Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

НАТО тар жол, тайгак кечүү алдында турабы?


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Лиссабондогу саммит Орусия менен алаканын жаңы барагын ачат деп үмүттөнүүдө.
НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Лиссабондогу саммит Орусия менен алаканын жаңы барагын ачат деп үмүттөнүүдө.

НАТО ушул аптадагы саммитте 21 - кылымдагы коопсуздук үчүн өзүнүн жаңы концепциясын жарыялоого даярдык көрүүдө. Бирок Европа өзү ич ара бөлүнүп тургандыгын эске алганда, ал концепциянын азыркы турмуш чындыгына канчалык дал келери боюнча күмөн саноолор жок эмес. Айрымдар НАТОнун алдыдагы башкы көйгөйү катары Европада коопсуздуктун жаңы архитектурасын курууга чакырып келе жаткан Орусия менен мунаса табуу маселесин аташат.

НАТОнун акыркы он жылдагы жаңы стратегиялык концепциясы альянсты чыңдоону максат кылып, кибер дүйнөдөгү чабуулдан коргонуу, ракетадан коргонуу боюнча жаңы калканч түзүү өңдүү иштерге артыкчылык берет. Бул өзгөрүүлөр НАТОнун Лиссабондо, ушул апта соңунда өтүүчү саммитинде жарыяланганs жатат.

Алаканын оңоло баштоосу

Бирок НАТОнун башкы көйгөйү - ал Орусия менен кандай мунасага барары жөнүндө эч нерсе айтыла элек. Эки тараптын 2008-жылкы орус-грузин согушунан кийин бузулган мамилеси акырындык менен оңолуп келе жаткандай. Альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен ушул айдын башында Москвада болгон кезинде орус президенти Дмитрий Медведевдин алдыдагы саммитке катышуу чечимин кубаттап, муну кызматташтык жана диалогду кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары мүнөздөдү:

- Менимче? Лиссабондогу саммит Орусия менен НАТО ортосундагы мамилелердин жаңы башталышы болот.

Европадагы ажырым

Анткен менен айрымдар НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнүн бүткүл баары эле бир нерсени көздөбөгөндүгүн белгилөө менен алдыдагы саммитте НАТО Орусия менен макулдашууларга жетише алуусунан күмөн санашууда.


Медведев менен Расмуссен жакында Москвада жолугушту.
Алсак НАТОнун Эстония сындуу жаңы мүчөлөрү Орусия, Франция жана Германия сындуу өлкөлөр менен алакасын өрчүтүү аркылуу Батыштын биримдигине шек келтирүүдө деп эсептешет. Аларда НАТОнун эски мүчөлөрү Москва менен экономика, энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыктын пайдасы үчүн Европанын демократия өңдүү жалпы баалуулуктарына көз жумуп салат деген чоочулоо бар. Орусияны сындагандар ошондой эле Европадагы коопсуздуктун жаңы түзүлүшү боюнча Москва сунуш кылган долбоорду мисалга тартышат. Бул топтогулардын ишениминде, ал сунуштар НАТО сыяктуу структуралардын өмүр сүрүшүнө шек келтирүү менен Москванын эл аралык майдандагы турумун чыңдоону максат кылат.

Москванын долбоору

Москва өз долбоорунда АКШ, Евробиримдик жана Орусиянын “Европа цивилизациясынын үч канаты” деп атап, эл аралык коопсуздукту кармоодо биринчи жоопкерчиликти БУУнун Коопсуздук кеңеши алуусу керектигин белгилейт. Орусия Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун эксперти Виктор Кременюктун көз карашында, президент Медведевдин сунушу Орусияны НАТОго жакындатуучу диалогду колдоого багытталган. Талдоочунун айтымында, мамилени жакшыртуунун эң туура жолу жалпы милдеттерди көбөйтүү, ага Иран, Оооганстан, ракетадан коргонуу маселелери да камтылуусу керек:

-Ушундан кийин улам башка нерселер чыгышы мүмкүн. Ошондо Орусия менен НАТО чын эле өнөктөштөр катары аракеттене баштайт. Бирок бул үчүн алардын сөссүз эле альянс катары мамиле куруусу талап кылынбайт.

