Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

Орусия: Кирешесинен чыгашасы арбын нанотехнология


2007-жылы июлда Орусияда «Роснанотех» мамлекеттик корпорациясы уюшулган. Ошондо ага федералдык бюджеттен 130 миллиард рубль каражат бөлүнгөн. Өткөн жылы 22-сентябрда корпорациянын жетекчилигине Анатолий Чубайс дайындалган.

«Нано» деген сөз байыркы гректер тилинде «эргежээл» дегенди билдирет. Бул тармак эң майда заттарды жасоо багытында иш алып барат. Мисалы, көзгө илинбеген аппаратты жасайт. Ал аппарат кан тамырдын ичи менен өзү жүрүп, кайсы жерде тосулуу өткөөл болсо, аны ээрите турган дары куюп жол ачат.

АКШда бул тармак кыйла өнүккөн. Кошмо Штаттар Улуттук саламаттыкты сактоо институту (NIH) нанотехнологиянын жардамы менен 2010-жылы дары-дармектин жарымын жасары айтылууда. Адистердин баамында, медицинадан тышкары нанотехнология эми электроника, биотехнология, фармацевтика, энергетика, улуттук коопсуздук тармактары боюнча өнүгөт.

Курчатов институтунун жетекчиси Михаил Ковалчуктун айтымында, Орусиянын алдында турган негизги маселелердин бири - отун кубатын арттыруу.

Советтер Союзу кыйрагандан кийин илимий иштер үзгүлтүккө учурады, кийинки 20 жылда 1000 окумуштуунун 900ү чет өлкөлөргө чыгып кетишкен.

2008-жылы «Роснанотехтин» жетекчиси болуп, 90-жылдары Орусиядагы менчиктештирүүнүн өкүл атасы аталган Анатолий Чубайс дайындалган. Тармакты жандандыруу максатында мамлекет 5 жарым миллиард доллар каражат да бөлгөн. Кремлдин либералдык көз-караштагы ишкер Чубайсты бул кызматка дайындоосун серепчилер нанотехнологиянын базардык экономика жолунда өнүгүшүнө жол ачышы деп баалашкан.

Мамдумада болсо жеринен либералдарга оппонент эки партия мүчөлөрү ага ар башка баа беришкен. Коммунисттик партиядан шайланган депутат Сергей Собко мындай деген:

- Антолий Борисович, мен жалгыз эле биздин фракциянын атынан эмес, жамы орус калкынын атынан суранам, кетиңиз, Орусиянын өнүгүшүнө жолтоо болбоңуз!

Андан соң сөз алган ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский мындайча Чубайска болушкан:

- Бул кишиде бир касиет бар. Ошон үчүн, кайра кетпеңиз деп айтуу туурадыр? Министрлердин дал ушундай болушу керектир?

Жакында Чубайс «Роснанотех» корпорациясына келишиндеги башкы максат - корпорацияны өзүн-өзү каражат менен камсыз кылгыдай абалга, ар жылына 40 триллион рублге чейин киреше табууга жеткирүү деп айткан.
XS
SM
MD
LG