгып, Тбилиси аны Москва уюштурду деп ырастады. Президент Саакашвилинин бул билдирүүсүн орус армиясынын башкы штабындагылар "алжыган адамдын кебине" салыштырышты.

Элчи Рогозин болсо: "Соңку кездери Саакашвили өз сөзүнө да, аракетине да дегеле жооп бере албай калды, канчалык жаман болсо, анын жеке өзүнө ошончолук жакшы, ал Россия менен НАТОну араздаштырганга,Түштүк Кавказды такай будуң-чаңга салып турганга кызыкдар, антпесе чыңдалып келаткан оппозициянын кысымынан аман чыга албайт",- деп билдирди.

Акыркы эки аптадагы какаарлуу ушул жана башка окуялардын баары НАТО менен Россиянын былтыр августтан бери "сенейип" калган мамилелери жаңыдан эле жылымтыктай баштаган маалда болуп отурат. Майдын этегинде Хабаровскиде Россия-Евросоюз саммити болмок, андан Москва айныйбы-жокпу,азырынча белгисиз.

Россиянын өзүндө кээ бир байкоочулар мунун баарына, айрыкча дипломаттар жаңжалына орустардын башкаруучу элитасындагы ички араздын жыйынтыгы кыяпта карашат. "The Moscow Times" гезитинде Карнеги борборунун аналитиги Алексей Малашенко айрым иштерге Батыш менен, өзгөчө АКШ менен мамилелерди "оңдоп түзгөнгө" каршы болгон Кремлдеги күчтөр кол кабыш кылган болушу да мүмкүн деп жоромолдоду.

Европадагы саясий изилдөөлөр борборунун Лондондогу эксперти Эндрю Вилсон соңку эки аптадагы жаңжалдардан,көтөрүңкү апаздагы кайым айтышуулардан Россия менен Батыштын таасир көрсөтүү чөйрөлөрү үчүн күрөшүн көрдү. Ошол эле учурда булардын баарына карабай Москва менен НАТОнун, Москва менен Батыштын өз ара алакаларын жакшыртуу мүдөөсү түпкүлүгүндө өзгөрүүсүз каларына бекем ишенет.

"Бармак дале "оңдоп түзүү" басмагында турат. Бу жерде саналган проблемалардын бири да,менимче,оң башталыштарды артка жандырып жибере албайт",-дейт Вилсон.

XS
SM
MD
LG