Бирок башкалар Орусиянын сунушун реалдуу эмес деп эсептешет. Тышкы саясат боюнча көз карандысыз эксперт Андрей Пионтковскинин пикиринде, Москва долбоорунун максаты мурдагы эски совет аймагын өз көзөмөлүнө алуу. Бирок Пионтковскинин айтымында, Орусия НАТОдогу биримдик үчүн жападан - жалгыз эле көйгөй эмес. Вашингтон альянстын башка мүчөлөрүн орус президентин Лиссабондогу саммитке чакырууга президент Барак Обама Ооганстан, Иран жана башка маселелерде Орусиянын колдоосуна абдан муктаж болгондугу үчүн үндөдү:
Андрей Пионтковски

- Бул кызматташтыктын сыйы катары Обама жана НАТО Москванын Европа копсуздугунун жаңы архитектурасы деген бышпаган документи боюнча маңызсыз сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр.

Талдоочу Пионтковски “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Вашингтондун Орусия менен кызматташтыкка артыкчылык берүү жөнүндөгү чечими НАТОнун өз мүчөлөрүнүн жамааттык кызыкчылыгы үчүн аракеттенүү жөндөмүн жокко чыгарууга салым кошууда.



Коопсуздуктун үчилтиги

Бул аралыкта Европанын болочок коопсуздугун камсыз кылуунун механизмдери боюнча жаңы сунуштар да чыгып жатат. Маселен Тышкы иштер боюнча Европа кеңеши жакында коопсуздуктун үчилтигинин бейформал форумун сунуш кылды. Бул уюмдун пикиринде, аталган үчилтикке Евробиримдик, Орусия, Түркия кирүүсү керек. Европа кеңешинин эксперттеринин бири Эндрю Уилсондун айтымында, посткоммунисттик дүйнө Батыштын баалуулуктарынын айланасына жапырт биригери жөнүндө 90-жылдары пайда болгон ишеним акталбай калды:

- Европада бир нече долбоор буга чейин эле болгон. Бирок биз көп уюлдуу Европанын таасир көргөзүү аймактары ичиндеги атаандаштыкты токтотуу үчүн стол үстүндө үч же төрт долбоор болушу керек деп ойлойбуз, анын так форматы мааниге ээ эмес. Бирок коопсуздуктун төртүнчү бурчу катары Америка да камтылган диалог жакшы башталыш болот.

Орусия Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун эксперти Виктор Кременюктун көз карашында, коопсуздуктун Тышкы иштер боюнча Европа кеңеши сунуш кылып жаткан үчилтик долбоору ылайыксыз. Анткени ал Түркиянын макамын жогорулатат же Орусиянын маанисин басаңдатат. Ал эми москвалык көз карандысыз талдоочу Андрей Пионтковски Европа кеңешинин сунушун Орусиянын Европадагы коопсуздуктун жаңы архитектурасы боюнча долбоорун четке кагуунун акылдуу жолу катары мүнөздөдү.

Жаңы тенденциялар

Айтор НАТОнун келечеги боюнча талкуулар уланып жаткан шартта алдыдагы саммит НАТО менен Орусиянын мамилесин чын эле оңдоп, жаңы нукка бурган саммит болоруна ишенген талдоочулар мунун белгиси катары жакында Орусия Ооганстандагы тик учак менен камсыздоого макул болгону өңдүү фактыларды мисалга тартышат.

Ал эми башкалар Британия менен Франциянын аскерий чөйрөдө кызматташтыкты чыңдоо боюнча жакындагы макулдашуусун Европанын өз ичинде НАТОго таянуудан четтөө тенденциясынын белгиси катары сыпатташып, мындай көрүнүш АКШнын Европа коопсуздугуна кызыкчылыгы төмөндөп жаткан шартта орун алып олтурганын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG